Редакцияот 15.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 15-июлу № 01-7/39

 

Муниципалдык менчиктен өткөрүпберүү жөнүндө

 

Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансында турган Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылында 50 лет Октября көчөсүндө жайгашкан спорттук ден-соолук комплексин (мурдагы “АЮ” ЖЧКсына тиешелүү) Сокулук районунун “Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебине” өткөрүп берүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, 2002-жылдын 15-мартындагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылы, 50 лет Октября көчөсү №10а дарегинде жайгашкан спорттук ден-соолук комплексин Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансынан Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дене тарбия жана спорт департаментинин балансына Сокулук районунун “Балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин” ишмердүүлүгүнө шарт түзүп берүү максатындаөткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы Н.Сарбагышовагна жүктөлсүн.

 

 

Төраганын орун басары

 

С.Б. Бекмырзаев