Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-ноябры № 45
Муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11,19-беренесине ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 06/11890 катынын негизинде, мүлктү үнөмдүү пайдалануу жана калкты медициналык тейлөөнү жакшыртуу максатында Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АӨБнын «Ооруканалардын инфраструктурасын модернизациялоо жана жакшыртуу» долбоорунун алкагында 350 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушуна зарыл болгон Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигинен Жайыл районунун аймактык ооруканасынын балансына Кара-Балта шаарынын Т.Кожомбердиев көчөсү, 67 дарегинде жайгашкан аянты 4,27 га жер тилкесин акысыз берүүгө макулдук берилсин.
2. Кара-Балта шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Балта шаарынын мэри Салмурбек уулу Азатка жана шаардык кеңештин бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев |