Загрузка документа…
АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-февралы № 2
“Ак-Чий айыл аймагынын
жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ысык-Көл облусунун, Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтуу жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Ак-Чий айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Чий айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (Тиркеме №1).
2. Ак-Чий айылдык Кенешинин жергиликтүү жамаатынын 2-курултайынын «Ак-Чий айылдык Кеңешинин жергиликтүү жамаатынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» 2014-жылдын 23 мартында кабыл алынган №4 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ак-Чий айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Чий айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Чий айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
Жакшылыков К.С. |
Ак-Суу районунун Ак-Чий
айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
17-февраль 2015-жылы №2 токтомунун
№1 тиркемеси
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI. Корутунду жоболор
I. Кириш бөлүгү
1. Жалпы жоболор
1.1. Ак-Чий айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы – Ак-Чий айыл аймагына кирген Ак-Чий, Советское, Качыбек айылдарынын айылдык жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтуу жамааттын катышуусунда талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилген, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондо жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Ак-Чий айыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү маанидеги маселелер – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн түз эрктерин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, айыл аймагынын калкынын жашоо-турмушун түздөн түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар – мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;
элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ – ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн, 9 адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топ – айыл аймагында жашаган 7-ден ашык жарандардын жалпы кызыкчылыктардан улам айылдын муктаждыгын (жергиликтүү маанидеги маселелерди) чогуу иликтеп жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча түзүлгөн ыктыярдуу бирикме;
айылдык чогулуштарды жана Аймактык курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ – Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык айылдын чогулушун же курултайды өткөрүүнү демилгелеген, курамы 5 адамдан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
жергиликтүү жамааттын курултайы – жалпы кызыкчылыктарды жараткан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо максатында айыл аймагынын (шаардын) жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;
жергиликтүү жамаат – жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен тиешелүү айылдык аймактын (шаардын) аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;
жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси – жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;
жарандардын чогулушу – бир көчөнүн, кварталдын же айылдын аймагында жашаган жарандардын жыйынында маселелерди талкуулоо жолу менен аларды чечүүгө, алар боюнча сунуштарды жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуу формасы;
коомдук угуулар – жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;
айылдын муктаждыгын чогуу иликтөө – маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу.
3. Айылдык аймактын территориясы
3.1. Айылдык аймактын территориясы айылдык аймактын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2. Айылдык аймактын территориясы төмөндөгү айылдарды өзүнө камтыйт:
· Ак-Чий
· Советское
· Качыбек
4. Айылдык аймактын жергиликтүү жамааты
4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, Ак-Чий айыл аймагында туруктуу жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандары айылдык аймактын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.
4.2. Жергиликтүү жамааттын 18 жаштан жогорку мүчөлөрү жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга таандыктыгына карабастан түздөн түз жана/же алар түзүшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тең укуктуу.
4.3. Жергиликтүү жамаат өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу эл аралык жана республикалык бирликтерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укугу бар.
4.4. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду белгилөөгө укутуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби айылдык кеңештин токтому менен белгиленет.
5. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби
5.1. Кыргыз Республикасынын жаранын Ак-Чий айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таануу үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте айылдык аймакта жашаган жери боюнча каттоодон өтүү фактысы саналат.
5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок айылдык аймакта 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
5.2. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары, Кыргыз Республикасынын жаранын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.
5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:
· ал Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
· аны өлдү, дайынсыз жок болду деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
· каза болгондо;
· айыл аймагынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде.
6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан,төмөндөгү укуктарга ээ:
· жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
· жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз ишин профессионалдык негизде (муниципалдык кызматта) ишке ашырууга;
· мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;
· айылдын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана (же) мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгеүү топторду түзүүгө;
· инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууга;
· айыл өкмөтүнө, айылдык кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен кошо жеке жана коллективдүү кайрылууларды жөнөтүүгө;
· мамлекеттик сырларга тийиштиги бар маалыматтарды, ошондой эле купуя маалыматтарды (кызматтык сырларды) кошпогондо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын карамагында турган маалыматтарды оозеки же жазуу түрүндө суратып алууга;
· жергиликтүү жамаатка, айыл өкмөтүнүн башчысына, айылдык кеңештин төрагасына жана депутаттарга алардын бир жылдагы (же жарым жылдагы) аткарган ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оозеки же жазуу түрүндө кайрылуу жөнөтүүгө;
· жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;
· маалыматтарды эркин алууга (жетүүгө) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иштөө убактысында муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин реестиринин мазмуну менен таанышууга;
· айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн сатууларга (аукциондорго жана конкурстарга) катышууга;
· айылдык чогулуштарга, курултайларга, коомдук угууларга, айылдык кеңештин ачык сессияларына жана айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйналыштарына, жетекчилеринин макулдугу боюнча муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына катышууга, ал жерде өз пикирин ээн-эркин билдирүүгө жана жергиликтүү маанидеги маслелелер боюнча сунуш киргизүүгө;
· жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузуларды токтотууну талап кылууга, керек болсо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;
· жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чарараларга, марафондорго) катышууга;
· микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттеринин, жамааттардын (общиналар) кеңештери жана комитеттери түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген формаларында түзүүгө;
· жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;
· жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттен чыгымдалып жаткан каражаттар тууралуу маалымат алууга;
· ушул Уставда жана мыйзамдарда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга;
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөгө жол берилбейт жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, динге болгон мамилесине карабастан,төмөндөгүлөргө милдеттүү:
Ø Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;
Ø жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;
Ø жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;
Ø этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка характердеги конфликтерди алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;
Ø этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;
Ø жаратылыш айлана-чөйрөгө, өсүмдүктөргө жана жаныбарларга аяр мамиле жасоого;
Ø муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоого;
Ø калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө;
Эскертүү: айдоолорду майкандоо, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылуу, бак-дарактарга зыян келтирүү болгон учурда мал ээси Кыргыз Республикасынын «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» кодексинин 185 беренесинин негизинде жоопко тартылат, анда эсептешүү көрсөткүчтүн1 15-тен – 40-ка чейин өлчөмүндө айып салынат, жана келтирилген зыяндын толук өлчөмүн зыян тарткан тарапка төлөп берет;
Ø мал кармоодо санитардык, ветеринардык жоболорду сактоого;
Эскертүү: Жаныбарлардын ээлери жана мал чарбачылыгынын чийки заттарын жана продуктуларын өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, ташуу жана сатуу жагынан иш жүргүзгөн адамдар Кыргыз Республикасынын «Ветеринария жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесинин 2-пунктуна ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ветеринардык мыйзамдарда каралган ветеринардык талаптарды, эрежелерди жана ченемдерди аткарууга;
2) жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алууну жана жаныбарлардан алынган продуктулардын жана чийки заттардын ветеринардык-санитардык коопсуздугун камсыз кылуучу чарбалык жана башка иш-чараларды жүзөгө ашырууга;
3) жаныбарларды багуу, жаныбарлардан алынган продуктуларды, чийки затты кайра иштетүү, сактоо жана сатуу менен байланышкан объекттерди жайлаштырууда, курууда, пайдаланууда ветеринардык-санитардык талаптарды сактоого;
4) жаңы сатып алынган жаныбарлар жөнүндө жана алынган төл тууралуу тейлөөчү ветеринардык врачка кабарлоого;
5) жаныбарлардын кырылышы, союлушу, бала салуусу жөнүндө, бир эле учурда бир нече жаныбардын ылаңдап калуусу тууралуу же алардын демейдегиден башкача кыймыл-аракети тууралуу тейлөөчү ветеринардык врачка кабарлоого жана ветеринардык врач кел-генге чейин аларды бөлүп кармоону камсыз кылууга;
6) жаныбарларды кароону жүргүзүүгө, диагностикалык изилдөөлөр жана алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү үчүн жаныбарлардан патологиялык жана башка материалдардын үлгүсүн алууга ветеринардык врачка тоскоолдук кылбоого;
7) жугуштуу ылаңдарга каршы жаныбарларга милдеттүү түрдө эмдөөлөрдү жүргүзүү тууралуу ветеринардык врачтардын талаптарын аткарууга;
8) ветеринардык-коштоочу документтери болгондо гана жаныбарларды ташууну жана сатууну, жаныбарлардан алынган продуктуларды жана чийки заттарды, тоюттарды жана тоют кошулмаларын даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону, ташууну жана сатууну жүзөгө ашырууга;
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте малды союунун, союлган малдын этин же башка продуктуларын сатуунун технологиялык жана ветеринардык эрежелерин сактоого;
1 "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 15-июну N 1115-III токтомунун негизинде 2006-жылдын 1-январынан тартып эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмү айына 100 сом суммасында бекилген.