Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-апрели № 239
2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында
кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы
Мамлекеттер аралык валюта комитетин түзүү жөнүндө
макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу
протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Расмий тилде тиркелген 2013-жылдын 25-октябрында Минск шаарында кол коюлган 1995-жылдын 26-майындагы Мамлекеттер аралык валюта комитетин түзүү жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |