Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-марты № 177
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 191 «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларга байкоо жүргүзүү механизминин Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүн камсыз кылуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өз ара соода үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында, 2022-жылдын 19-апрелиндеги Ташууларды байкоого алуу үчүн навигациялык пломбаларды Евразия экономикалык бирлигинде колдонуу жөнүндө макулдашууга, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2023-жылдын 22-августундагы № 128 «Навигациялык пломбаларды колдонуунун айрым маселелери жөнүндө» чечимине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-апрелиндеги № 191 «Евразия экономикалык бирлигинин алкагында навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларга байкоо жүргүзүү механизминин Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөсүн камсыз кылуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункттун экинчи абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-пункттун үчүнчү абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11–13-пункттар менен толукталсын:
«11. Бажы транзитинин бажы жол-жобосунда жана экспорттун бажы жол-жобосунда Кыргыз Республикасынын аймагында навигациялык пломбаларды коюу же алып салуу жерлери катары бажы контролунун зоналары аныкталсын.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында ЕАЭБдин алкагында өз ара соода жүргүзүүдө навигациялык пломбаны коюу жерлери катары төмөнкүлөр аныкталсын:
1) автомобиль транспорту менен ташууларда – мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттары: Чүй облусунун Панфилов району («Чалдыбар автожолу»), Чүй облусунун Аламүдүн району («Ак-Жол автожолу»), Чүй облусунун Ысык-Ата району («Ак-Тилек автожолу»), Талас облусунун Манас району «(Чоң-Капка автожолу»), Ысык-Көл облусунун Түп району («Каркыра автожолу»);
2) темир жол транспорту менен ташууларда – Бишкек-1, Аламүдүн, Балыкчы, Кара-Балта, Кайыңды, Беловодская, Шопоков, Кант, Токмок темир жол станцияларынын кириш жолдорунда вагондорду жүктөөдө.
13. Кыргыз Республикасынын аймагында ЕАЭБдин алкагында өз ара соода жүргүзүүдө навигациялык пломбаны алып салуу жерлери катары төмөнкүлөр аныкталсын:
1) автомобиль транспорту менен ташууларда – алуучунун аймагы;
2) темир жол транспорту менен ташууларда – Бишкек-1, Аламүдүн, Балыкчы, Кара-Балта, Кайыңды, Беловодская, Шопоков, Кант, Токмок темир жол станцияларынын кириш жолдорунда вагондорду түшүрүүдө.»;
4) 2-пункттагы «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 20-мартындагы № 21 (3781) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |