Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 01-7/67
Кыргыз Республикасында кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо иштерин уюштурууну ишке ашыруу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 3, 11-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын (мындан ары-коомдоштуктардын жыйыны) чакырылсын.
2. 2025-жылдын 1-ноябрында, ишемби күнү Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн имаратында IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча коомдоштуктардын жыйыны уюштурулсун.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Элдик Курултайды ѳткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин Убактылуу Жобосуна ылайык жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына катышуучу өкүлдөрдүн чени 100 санында белгиленсин.
4. Коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун (мындан ары жумушчу топ) курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Коомдоштуктардын жыйындарды өткөрүү боюнча Сары-Өзөн айыл аймагынын Жобосу №2 тиркемеге ылайыкбекитилсин.
6. Коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча Сары-Өзөн айыл аймагында жыйындарды өткөрүү графиги жана айылдык кеңештин жооптуу депутаттары №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Айыл тургундарынын санына жараша жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына делегаттардын саны төмөндөгүдөй бекитилсин:
– Асылбаш – 14
– Төш-Булак - 10
– 1-Май айылы- 9 киши;
– Жакынкы Арал- 7 киши;
– Алыскы Арал- 6 киши;
– Сокулук- 54 киши.
8. Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топ:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Элдик Курултайды ѳткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин Убактылуу Жобосунун 2.5. беренесинин негизинде иш алып барышсын.
- 2025-жылдын 20-21-22-октябрь күндөрү Элдик Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча аймактарда коомдоштуктардын жыйындары өткөрүлсүн;
- жыйындардын өткөрүлүшү тууралуу айыл аймагынын калкына маалымдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн;
9. Жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүүнү уюштуруу, материалдык-техникалык камсыздоо жана маалымдоо иштери Сары-Өзөн айыл ѳкмѳтүнө жүктөлсүн.
10. Токтомдун аткарылышын өз кѳзѳмѳлүмө калтырам.
Төрага |
| М.Р. Кадыркулов |
|
| Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылынын 14-октябрындагы №01-/67 токтомунун №1-тиркемеси |
Коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
Кадыркулов Мирлан Рийнатович | - айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы |
Анырова Субагул Жумакадыровна | - айылдык кеңештин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
|
|
Маликов Эрлан Маликович | -айылдык кеңештин депутаты;
|
Мадемилов Джолдошбек Макенович | -айылдык кеңештин депутаты;
|
Джазымкулов Асылбек Таштанбекович | -айылдык кеңештин депутаты;
|
Темирканов Туратбек Уланович | -айылдык кеңештин депутаты;
|
Исаков Курманбек Медетбекович | -айылдык кеңештин депутаты;
|
Омуркулова Аида Асисбековна | -айылдык кеңештин депутаты;
|
Чолпонкулова Гулмийра Токоновна | -айылдык кеңештин депутаты;
|
Ашырова Айдайхан | -айылдык кеңештин депутаты;
|
Джолдошев Шайлообек Олжобаевич | -айылдык кеңештин депутаты;
|
Шеримбекова Хаджат Сагыналиевна
| -айыл өкмөтүнүн башкы адиси; |
Калюжная Галина Сергеевна
| - айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы; |
Смамбекова Эрика Тимуровна | -Үй-бүлө жана балдарды коргоо борборунун директору; |
| - 1-Май айылынын башчысы; |
| - Жакынкы Арал айылынын башчысы; |
Бойтоков Ононбек Дамирович | - Алыскы Арал айылынын башчысы; |
| Төш-Булак айылынын башчысы; |
| Асылбаш айылынын башчысы. |
|
|
|
| Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылынын 14-октябрындагы №01-/67 токтомунун №2-тиркемеси |
Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү, шайлоо жана ишти координациялоо боюнча Сары-Өзөн айыл аймагынын жумушчу тобунун
Жобосу
1.1. Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча жумушчу топтун (мындан ары – жумушчу топ) Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоону уюштуруунун тартибин ушул Жобо регламенттейт.
1.2. Ушул Жобо “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамында каралган тиешелүү регламентөөчү документтер белгиленген тартипте кабыл алынганга, ошондой эле аталган конституциялык Мыйзамда каралган тартипте Элдик Курултайдын катчылыгы түзүлгөнгө чейин колдонулат.
1.3. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана жарандык
коомду өнүктүрүү максатында талкуулоону талап кылган мамлекеттик маанидеги маанилүү маселелер боюнча чечимдерди биргелешип кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары (айыл аймактарынын административдик – аймактык реформаны эске алуу менен) шаарлардын өкүлчүлуктүү жыйындарына, Кыргызстан элинин ассамблеясынын курамына кирген этностук коомдук бирикмелердин жыйналыштарына, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын бирикмелеринин жыйналыштарына катыша алат, ошондой эле бекитилген квоталарга ылайык шайланган делегаттар Элдик Курултайга катышат.