Загрузка документа…
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 токтомуна) |
Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-апрелиндеги № 146, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 6, 2022-жылдын 18-февралындагы №92, 2022-жылдын 20-майындагы № 279, 2022-жылдын 24-июнундагы № 327, 2022-жылдын 14-октябрындагы № 564, 2022-жылдын 19-октябрындагы № 578, 2023 жылдын 6-мартындагы № 135 , 2023-жылдын 14-августундагы № 415 , 28 августа 2023 года № 429, 2023-жылдын 26-декабрындагы № 715, 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 148, 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 211, 2024-жылдын 9-августундагы № 461, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 825, 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 182, 2025-жылдын 9-июнундагы №323, 2025-жылдын 2-июлундагы № 395, 2025-жылдын 19-августундагы № 503, 2026-жылдын 6-февралындагы № 67, 2026-жылдын 19-майындагы № 353 , 2026-жылдын 28-майындагы № 374 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга мамлекеттик менчикте турган жер участокторун пайдаланууга берүү тартибин аныктайт.
1-1. Ушул Жобо төмөнкү жер участокторун ижарага берүү маселелерин жөнгө салбайт:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 "Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык мамлекеттик менчикте турган, өзгөчө статусу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын атайын каражаттарынын эсебинен алынган.
Аталган жогорку окуу жайлары мындай жер участокторун ижарага берүү тартибин жана шарттарын көзөмөлчүлүк кеңештер менен макулдашуу аркылуу өз алдынча аныктайт;
2) суу жана ирригациялык фонддордун.
Суу жана ирригациялык фонддордун жерлерин берүү тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын суу мыйзамдары менен жөнгө салынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 , 2026-жылдын 28-майындагы № 374 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга мамлекеттик менчикте турган жер участоктору убактылуу пайдаланууга берилиши мүмкүн.
Төмөнкү категорияларда турган жер участоктору убактылуу пайдаланууга берилет: калктуу конуштардын жерлери; өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер; айыл чарба багытындагы жерлер, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринен, жайыттардан тышкары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чектөөлөр менен дарылоо-ден соолукту чыңдоо багытындагы рекреациялык объекттер болуп саналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын категориясына киргизилген жер участоктору
Эгерде мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин же "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун шарттарынын негизинде жогоруда аталган категориялардагы жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү каралган болсо, анда мындай жер участогун берүүнүн тартиби жана шарттары эл аралык келишимде же инвестициялык макулдашууда башкача каралбаган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен аныкталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 6, 2022-жылдын 14-октябрындагы № 564, 2023 жылдын 6-мартындагы № 135, 2025- жылдын 9-июнундагы № 323 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруу максатында үчүнчү жактардын жана мамлекеттик жер пайдалануучулардын укуктарынан эркин болгон жер участокторун убактылуу пайдаланууга берүү тартиби ушул Жобонун 51-главасына ылайык жүзөгө ашырылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 715 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга мамлекеттик менчикте турган жер участоктору ушул Жобого ылайык түз берүү аркылуу берилет.
5. Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик менчикте турган жер участоктору ушул Жобого ылайык жер участогуна ижара келишимин бекитүү укугуна тоорук өткөрүү аркылуу берилет.
Мамлекеттик менчикте турган жер участоктору жеке жана юридикалык жактарга ушул Жобонун 43-главасына ылайык түз берүү жолу менен берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 327, 2023-жылдын 26-декабрындагы № 715 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Мамлекеттик менчикте турган жер участоктору ижара келишиминин шарттарында төмөнкү мөөнөткө чейин берилиши мүмкүн:
а) мамлекеттик жер пайдалануучулардын колдонуусунда турган жер участоктору - үч жылга:
- жеңилдетилген типтеги объекттерди орнотуу үчүн;
- капиталдык курулуштар менен байланышпаган башка максаттар үчүн;
- жеке менчикте турган темир жолдун курулмалары үчүн;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесинин жана жол боюндагы тилкесинин жерлеринде жайгашкан жол жана жол боюндагы сервис объекттери үчүн;
- соода рыногунун (соода ишканасынын) дирекциясы тарабынан берилген жер участокторунда соода ишин жүргүзүү үчүн;
б) мамлекеттик жер пайдалануучулардын колдонуусунда турган жер участоктору - он беш жылга:
- темир жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган имараттарды, курулмаларды долбоорлоо, куруу жана аларды эксплуатациялоо үчүн;
- (үчүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
в) КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-февралындагы №67 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
г) элүү жылга:
- үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участоктору;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында, анын ичинде капиталдык курулуш үчүн берилүүчү жер участоктору;
- эркин экономикалык зоналардын жер участоктору;
- ушул Жобонун 55-10-пунктунун 2-пунктчасында каралган учурларда түз берүү жолу менен берилген жер участоктору.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелиндеги № 148, 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)