Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-февралы № 67
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 6-пункттун "в" пунктчасы, 11-пункттун 4-пунктчасы, 4-1-глава күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 429 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо энергиянын кайра жаралуучу булактары өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме) мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (мындан ары - ЭКБ) объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартибин, анын ичинде конкурстук комиссиянын иши, конкурсту даярдоо, өткөрүү жана натыйжаларын тариздөө маселелерин аныктайт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жерлерди ЭКБ объекттерин куруу үчүн убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө", "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинде каралган жер тилкелерин тоорук өткөрбөстөн түз берүүгө жол берилген учурлардан тышкары, ЭКБ объекттерин куруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин мөөнөтсүз пайдалануусунда турган жер тилкелери ушул Жобого ылайык жер тилкесине ижара келишимин түзүү укугуна конкурс өткөрүү жолу менен берилет.
Конкурстун максаты - технологиялык чечимдерди, наркты жана экологиялык натыйжалуулукту эске алуу менен ЭКБ объекттерин куруу үчүн оптималдуу инвесторду тандоо.
4. Конкурстун катышуучуларына карата талаптар жөнүндө маалымат ар бир ЭКБ долбоору боюнча иштелип чыгуучу конкурстук документтерге (конкурска катышуу үчүн конкурстук өтүнмөлөрдү берүү мөөнөттөрү жана тартиби) киргизилет, мамлекеттик расмий жалпыга маалымдоо каражаттарындагы кулактандырууда жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин расмий сайтында көрсөтүлөт.
2-глава. Конкурстук комиссия
5. ЭКБ чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкесин өткөрүп берүү боюнча конкурс өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме тарабынан курамы 9 (тогуз) адамдан кем эмес конкурстук комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт.
Комиссия өз ишин мыйзамдуулук, көз карандысыздык, адилеттүүлүк, калыстык жана коллегиалдуулук принциптеринде жүргүзөт.
Комиссиянын курамы ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин буйругу менен бекитилет.
6. Комиссия Комиссиянын төрагасынан, төрагасынын орун басарынан, мүчөлөрүнөн жана катчысынан турат.
7. Комиссиянын төрагасы болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин директору эсептелет.
Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин жетекчиси жана төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- токой ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- маданият, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- суу ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- жер ресурстары жана жер укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын;
- энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган электр энергетикалык компаниянын.
8. Комиссиянын төрагасы Комиссиянын жыйналышын чакырат жана төрагалык кылат.
9. Комиссиянын катчысы ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин кызматкери болуп саналат, ал Комиссиянын жыйналышына даярдык көрүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштерди жүргүзөт, Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүү мөөнөттөрү жөнүндө кабарлама жиберет, жыйналыштын протоколун, видеожазууну жүргүзөт жана добуш берүү учурунда Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт, мында катчынын өзүнүн добуш берүүгө укугу жок.
10. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын төраганын орун басары аткарат.
Комиссиянын мүчөлөрү Комиссиянын бардык жыйналыштарына катышууга милдеттүү.
Комиссиянын жыйналыштарына катышууга мүмкүн болбогон учурда Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын төрагасына келбей калуунун жүйөлүү себептери (ооруп калуу, эмгек же башка өргүүдө болуу, иш сапарга чыгуу ж.б.) жөнүндө алдын ала маалымдоого милдеттүү. Комиссиянын жыйналыштарына катышууга мүмкүнчүлүгү болбогон Комиссиянын мүчөсү ушул Комиссиянын жыйналышынын ишине катышуу үчүн өзүнүн ыйгарым укуктарын башка адамга - өзү өкүл болгон ыйгарым укуктуу органдын жооптуу кызматкерине өткөрүп берүүгө укуктуу. Комиссиянын ишине катышуу үчүн ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү мөөнөтүн көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бланкында ишеним кат менен таризделет.
11. Комиссиянын жыйналыштарында протокол түзүлөт, ага төрагалык кылуучу, жыйналышка катышкан Комиссиянын бардык мүчөлөрү жана катчысы кол коёт.
12. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага Комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде 2/3 катышса укуктуу деп таанылат.
13. Комиссиянын мүчөсү баалоо барагынын бланкын акыркы натыйжалар чыгарылганга чейин кайрадан алууга укуктуу.
14. Комиссиянын чечимине макул болбогон Комиссиянын мүчөлөрү өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу, ал Комиссиянын жыйналышынын протоколуна милдеттүү түрдө тиркелүүгө тийиш.