Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 01-7/68
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык, Сокулук айылы Калинина көчөсү №167а дарегиндеги К.Мамытовдун арызынын негизинде аянты 308,65 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын "Короо жай алдындагы жер тилкесинен" "Азык-түлүк дүкөнү алдындагы жер тилкесине" өзгөртүү боюнча жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө сериясы Ч №1386452 мамлекеттик актысынын негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылынын Калинина көчөсү №167а дарегинин жашоочусу К.Мамытовго таандык аянты 308,65 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын “Короо жай алдындагы жер тилкесинен” “Азык-түлүк дүкөнү алдындагы жер тилкесине” өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Сарбагышовага жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р. Кадыркулов |