Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 10-апрели № 242-т
Илимий негизделген селекциялык стационарды калыбына келтирүү, дан өсүмдүктөрүнүн, жүгөрүнүн жана фабрикалык кант кызылчасынын жаңы сортторун жана гибриддерин чыгаруу үчүн зарыл шарттарды түзүү, баштапкы үрөнчүлүктү көбөйтүү, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун проблемаларын чечүүгө багытталган дыйканчылыкты, кыртыш таанууну, агрохимияны жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүнүн актуалдуу стратегияларын иштеп чыгуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө, 73-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Сокулук району, З. Кайназарова атындагы айыл аймагы дарегинде жайгашкан, № 68, № 70, № 71, № 72 контурлардагы мамлекеттик менчикте турган, идентификациялык коддору: 7-08-18-0003-0093; 7-08-18-0003-0094; 7-08-18-0003-0095; 7-08-18-0003-0096, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жалпы аянты 92 га болгон сугат айдоо жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берсин;
2) жогоруда аталган жер тилкесин кабыл алуу-өткөрүп берүүнү жана ага болгон укукту кайра каттоону камсыз кылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесине болгон укукту белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу К.К. Азыков атындагы Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтуна ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдалануу сунушталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |