Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-апрели № 211
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине
карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө
«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 18 жана 50-беренелерине жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине карата минималдуу талаптар тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 224 «Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-январындагы № 22 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 224 «Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 24 «Баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларынын ишин жөнгө салуу маселеси жөнүндө» токтомунун 9-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эмитенти болгон мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 3-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 25 (3785) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 1-апрелиндеги № 211 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине карата минималдуу ТАЛАПТАР
1-глава. Жалпы талаптар
1. Ушул Кыргыз Республикасында баалуу кагаздардын листингине карата минималдуу талаптар "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында ачык жайгаштырууга жол берилген чет өлкөлүк эмитенттердин баалуу кагаздарын кошо алганда, баалуу кагаздардын листингинин минималдуу шарттарын белгилейт.
2. Колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) уруксат берүүнүн демилгечиси - эмитент же фондулук биржанын тооруктарынын катышуучусу, анын демилгеси боюнча эмитенттин баалуу кагаздары фондулук биржанын листингине киргизилет;
2) фондулук биржанын листингдик талаптары - листингден өтүүгө өтүнмө берген эмитент же мындай жол-жободон өткөн, баалуу кагаздары фондулук биржалардын өзгөчө тизмесине киргизилген эмитент ылайык келүүгө тийиш болгон критерийлердин жана ченемдердин жыйындысы;
3) фондулук биржанын өзгөчө тизмеси - листингдин жол-жобосунан өткөн баалуу кагаздар листингдин тиешелүү категориясына киргизилген биржа документи;
4) эркин жүгүртүү - ачык жүгүртүү үчүн жеткиликтүү болгон баалуу кагаздардын үлүшү;
5) листингдин жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу - баалуу кагаздардын айрым түрлөрүнө жана эмитенттерине карата колдонулуучу, баалуу кагаздарды соодалоо үчүн фондулук биржанын листингине киргизүүнүн тездетилген жана бир кыйла жөнөкөй жол-жобосу.
3. Листинг баалуу кагаздарды фондулук биржанын өзгөчө тизмесине киргизүү жол-жобосу болуп эсептелет, ал экиден кем эмес категориядан: биринчи (эң жогорку) категориядан жана экинчи (эң жогоркудан кийинки) категориядан турат.
Делистинг - баалуу кагаздарды фондулук биржанын өзгөчө тизмесинен чыгаруу жол-жобосу. Делистингдин эрежелери фондулук биржа тарабынан белгиленет.
Фондулук биржа Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларына ылайык листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категорияларына киргизилүүчү баалуу кагаздарга жана алардын эмитенттерине кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу.
4. Листингдин биринчи (эң жогорку) жана экинчи (эң жогоркудан кийинки) категорияларынан башка категорияларга киргизилген баалуу кагаздарга жана алардын эмитенттерине карата талаптар фондулук биржанын ички документтери менен белгиленет.
5. Фондулук биржада баалуу кагаздардын листингинин жана делистингинин эрежелери, ошондой эле аларга толуктоолор жана өзгөртүүлөр баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш жана макулдашуудан кийин күчүнө кирет.
6. Мамлекеттик баалуу кагаздардын фондулук биржада биринчи (жогорку) категориядагы листингине ээ болушу үчүн эмитент Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги болууга тийиш, ал эми ал тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар фондулук биржада жайгаштырылганда жана жүгүртүүдө ушул минималдуу талаптардын 3-главасында көрсөтүлгөн талаптарды сактоо менен листингдин жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу боюнча ушул категорияга киргизилет.
7. Муниципалдык баалуу кагаздардын фондулук биржанын листингинде экинчи (эң жогоркудан кийинки) категорияда болушу үчүн эмитент жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы болуп саналат, мында алар чыгарган карыздык баалуу кагаздар ушул минималдуу талаптардын 3-главасында каралган талаптарды сактоо менен листингдин жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу боюнча бул категорияга киргизилет.
8. Эмитентке жана анын баалуу кагаздарына аларды листингге киргизүүдө коюлган талаптар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарга жайылтылбайт.
9. Фондулук биржа өзүнүн компетенциясынын чегинде жана листинг эрежелеринде белгиленген тартипте эмитенттин ишинин листингдин тиешелүү категориясынын талаптарына ылайык келүүсү боюнча тынымсыз мониторинг жүргүзөт.
10. Эмитент фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингинин бир кыйла жогорку категориясынын листингинин талаптарына ылайык келген учурда анын баалуу кагаздары листингдин бир кыйла жогорку категориясына которулат.
11. Эгерде эмитент анын баалуу кагаздары киргизилген фондулук биржанын баалуу кагаздарынын листингинин категориясынын талаптарына ылайык келбей калса, фондулук биржа эмитенттин төмөнкү категориядагы листингинин талаптарына ылайык келүүсүн баалайт.
Эгерде мындай баалоонун жыйынтыгында эмитент листингдин төмөнкү категориясынын талаптарына жооп берсе, анын баалуу кагаздары листингдин тиешелүү төмөнкү категориясына которулууга тийиш.
Эгерде эмитент листингдин төмөнкү категорияларынын биринин да талаптарына жооп бербесе же листингдин талаптарын олуттуу бузса же Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын бузса, анын ичинде баалуу кагаздарды чыгаруунун шарттарын аткарбоого же өз убагында аткарбоого жол берсе (сый акы төлөө же баалуу кагаздарды сатып алуу боюнча милдеттенмелерди кошкондо), анын баалуу кагаздары фондулук биржанын эрежелеринде белгиленген тартипте фондулук биржа тарабынан делистингге жатат.
12. Листингдин жөнөкөйлөтүлгөн жол-жобосу төмөнкүлөргө карата колдонулат:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарына;
2) муниципалдык баалуу кагаздарга;
3) чет мамлекеттик баалуу кагаздарга;
4) ушул талаптардын 22-пунктуна ылайык тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү эл аралык финансылык уюмдардын баалуу кагаздарына.