Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ДЕНЕ ТАРБИЯ ЖАНА СПОРТ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2026-жылдын 12-февралы № 01-13-24
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине киргизилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Спорт агенттиги) тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтомунун негизинде, буйрук кылам:
1. Спорт агенттигинин түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык органдары жана анын ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тиркелген стандарттары 1, 2, 3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Спорт агенттигинин түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык органдары жана анын ведомстволук мекемелери:
- ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын жетекчиликке алышсын жана сакташсын;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарын веб-сайттарга жана маалыматтык такталарга жайгаштырышсын.
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарынын сакталышын контролдоо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июну № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ведомстволук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жоопкерчилиги жүктөлгөн Спорт агенттиги тарабынан жүзөгө ашырылары белгиленсин.
4. Коомчулук менен байланыш сектору ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын Спорт агенттигинин социалдык тармактарындагы расмий баракчаларына жарыяланышын камсыз кылсын.
5. Региондордо дене тарбияны, инфраструктураны жана массалык спортту өнүктүрүү башкармалыгы:
- каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” газетасына жарыяласын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана санариптик алып жүрүүчүдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине эки нускада жөнөтсүн;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
6. Документтер менен камсыз кылуу жана аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмү ушул буйрукту түзүмдүк бөлүмдөргө, аймактык органдаргажана ведомстволук мекемелерге маалыматты жеткирсин.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары У.О. Кыдырбаевге жүктөлсүн.
8. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор |
| К.И. Молдажиев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрине киргизилген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн
СТАНДАРТТАРЫ
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту |
| ||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Балдарды жана жаштарды спорттун түрлөрү боюнча машыктыруу - Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 1-главасынын 100-пункту |
| ||||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары - дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелер |
| ||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жактар - балдар, өспүрүмдөр, майыптыгы бар адамдар, 35 жашка чейинки жаштар, анын ичинде инклюзивдик секцияларда машыккандар |
| ||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы, IV Глава, 46-берене; “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 776 “Кыргыз Республикасынын спорттук мекемелеринин типтүү жобосун жана типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө” токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө» токтому; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июну № 304 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө” токтому |
| ||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Спорттук разрядды/наамды алуу; спорттун белгилүү бир түрү боюнча жөндөмдөрдү өздөштүрүү |
| ||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү келүүчүлөргө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат: - санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген спорттук объектилер болгондо; - спорттук жабдуулар жана шаймандар болгондо; - квалификациялуу машыктыруучу-окутуучулар болгондо; - жарандардын, анын ичинде майыптыгы бар адамдардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканалар, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүүсү үчүн шарттар (пандустар, кармагычтар) болгондо; - жандуу кезек принциби боюнча. Уюмдарда күтүү үчүн орундар, дааратканалар (аймактарда борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүн болбогон учурда - тышкы дааратканалар), жылытуу, суу түтүгү, телефон каралган. Жарандардын жеңилдетилген категориялары - майыптыгы бар адамдар, ошондой эле жашы жете электер эгерде аларды улгайган жарандар коштоп жүрсө, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, оорук эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, кош бойлуу аялдар, кезексиз тейленишет |
| ||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуунун жана арызды тариздөөнүн чектүү убактысы - 30 мүнөт; мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин маалыматтык такталарында жайылтылуучу спорттун түрлөрү боюнча жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылат. Инклюзивдик секцияларга кабыл алуу тайпаларды топтоонун бекитилген графигине ылайык жүргүзүлөт |
| ||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жоопту мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемеден; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелерге жеке кайрылган учурда; - коомдук кабыл алуу бөлмөлөрү аркылуу; - жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу; - маалыматтык такталардан, брошюралардан; - санарип кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынан; - оозеки формада (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышканда). Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат берүүнүн алкагында керектөөчүлөрдүн көңүлүнө төмөнкү маалыматтар жеткирилет: - кызмат көрсөтүүнү алуунун шарттары жана жол-жоболору жөнүндө; - мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартынын бар экендиги жана ал менен таанышуу ыкмалары жөнүндө; - инклюзивдик секциялардын (биргелешкен машыгуулардын) бар экендиги жана ассистенттердин колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат; - бланктарды толтуруу тартиби жөнүндө (үлгүлөр) - жазуу жүзүндөгү формада; - санариптик түрдө төмөнкү дарек боюнча: goskomsport05@mail.ru. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат берүү кайрылган ар бир жакка акысыз негизде кепилденет. Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалымат берүү төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат: - телефондук байланыш жана жеке кайрылуу; - маалыматтык такталар, буклеттер, брошюралар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты; - коомдук кабыл алуу бөлмөлөрү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелер; - жалпыга маалымдоо каражаттары. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин даректери, телефон номерлери мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын такталарында жана расмий сайтында жайгаштырылат | |||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы кызмат көрсөтүүчү дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү бардык мекемелерде, кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалыматтык тактачалар болушу керек. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызматы көрсөтүлгөн персоналдаштырылган тактачалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак көңүл, коррективдүү, сабырдуу, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди таразалоо жана жүйөлөштүрүү. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөөчү, жарандарга карата этикалуулукту, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдер сакталат. Майыптыгы бар адамдарга, улгайган жарандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, оорук эмгекчилерине жана аларга теңештирилген адамдарга, кош бойлуу аялдарга, жашы жете электерди коштоп жүргөн адамдарга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүзөгө ашырылат | |||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызматты алуу учурундагы жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылбайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 “Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине” ылайык берилиши мүмкүн | |||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | - Эркин формадагы арыз; - белгиленген формадагы 086/у медициналык маалымкаты (майыптуулук тууралуу маалымкат - майыптыгы бар адамдар үчүн); - жашы жете электер үчүн ата-энесинин эркин формадагы жазуу жүзүндөгү уруксаты; - 3х4 өлчөмүндөгү сүрөттөр (4 даана); - кызмат көрсөтүүчү кызматты көрсөтүү максатында “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте алууга укуктуу | |||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Кызмат акысыз көрсөтүлөт | |||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында жарыяланган кызмат көрсөтүү шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүгү жана өз убагында болушу; - жынысы, расасы, тили, этникалык таандыктыгы, тутунуусу, саясий жана башка ишенимдери, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча дискриминацияга жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызматты алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандарт менен белгиленген талаптарга шайкештиги; - имаратка кирүү, коммуналдык-тиричилик шарттарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана санарип түрдө) болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин корректүүлүгү жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүү процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүү; - жарандардын арыз-даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болушу; - спорттук нормативдердин/натыйжалардын аткарылышы | |||||
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат, кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелерге жеке кайрылган учурда көрсөтүлөт. Кызмат санариптик түрдө жарым-жартылай көрсөтүлөт, арыз берүү этабында керектөөчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтында арыздын санариптик түрүн толтура алышат | |||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 3 жана 12-пункттарына шайкеш келбегенде жана сакталбаганда; - спорттук тайпаларын толуп калышында | |||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаштуу маселелер келип чыккан учурда, арыз ээси белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат тийиштүү эмес деңгээлде көрсөтүлгөн учурда, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеменин жетекчилигине же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине оозеки же жазуу түрүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу түрүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, арыз ээсинин колу жана датасы камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана карап чыгуу үчүн жетекчиликке жөнөтөт. Даттанууларды жана доолорду карап чыгуу уюмдун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу түрүндөгү кайрылууну карап чыгуу жана арыз ээсине жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Кызмат көрсөтүү боюнча талаштуу маселелер келип чыккан учурда, арыз ээси жетекчиге кайрылууга укуктуу, кабыл алынган чечимге даттануучу канааттанбаган учурда, арыз ээси чечим үстүнөн соттук тартипте даттанууга укуктуу | |||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз кайра каралып жана оңдолуп турууга тийиш | |||||
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Дене тарбия жана спорт боюнча секцияларда чоң кишилер үчүн сабактарды өткөрүү - Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнү бирдиктүү реестринин 1-главасынын 101-пункту | |||||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары - дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелер | |||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Спорттун ар кандай түрлөрү жана жалпы дене тарбия даярдыгы менен машыгууга кызыгы болгон жеке жактар (35 жаштан жогору курактагы чоңдор), анын ичинде майыптыгы бар адамдар. Өз кызматкерлеринин дене тарбия жана спорт менен алектенүүсүнө кызыкдар болгон юридикалык жактар | |||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы, IV Глава, 46-берене; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 19-берене; Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы, 5, 7, 13, 14, 20, 27, жана 30-статьялары; Кыргыз Республикасынын “Спорттун улуттук түрлөрү жөнүндө” Мыйзамы, 2, 6, 8, 9 жана 10 статьялары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому. Монополияга каршы прейскурант жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маселелери жөнүндө” токтому | |||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчү: - өз алдынча машыгууларды уюштурат, дене тарбия көнүгүүлөрүн аткаруунун түрлөрүн, методдорун жана ыкмаларын тандайт; - өзүнүн өнүгүүсүн башкарат жана дене тарбия жана спорт менен машыгууну кармап турат; - дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү өздөштүрөт; - өзүнүн бош убактысын активдүү жана пайдалуу өткөрөт | |||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү белгиленген санитардык -эпидемиологиялык эрежелерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген жайда жүзөгө ашырылат. Жайлар суу түтүгү, жылытуу, телефондук байланыш менен жабдылган, дааратканалар (аймактарда борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда - сырттагы дааратканалар) каралган. Жарандардын имаратка жана санитардык -гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунчу бөлмөлөргө, себелетүүчү бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыз кылынган. Таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кирүүсүн камсыз кылуу үчүн имараттар жана жайлар пандустар, кармагычтар менен жабдылган. Кызмат көрсөтүүчү мекемелер: - зарыл болгон жабдуулар жана спорттук инвентарлар, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү каражаттары менен жабдылган спорттук залга, спорттук аянтчага же стадионго ээ; - белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген спорттун ар кандай түрлөрү боюнча адистер, машыктыруучулар, инструкторлор менен камсыздалган. - Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлгөн жерде аны алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси, ошондой эле арыздын үлгүлөрү жайгаштырылган | |||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алууга жана арызды тариздөөгө кеткен чектүү убакыт – 30 мүнөт. Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы керектөөчүнүн өзү тандаган программасына, ошондой эле аны менен макулдашууга жараша болот. Дене тарбия жана спорт менен машыгуулар төмөнкүдөй болушу мүмкүн: - бир жолку; - айдын ичинде (бир айдын ичинде көп жолу келүү үчүн абонемент берилет); - жылдын ичинде (бир жылдын ичинде көп жолу келүү үчүн абонемент берилет). Абонементтер кызмат көрсөтүүчү мекемелердин иштөө режимин эсепке алуу менен берилет | |||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жоопту мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү тийиштүү мекемеден; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан; - жазуу жүзүндө; - санарип түрүндө: goskomsport05@mail.ru дареги боюнча; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу ведомстволук мекемелеринин маалыматтык такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн порталынан; - оозеки формада (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышканда). Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучулардын көңүлүнө төмөнкү маалыматтар жеткирилет: - кызматты алуунун шарттары жана процедуралары жөнүндө; - мамлекеттик кызматтын стандартынын бар экендиги жана аны менен таанышуунун ыкмалары жөнүндө; - инклюзивдик секциялардын бар экендиги жана ассистенттердин колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат; - бланктарды толтуруунун тартиби жөнүндө (үлгүлөрү); - акы төлөөнүн тартиби жөнүндө (накталай, которуу жолу менен). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү)
| Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты таркатуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн порталында; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин коомдук кабыл алуу бөлмөлөрү. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин даректери, телефон номерлери мамлекеттик кызматтын стандарты менен бирге маалыматтык такталарда жана мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат | |||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган, кызмат көрсөтүп жаткан дене тарбия жана спорт тармагындагы бардык мекемелерде кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалыматтык такталар болушу керек. Калк менен иштеген бардык кызматкерлер фамилиясын, атын, атасынын атын жана ээлеген кызмат ордун көрсөткөн жекече такталарга (бейдждерге) ээ болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында турган дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлери төмөнкү негизги этикалык принциптерди сакташат: - сылык, ак көңүл, сыпайы болуу; - сабырдуу жана принципиалдуу болуу, маселенин маңызына терең үңүлүүгө умтулуу, маектешти кунт коюп угуп, анын позициясын түшүнө билүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди таразалап, негиздеп берүү. Бардык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна жол бербеген, жарандарга карата этикалуулукту, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылган, кызыкчылыктардын кагылышын четтеткен кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык нормаларды сакташат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы бар адамдарга, майыптыгы бар адамдарга, улгайган жарандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, ооруктун эмгекчилерине жана аларга теңештирилген адамдарга, кош бойлуу аялдарга, жашы жете электерди коштоп жүргөн адамдарга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүзөгө ашырылат | |||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызматты алуу учурундагы жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылбайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат тиешелүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча, Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 178 «Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине» ылайык берилиши мүмкүн | |||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү бериши зарыл: эркин формада түзүлгөн арыз; - 3x4 өлчөмүндөгү сүрөттөр (4 даана) (бир айга же бир жылга абонемент алууда берилет); - кызмат көрсөтүү жөнүндө кол коюлган келишим (эгерде тарап катары юридикалык жак чыкса); - мамлекеттик кызматтын баасын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция; - ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкат (белгиленген формадагы), (майыптуулук тууралуу маалымкат - майыптыгы бар адамдар үчүн); - кызмат көрсөтүүчү кызматты көрсөтүү максатында белгиленген тартипте «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу. Келишимге кол койгондон кийин, керектөөчүлөр төлөмдү жүргүзүшү керек. Төлөм Кыргыз Республикасынын каалаган банктык мекемесинде, пост-терминалдарда, банкоматтарда жана башкаларда накталай эмес эсептешүү боюнча жүргүзүлөт | |||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат төмөнкүлөргө ылайык акы төлөө негизинде көрсөтүлөт: - Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамына; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна. Баалардын прейскуранты амонополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызматтын баасы маалыматтык такталарда жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында чагылдырылат | |||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - колдонуучу үчүн актуалдуулугу; - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында жарыяланган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында болуу; - жынысы, расасы, тили, этникалык таандыгы, тутунган дини, саясий жана башка ишенимдери, билими, келип чыгышы, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча дискриминацияга жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандарт менен белгиленген талаптарга шайкештиги: имаратка кирүү, коммуналдык-тиричилик шарттардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана санариптик форматтарда); - мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл процедурасынын жүрүшүндө консультация берүү; - жарандардын арыз-даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу; - кызматты керектөөчүлөр тарабынан спорттук нормативдердин/жыйынтыктардын аткарылышы | |||||
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат, кызмат көрсөтүүчү мекемеге жеке кайрылган учурда көрсөтүлөт. Кызмат санарип форматта жарым-жартылай көрсөтүлөт, арыз берүү этабында керектөөчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтында арыздын санарип формасын толтура алышат | |||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн: - ушул стандарттын 3 жана 12-пункттарына шайкеш келбегенде жана сакталбаганда; - спорттук тайпалардын толуп калышында | |||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаштуу маселелер келип чыккан учурда, арыз ээси белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат тийиштүү эмес деңгээлде көрсөтүлгөн учурда, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеменин жетекчилигине же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине оозеки же жазуу түрүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу түрүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, арыз ээсинин колу жана датасы камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана карап чыгуу үчүн жетекчиликке жөнөтөт. Даттанууларды жана доолорду карап чыгуу уюмдун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу түрүндөгү кайрылууну карап чыгуу жана арыз ээсине жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Кызмат көрсөтүү боюнча талаштуу маселелер келип чыккан учурда, арыз ээси жетекчиге кайрылууга укуктуу, кабыл алынган чечимге даттануучу канааттанбаган учурда, арыз ээси чечим үстүнөн соттук тартипте даттанууга укуктуу | |||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз кайра каралып жана оңдолуп турууга тийиш | |||||
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Ден соолукту чыңдоо жана спорттук максаттарда сууда сүзүү боюнча бассейндердин кызматтарын көрсөтүү - Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнү бирдиктүү реестринин 1-главасынын 102-пункту | |||||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелер | |||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок жактар, анын ичинде майыптыгы бар адамдар. Өз кызматкерлеринин дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна кызыктыгы болгон юридикалык жактар | |||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы, IV Глава, 46-берене; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 19-берене; Кыргыз Республикасынын "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы, 1, 5, 7, 20, 27, 30, 34-беренелери; Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө" Мыйзамы, 4-берене; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтому. Баалардын прейскуранты монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо, 9-пунктунун 1-пунктчасы, 10-пунктунун 1, 4, 5-пунктчалары | |||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Бассейнде бир жолку жана абоненттик тейлөө | |||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Кызмат көрсөтүү белгиленген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берген жайда жүзөгө ашырылат. Жайлар суу түтүгү, жылытуу, телефондук байланыш менен жабдылган, дааратканалар (аймактарда борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулуу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда — сырттагы дааратканалар) бар. Жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунчу бөлмөлөргө, себелетүүчү бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыз кылынган. Таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кирүүсүн камсыз кылуу үчүн имараттар жана жайлар пандустар, кармагычтар менен жабдылган. Кызмат көрсөтүүчү мекемелер: зарыл болгон жабдуулар жана спорттук инвентарлар, ошондой эле куткаруучу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү каражаттары менен жабдылган сүзүү бассейнине ээ; белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген адистер, машыктыруучулар, инструкторлор, куткаруучулар менен камсыздалган. Келүүчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлгөн жерде аны алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси, ошондой эле арыздын үлгүлөрү жайгаштырылган | |||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Документтерди кабыл алуунун жана арызды тариздөөнүн чектүү убактысы - 30 мүнөт; Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жалпы мөөнөтү - 1 сааттан (бир жолку абонемент) 1 жылга чейин (айлык жана жылдык абонемент) | |||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жоопту мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү тийиштүү мекемеден; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан; - жазуу жүзүндөгү формада; - санариптик түрдө goskomsport05@mail.ru дареги боюнча; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук караштуу мекемелеринин маалыматтык такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн порталынан; - оозеки формада (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышканда). Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучулардын көңүлүнө төмөнкү маалыматтар жеткирилет: - кызматты алуунун шарттары жана процедуралары жөнүндө; - Инклюзивдик секциялардын бар экендиги жана ассистенттердин колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат; - мамлекеттик кызматтын стандартынын бар экендиги жана аны менен таанышуунун ыкмалары жөнүндө; - бланктарды толтуруунун тартиби жөнүндө (үлгүлөрү); - акы төлөөнүн тартиби жөнүндө (накталай, которуу жолу менен). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты таркатуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн порталында; маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин коомдук кабыл алуу бөлмөлөрү. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин даректери, телефон номерлери мамлекеттик кызматтын стандарты менен бирге маалыматтык такталарда жана мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат | |||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы кызмат көрсөтүүчү дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү бардык мекемелерде, кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалыматтык тактачалар болушу керек. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызматы көрсөтүлгөн персоналдаштырылган тактачалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат:сылык, ак ниет, сыпайы болуу;чыдамкай, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди таразалоо жана жүйөлөштүрүү. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөөчү, жарандарга карата этикалуулукту, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдер сакталат. Майыптыгы бар адамдарга, улгайган жарандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, оорук эмгекчилерине жана аларга теңештирилген адамдарга, кош бойлуу аялдарга, жашы жете электерди коштоп жүргөн адамдарга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүзөгө ашырылат | |||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызматты алуу учурундагы жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылбайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат, жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эсепке алуу менен тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн | |||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү бериши зарыл: - эркин формада түзүлгөн арыз; - кызмат көрсөтүүчү кызматты көрсөтүү максатында белгиленген тартипте “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу; - 3x4 өлчөмүндөгү сүрөттөр (4 даана) (бир айга же бир жылга абонемент алууда берилет); - кызмат көрсөтүү жөнүндө кол коюлган келишим (эгерде тарап катары юридикалык жак чыкса); - мамлекеттик кызматтын баасын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция; - ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкат (белгиленген формадагы). Жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, кызматты керектөөчүлөрдүн жанында төмөнкүлөр болушу керек: - сууда сүзүү үчүн баш кийим; - сууда сүзүүчү кийим ; - жеңил тапочкалар; - сүлгү; - көз айнек (сүзүү үчүн) | |||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү төмөнкүлөргө ылайык акы төлөө негизинде көрсөтүлөт: “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна. Баалардын прейскуранты амонополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызматтын баасы маалыматтык такталарда жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында чагылдырылат. Төлөм накталай эмес формада кабыл алынат | |||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында жарыяланган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыгы, тутунган дини, курагы, саясий жана башка ишенимдери, билими, келип чыгышы, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча дискриминацияга жол бербөө; - жеткиликтүүлүк жана жарандардан кызмат алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандарт менен белгиленген талаптарга шайкештиги — имаратка кирүү, коммуналдык-тиричилик шарттардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун басма жана санариптик форматтарда болушу жана жеткиликтүүлүгү; - мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл процедурасынын жүрүшүндө кеңеш берүү; - акыркы натыйжанын арыз ээсинин күтүүсүнө шайкештиги; - жарандардын арыз-даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу | |||||
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат, кызмат көрсөтүүчү мекемеге жеке кайрылган учурда көрсөтүлөт. Кызмат санарип форматта арыз берүү этабында жарым-жартылай көрсөтүлөт (керектөөчүлөр арызды санариптик түрдө толтура алышат), санарип форматтагы арызды кароо мөөнөтү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтында 1 күн | |||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбегенде; - келишимдин шарттары бузулганда; - бассейндин жана тайпалардын толуп калышында; - абонементтин мөөнөтү аяктаганда; - керектөөчү тарабынан мекеменин ички тартип эрежелери бузулганда | |||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаштуу маселелер келип чыккан учурда, арыз ээси белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат тийиштүү эмес деңгээлде көрсөтүлгөн учурда, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеменин жетекчилигине же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине оозеки же жазуу түрүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу түрүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, арыз ээсинин колу жана датасы камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана карап чыгуу үчүн жетекчиликке жөнөтөт. Даттанууларды жана доолорду карап чыгуу уюмдун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу түрүндөгү кайрылууну карап чыгуу жана арыз ээсине жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Кызмат көрсөтүү боюнча талаштуу маселелер келип чыккан учурда, арыз ээси жетекчиге кайрылууга укуктуу, кабыл алынган чечимге даттануучу канааттанбаган учурда, арыз ээси чечим үстүнөн соттук тартипте даттанууга укуктуу | |||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз кайра каралып жана оңдолуп турууга тийиш | |||||
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | |||||||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Залдарды жана жайларды, ошондой эле дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин жабдууларын, инвентарларын берүү - Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнү бирдиктүү реестринин 1-главасынын 111-пункту | |||||
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги (мындан ары - дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелер | |||||
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Жеке жана юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок жактар, ошондой эле чет өлкөлүк катышуусу бар юридикалык жактар, анын ичинде майыптыгы бар адамдар | |||||
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи | Кыргыз Республикасынын Конституциясы, IV Глава, 46-берене; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 19-берене; Кыргыз Республикасынын "Дене тарбия жана спорт жөнүндө" Мыйзамы, 1, 5, 7, 20, 27, 30, 34-беренелери; Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө" Мыйзамы, 4-берене; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө" токтому. Баалардын прейскуранты амонополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 210 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жөнүндө Жобо, 9-пунктунун 1-пунктчасы, 10-пунктунун 1, 4, 5-пунктчалары | |||||
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы | Ар кандай спорттук иш-чараларды, окуу-машыгуу жыйындарын, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, тегерек столдорду, семинарларды уюштуруу, өткөрүү жана спорттук инфраструктураны берүү | |||||
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты | Керектөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар: - белгиленген санитардык нормаларга жооп берген жайларда; - жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (дааратканаларга, жуунчу бөлмөлөргө) тоскоолдуксуз кирүүсү болгондо, анын ичинде майыптыгы бар жактар үчүн, пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, жайлар); - спорттук зал, спорттук инвентарлар жана окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү үчүн жабдуулар болгондо; Жарандардын жеңилдетилген категориялары, кош бойлуу аялдар кезексиз тейленишет. Жайлар күтүү үчүн орундарга, дааратканаларга (борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга кошулган), жылытууга, суу түтүгүнө, телефонго ээ. Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн кызмат көрсөтүлгөн жерде кызматты сатып алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат | |||||
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Келишимди тариздөө убактысы - 30 мүнөткө чейин. Кызмат көрсөтүүнүн узактыгы келишимдин шарттарына ылайык. Инклюзивдик тайпалар жана майыптыгы бар адамдар үчүн объекттерди берүү бекитилген графикке ылайык жүзөгө ашырылат | |||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымат берүү | |||||||
8 | Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү мамлекеттик (керектүү маалыматтардын тизмеги), стандартташтырууга жоопту мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкүлөрдөн алууга болот: - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү тийиштүү мекемеден; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан; - жазуу жүзүндөгү формада; - санариптик түрдө goskomsport05@mail.ru дареги боюнча; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук караштуу мекемелеринин маалыматтык такталарынан, брошюраларынан, буклеттеринен; - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн порталынан; - оозеки формада (телефон аркылуу же адис менен жеке байланышканда). Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымдоонун алкагында алуучулардын көңүлүнө төмөнкү маалыматтар жеткирилет: - кызматты алуунун шарттары жана процедуралары жөнүндө; - мамлекеттик кызматтын стандартынын бар экендиги жана аны менен таанышуунун ыкмалары жөнүндө; - бланктарды толтуруунун тартиби жөнүндө (үлгүлөрү); - акы төлөөнүн тартиби жөнүндө (накталай, которуу жолу менен). Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет | |||||
9 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап кетүү) | Көрсөтүлүүчү кызмат жөнүндө маалыматты таркатуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат: - жалпыга маалымдоо каражаттары (гезиттер, радио, телекөрсөтүү); - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайты; мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн порталында; - маалыматтык такталар, брошюралар, буклеттер; - жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланыштар; - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин коомдук кабыл алуу бөлмөлөрү Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин даректери, телефон номерлери мамлекеттик кызматтын стандарты менен бирге маалыматтык такталарда жана мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында жайгаштырылат | |||||
Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү | |||||||
10 | Келүүчүлөр менен пикир алмашуу | Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы кызмат көрсөтүүчү дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү бардык мекемелерде, кызмат көрсөтүүгө тартылган кызматкерлердин иш бөлмөлөрүнүн эшиктеринде маалыматтык тактачалар болушу керек. Калк менен иштеген бардык кызматкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызматы көрсөтүлгөн персоналдаштырылган тактачалары (бейдждери) болушу керек. Келүүчүлөр менен баарлашууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекемелердин кызматкерлери этиканын төмөнкү негизги принциптерин сакташат: сылык, ак ниет, сыпайы болуу; чыдамкай, принципиалдуу болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, маектешин уга билүү жана анын позициясын түшүнүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерди таразалоо жана жүйөлөштүрүү. Бардык кызматкерлер тарабынан кызматтык нускамалар (функционалдык милдеттер) жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушуна жол бербөөчү, жарандарга карата этикалуулукту, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылуучу, кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүүчү кесиптик-этикалык ченемдер сакталат. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча өзгөчө муктаждыгы бар адамдарга, майыптыгы бар адамдарга, улгайган жарандарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, ооруктун эмгекчилерине жана аларга теңештирилген адамдарга, кош бойлуу аялдарга, жашы жете электерди коштоп жүргөн адамдарга кызмат көрсөтүү алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүзөгө ашырылат | |||||
11 | Купуялуулукту камсыздоо ыкмалары | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуу учурундагы жарандардын жеке маалыматтары жөнүндө маалымат ачыкка чыгарылбайт жана кызматкерлер тарабынан жеке максаттарда жана үчүнчү жактарга берүү үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. Керектөөчү жана ага көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат жөнүндө маалымат, жеке маалыматтар менен иштөөнү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин эсепке алуу менен тийиштүү мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча берилиши мүмкүн | |||||
12 | Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн иш-аракеттеринин тизмеси | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн керектөөчү төмөнкүлөрдү бериши зарыл: - эркин формада түзүлгөн арыз; - кызмат көрсөтүүчү кызматты көрсөтүү максатында белгиленген тартипте "Түндүк" ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан арыз ээси жөнүндө маалымат алууга укуктуу; - кызмат көрсөтүү жөнүндө кол коюлган келишим (эгерде тарап катары юридикалык жак чыкса); - мамлекеттик кызматтын баасын төлөгөндүгү жөнүндө квитанция; Келишимге кол койгондон кийин, керектөөчүлөр төлөмдү жүргүзүшү керек. Төлөм Кыргыз Республикасынын каалаган банктык мекемесинде, банкоматтарда жана башкаларда накталай эмес эсептешүү боюнча жүргүзүлөт | |||||
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү төмөнкүлөргө ылайык акы төлөө негизинде көрсөтүлөт: - “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна. Баалардын прейскуранты амонополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Кызматтын баасы маалыматтык такталарда жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында жайгаштырылган баалардын прейскурантында чагылдырылат | |||||
14 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат: - көрсөтүлүүчү кызматтын стандартында жарыяланган кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында болуу; - жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыгы, тутунган дини, курагы, саясий жана башка ишенимдери, билими, келип чыгышы, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлар боюнча дискриминацияга жол бербөө; - жеткиликтүүлүк, жарандардан кызмат алуу үчүн стандартта көрсөтүлгөн гана документтерди талап кылуу; - кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга шайкештиги – имаратка кирүү, коммуналдык-тиричилик шарттардын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун болушу жана жеткиликтүүлүгү (басма жана санарип форматтарда); - мамлекеттик кызматты көрсөтүүдө кызматкерлердин сыпайылыгы жана сылыктыгы, кызмат көрсөтүүнүн бүткүл процедурасынын жүрүшүндө консультация берүү; - акыркы натыйжанын (алынуучу кызматтын) арыз ээсинин күтүүсүнө шайкештиги; - жарандардын арыз-даттануулар жана сунуштар китебинин жеткиликтүү жерде болушу | |||||
15 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Кызмат, кызмат көрсөтүүчү мекемеге жеке кайрылган учурда көрсөтүлөт. Кызмат санарип форматта арыз берүү этабында жарым-жартылай көрсөтүлөт (керектөөчүлөр арызды санариптик түрдө толтура алышат) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ведомстволук сайтында | |||||
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | |||||||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылат: - ушул стандарттын 12-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбегенде; - келишимдин шарттары бузулганда; - керектөөчү тарабынан мекеменин ички тартип эрежелери бузулганда | |||||
17 | Даттануу тартиби | Кызмат көрсөтүү боюнча талаштуу маселелер келип чыккан учурда, арыз ээси белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу. Кызмат тийиштүү эмес деңгээлде көрсөтүлгөн учурда, арыз ээси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагындагы дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мекеменин жетекчилигине же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине оозеки же жазуу түрүндөгү даттануу менен кайрылууга укуктуу. Жазуу түрүндөгү даттануу эркин формада берилет жана анда арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган дареги, телефон номери, ошондой эле доонун маңызы, арыз ээсинин колу жана датасы камтылууга тийиш. Ыйгарым укуктуу кызматкер даттанууну 1 жумушчу күндүн ичинде каттайт жана карап чыгуу үчүн жетекчиликке жөнөтөт. Даттанууларды жана доолорду карап чыгуу уюмдун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилиги тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. Жазуу түрүндөгү кайрылууну карап чыгуу жана арыз ээсине жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Кызмат көрсөтүү боюнча талаштуу маселелер келип чыккан учурда, арыз ээси жетекчиге кайрылууга укуктуу, кабыл алынган чечимге даттануучу канааттанбаган учурда, арыз ээси чечим үстүнөн соттук тартипте даттанууга укуктуу | |||||
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандартын кайра кароонун мезгилдүүлүгү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарты 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен үзгүлтүксүз кайра каралып жана оңдолуп турууга тийиш | |||||
|
|
|
|
|
|
|
|