Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 4-апрелиндеги № 223 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана көбөйтүү ЭРЕЖЕЛЕРИ
Ушул Кыргыз Республикасынын аймагында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана көбөйтүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Жаныбарлар дүйнөсү тууралуу", "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 30-ноябрындагы № 192 Мыйзамы менен ратификацияланган Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенциянын (CITES) жоболорун аткаруу үчүн иштелип чыккан.
Эрежелер жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багуу жана көбөйтүү боюнча ишти жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилөө, бул чөйрөдө бирдиктүү ыкмаларды түзүү, ошондой эле биологиялык түрдүүлүктү сактоого жана жапайы жаныбарларга гумандуу мамиле жасоого өбөлгө түзүүчү шарттарды түзүү максатында даярдалган.
Эрежелер жапайы жаныбарлардын ар бир түрүнүн биологиялык жана жүрүм-турум өзгөчөлүктөрүнө ылайык багуу шарттарын камсыз кылууга, жарандар арасында жаныбарларга гумандуу жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу стандарттарын жайылтууга, калкты экологиялык агартууну өнүктүрүүгө, ошондой эле жапайы жаныбарлардын, аларга кам көргөн жана алар менен иштеген адамдардын жана профилдик мекемелерге келгендердин коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
Бул Эрежелер колдонуудагы жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоого, жапайы жаныбарлардын, анын ичинде сейрек кездешүүчү жана жапайы жаныбарлардын жоголуп бараткан түрлөрүнүн контрабандасынын, ошондой эле аларды жаратылыштан мыйзамсыз алууну алдын алууга шарт түзөт.
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелерде колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
жапайы жаныбарлар - колго үйрөтүлбөгөн жапайы сүт эмүүчүлөр, куштар, сойлоочулар, жерде-сууда жашоочулар, курт-кумурскалар, балыктар, суу жаныбарлары жана сууда жашоочу омурткасыздар;
капаста багуу - ал байырлаган чөйрөнү, кыймылын жана ресурстарын адам толук контролдогон шартта жабык (тосулган) мейкиндикте (клетка, вольер, аквариум, террариум) жапайы жаныбарды багуу;
жарым-жартылай капаста багуу - жаныбар чектелген, бирок анын табигый байырлоо чөйрөсүнө мүмкүн болушунча жакын, кең аймакта жашаган, ошол эле учурда адам тарабынан белгилүү бир контролдоо жана кийлигишүү сакталган багуунун орто аралык режими;
жасалма байырлоо чөйрөсү - түрдүн табигый байырлоо чөйрөсүн алмаштыруучу же окшоштуруучу жана анын биологиялык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн арналган, адам тарабынан жасалма түзүлгөн же олуттуу модификацияланган мейкиндик;
жапайы жаныбарларды багуучу жер - жаныбардын ээси тарабынан пайдаланылган имарат, курулуш, курулма, жай же аймак, ал жерде жаныбар сутка ичинде убактысынын көпчүлүк бөлүгүн өткөрөт;
питомник - жеке же юридикалык жак тарабынан түзүлгөн, тукум алуу үчүн жапайы жаныбарларды контролдонгон шарттарда көбөйтүү жана багуу негизги максаты болуп саналган мүлктүк комплекс;
жапайы жаныбарлар үчүн реабилитациялоо борбору - жеке же юридикалык жак тарабынан түзүлгөн, ээсине же табигый байырлоо чөйрөсүнө кайтарылууга тийиш болгон же болбогон, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган, табигый шарттарда жашоого жөндөмсүз, ошондой эле жеке же юридикалык жактардан алынган же конфискацияланган жапайы жаныбарларды кабыл алуу, дарылоо, убактылуу багуу, реабилитациялоо жана адаптациялоо үчүн арналган жана жабдылган мүлктүк комплекс;
жапайы жаныбарларды маданий-көңүл ачуу максатында пайдалануу - бул зоопаркты, циркти, дельфинарийди, көргөзмөлөрдү ж.б. кошкондо, жапайы жаныбарлар эл алдындагы көрсөтүүгө, көңүл ачуучу, маданий же ушул сыяктуу иш-чараларга катышкан иш;
цирк - артисттердин (акробаттардын, клоундардын, гимнасттардын ж.б.), жаныбарлардын жана (же) жабдуулардын, көрүүчүлөргө көрсөтүү үчүн арналган сахналык эффекттердин катышуусу менен, билеттерди сатуу же башкача уюштурулган кирүү менен атайын жабдылган курулмаларда же көчмө цирк труппаларында эл алдында оюн көрсөткөн уюм (юридикалык жак же ишкана) же маданий-көңүл ачуу ишинин башка формасы;
зоодүкөн - жаныбарларды үйдө багуу, кароо жана тамак берүү үчүн арналган товарларды, жаныбарлар үчүн товарларды жана жаныбарлардын өздөрүн сатуучу, ошондой эле атайын жабдылган жайларда (же интернет-соода аркылуу) ушуга жакын кызматтарды көрсөткөн, жаныбарлардын коопсуздугун, керектөөчүлөрдүн укуктарын жана товарды сактоо жана сатуу шарттарын камсыз кылган коммерциялык субъект (юридикалык жак же жеке ишкер);
капаста, жарым-жартылай капаста же жасалма байырлоо чөйрөсүндө багылган жапайы жаныбарлардын реестри - бул жаратылыш чөйрөсүнөн алынган же капаста же жарым-жартылай капас шартында багуу үчүн сатып алынган жапайы жаныбарларды, анын ичинде алардын тукумдары катталган расмий мамлекеттик тизме (маалыматтар базасы), анда аларды багууну, кароону, которууну жана жашоосунун башка шарттарын контролдоо камсыз кылынат;
мекемелердин реестри - айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүргүзүлүүчү капаста же жарым-жартылай капас шартында жапайы жаныбарларды багуу, көбөйтүү жана (же) сатуу боюнча иш жүргүзгөн мекемелердин, юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мамлекеттик тизмеги;
жапайы жаныбарлардын коллекциясын каттоо журналы (тигилген жана номерленген), жапайы жаныбардын биологиялык карточкасы, ошондой эле жапайы жаныбарларды эсепке алуунун электрондук системасы - бул жапайы жаныбарларды багуучу мекеме же жеке жак тарабынан жүргүзүлүүчү эсепке алуу формалары жана алар ар бир жапайы жаныбарды же жаныбарлар тобун идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды, анын ичинде: түрү, жынысы, жашы (же туулган/кармалган датасы), келип чыгышы, багуу жери, ээси жөнүндө маалыматты жана башка зарыл болгон маалыматтарды камтыйт.
Майда сүт эмүүчүлөрдүн жана канаттуулардын түрлөрүнүн жалпы санын көрсөтүү менен жана мүмкүн болсо, алардын жынысы боюнча (эркек, ургаачы, белгисиз жыныстагы) жана башка идентификациялык белгилери боюнча бөлүштүрүү менен топтук метод менен каттоого жол берилет;
жапайы жаныбарларга белги салуу - бул жаныбарды идентификациялоо, эсепке алуу, келип чыгышын белгилөө, кыймылын көзөмөлдөө жана абалын контролдоо максатында, капаста же жарым-жартылай капас шартында көбөйтүлгөн жана/же багылган жапайы жаныбарга жеке визуалдык же электрондук белги (шакек, бирка, микрочип, татуировка жана башка каражаттар түрүндө) салуу процесси, ал жапайы жаныбарларды багуучу мекеме тарабынан жаныбарга гумандуу мамиле жасоо ченемдерин сактоо менен жана зыян келтирбестен жүргүзүлөт;
жаныбарларга катаал мамиле жасоо - жаныбардын өлүмүнө, майып болушуна же ден соолугуна башка зыян келишине, жаныбарды кыйноого алып келген же алып келиши мүмкүн болгон атайылап мамиле жасоо, анын ичинде ачка калтыруу, суусатуу, сабоо, башка зомбулук иш-аракеттери же жаныбардын ден соолугуна зыян келтирген багуу эрежелерин жана шарттарын бузуу, жооптуу адамдын жаныбарды кароосуз калтыруусу, ошондой эле мүмкүнчүлүк болгондугуна карабастан өмүрүнө коркунуч туудурган абалдагы жабыр тарткан жаныбарга жардам көрсөтпөө;
эвтаназия - жаныбардын ылаңын жана физикалык азап чегүүсүн жокко чыгаруучу дары-дармек менен өлтүрүү;
ветеринардык пункт - санитардык блок жана изолятор;
вольер - жапайы жаныбарларды туруктуу багуу үчүн арналган атайын жабдылган сырттагы же ички курулма (мейкиндик), анын ичинде вольерлер, клеткалар, авиарийлер, короолор, көлмөлөр, террариумдар, аквариумдар, акватеррариумдар, бассейндер жана башка ушул сыяктуу объекттер;
жаныбарлар көргөзмөсү - жаныбарларды көрсөтүү боюнча иш-чара, анын негизги максаты маданий-агартуучулук, тажрыйба алмашуу, зоотехникалык жана селекциялык иш-чараларды өткөрүү болуп саналат;
гидробионттор - суу чөйрөсү негизги байырлоо чөйрөсү болуп саналган тирүү организмдер;
дельфинарий - ар кандай түрдөгү дельфиндерди жана суу сүт эмүүчүлөрүн башка түрлөрүн багуу, көрсөтүү жана аларды көрсөтүүлөрдө пайдалануу боюнча туруктуу негизде иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке ишкер;
зоологиялык парк (зоопарк) - жасалма түзүлгөн шарттарда жапайы жаныбарларды багуу жана элге көрсөтүү боюнча туруктуу негизде иш жүргүзгөн, зоологиялык коллекцияны түзгөн жана жаныбарлардын түрлөрүн сактоого, калкты экологиялык агартууга, рекреацияга жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө багытталган ишти жүргүзгөн юридикалык жак же жеке ишкер;
зоологиялык бакча (зообакча) - жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, ошондой эле экологиялык агартуу, рекреация, маалыматты топтоо жана жайылтуу жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактоого багытталган ишти камтыган зоологиялык жана ботаникалык коллекцияларды кармоо жана көрсөтүү боюнча туруктуу негизде иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке ишкер;
изолятор - жаныбарларды обочолонтуу, байкоо жана ылаңдардын жайылышын алдын алуу максатында жугуштуу ооруга шектелген, ооруган же жугуштуу ооруларды алып жүрүүчү болуп саналган жаныбарларды убактылуу багуу үчүн арналган, атайын бөлүнгөн жана жабдылган жай (же жайдын обочолонгон бөлүгү);
окутуу (үйрөтүү, машыктыруу) - маданий-көңүл ачуу максатында жаныбарларды пайдалануу боюнча иштин алкагында аларды эл алдында көрсөтүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү жана жүрүм-турум реакцияларын өздөштүрүүгө, ошондой эле ветеринардык кароолорду, диагностикалык, профилактикалык жана дарылоо процедураларын жүргүзүүгө жаныбарларды адаптациялоо үчүн максаттуу даярдоо процесси, ал жаныбарларга гумандуу мамиле жасоо ченемдерин сактоо менен жүргүзүлөт;
ден соолукту чыңдоо үчүн дельфиндер менен сүзүү - дельфинарийге келүүчүнүн терапиялык (реабилитациялык) максаттарда дельфиндер менен көрсөтүлгөн процедурага атайын даярдалган окутуу (машыктыруу) методу менен бассейнде сууда сүзүү учурунда өз ара аракеттенүүсү;
океанариум - экологиялык агартуу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр жөнүндө маалыматты топтоо жана жайылтуу, рекреация жана изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактоого шарт түзгөн зоологиялык жана ботаникалык коллекцияны түзгөн гидробионтторду багуу жана көрсөтүү боюнча туруктуу негизде иш жүргүзгөн юридикалык жак же жеке ишкер;
мекеме - юридикалык жактар же жеке ишкерлер болуп саналган зоопарктардын, зообакчалардын, цирктердин, дельфинарийлердин, океанариумдардын, питомниктердин, зоологиялык дүкөндөрдүн жана реабилитациялык борборлордун жалпыланган түшүнүгү;
жаныбарлар менен баарлашуу үчүн аянтча - зоопарктын же зообакчанын аймагындагы обочолонгон жер (ачык абадагы же жайдагы), анда келгендер маданий-көңүл ачуу, агартуу, рекреациялык же терапиялык максаттарда жаныбарлар менен физикалык байланышта (кармап көрүү, тамак берүү, сугаруу) боло алат;
санитардык блок (карантин) - келген жаныбарларды карантиндик кармоо жана жаракат алган жаныбарларды багуу үчүн арналган жай;
экспозиция - зоопарктын же зообакчанын аймагында көрсөтүү үчүн коюлган ар кандай жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү (систематикалык же ландшафттык принцип боюнча) жайгаштыруу түрү;
электрочабан - импульс генераторунан жана өткөргүчтөрдөн (тасма зымдары) турган электр тосмо, алар аркылуу кыска, зыянсыз, бирок сезилүүчү электр разряддары берилет, алар тоскоолдук жаратат, аны жаныбарлар тез эле эстеп калат жана чекти бузууну токтотот;
жаныбарларды көрсөтүү - бул элге көрсөтүү үчүн жапайы жаныбарларды капаста, жарым-жартылай капаста багуу;
чектөө тосмосу (чектөө) - бул келгендердин жаныбарлар менен түздөн-түз байланышын алдын алуу үчүн негизги вольердин алдына орнотулган кошумча тосмо;
фотомезгил - бул күндүзгү жарыктын узактыгы жана сутканын жарык жана караңгы мезгилдеринин катышы (күн/түн);
шибер - бул жаныбарларды вольердин секцияларынын ортосунда же вольерден кызматтык жайга коопсуз которуу үчүн колдонулуучу атайын жылдыруучу же көтөрүүчү эшик (жапкыч).
2. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин багуу жана көбөйтүү ушул Эрежелердин жоболоруна ылайык так жүргүзүлүүгө тийиш.
3. Аларды сактоо, коргоо, кайра чыгаруу жана илимий-изилдөө иштери үчүн, ошондой эле аларды багууга карата белгиленген талаптарды сактоо жана мындай жаныбарлардын мыйзамдуу келип чыгышы жана мыйзамдуу ээлик кылуу ырасталган шартта коммерциялык максаттарда жапайы жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрүн багууга жана көбөйтүүгө жол берилет.
Жапайы жаныбарларды багууга жана көбөйтүүгө карата талаптар айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен белгиленет.
4. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында жапайы жаныбарларды капаста, жарым-жартылай капас шартында жана жасалма байырлоо чөйрөсүндө багууну, көбөйтүүнү, пайдаланууну жана аларга карата башка формадагы мамилелерди жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактарга колдонулат.
5. Ушул Эрежелердин сакталышын контролдоо айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.