Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 10-апрели № 241-т
Жолдорду капиталдык оңдоону жана курууну жүргүзүү боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 67 тескемесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас шаарынын төмөнкү жолдорун капиталдык оңдоо жана куруу боюнча иштерди берүүчүлөр (подрядчылар) болуп аныкталсын:
1) «Каба Строй Сервис» жоопкерчилиги чектелген коому:
– Ү. Молдо көчөсүнүн Ч. Айтматов көчөсүнөн «Жана» каналына чейинки участогу (жолдун узундугу 1,39 км);
– Б. Осмонкулов көчөсүнүн Ч. Айтматов көчөсүнөн А. Огонбаев көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 1,25 км, асфальттын экинчи катмарын төшөө жана жүрүүчү бөлүктү кеңейтүү үчүн);
– Ө. Шамбетов көчөсүнүн Ч. Айтматов көчөсүнөн О. Турдалиев көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 0,61 км);
2) «Жолчу» жабык акционердик коому:
– Ж. Мырзалиев көчөсүнүн Ч. Айтматов көчөсүнөн А. Огонбаев көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 1,25 км);
– А. Оторбаев көчөсүнүн А. Доскеев көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 4,03 км, асфальттын экинчи катмарын төшөө жана жүрүүчү бөлүктү кеңейтүү үчүн);
– А. Оторбаев көчөсүнүн Токтогул көчөсүнөн Алымбеков көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 1,37 км);
3) «Хейл Групп» жоопкерчилиги чектелген коому:
– Манас көчөсүнүн Ш. Шеркулов көчөсүнөн Ж. Турсалиев көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 3,1 км, асфальттын экинчи катмарын төшөө жана жүрүүчү бөлүктү кеңейтүү үчүн);
– А. Огонбаев көчөсүнүн К. Шопоков көчөсүнөн Ү. Молдо көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 4,13 км);
4) «ДСК Бишкек» жоопкерчилиги чектелген коому:
– Бердике Баатыр көчөсүнүн А. Доскеев көчөсүнөн Оорукана көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 5,9 км);
– Ч. Сатаев көчөсүнүн Ч. Айтматов көчөсүнөн А. Огонбаев көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 1,24 км);
5) «Чу Прокси» жоопкерчилиги чектелген коому:
– О. Турдалиев көчөсүнүн Ш. Шеркулов көчөсүнөн Ү. Молдо көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 2,2 км);
– Ш. Шеркулов көчөсүнүн Тагайбаев көчөсүнөн А. Нуржанов көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 0,96 км);
– Ш. Шеркулов көчөсүнүн А. Нуржанов көчөсүнөн А. Огонбаев көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 0,55 км, асфальттын экинчи катмарын төшөө жана жүрүүчү бөлүктү кеңейтүү үчүн);
– Э. Мадиев көчөсүнүн Ч. Айтматов көчөсүнөн Бердике Баатыр көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 0,41 км);
– Э. Мадиев көчөсүнүн Бердике Баатыр көчөсүнөн А. Оторбаев көчөсүнө чейинки участогу (жолдун узундугу 0,37 км, асфальттын экинчи катмарын төшөө жана жүрүүчү бөлүктү кеңейтүү үчүн).
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |