Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 01-7/69
Муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө
Айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышованын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 29-июлундагы №2541 катынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Сокулук райондук бөлүмү тарабынан 2025-жылдын 26-августундагы №02-33/383 катынын негизинде, Сокулук айылындагы Октябрдын 50 жылдыгы көчөсү №8к дарегинде жайгашкан (мурдагы “АЮ” ЖЧКсына караштуу) эки кабаттуу турак үйдү жер тилкеси менен Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 “Мамлекеттик мулктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Сокулук айылынын Октябрдын 50 жылдыгы №8к дарегинде жайгашкан жалпы аянты 998,6 чарчы метр көп батирлүү турак үйдү аянты 4362,0 чарчы метр жанаша жайгашкан жер тилкеси менен Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Д.Тулинова ушул токтомдун негизинде өткөрүп алуу иштерин жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышовага жана айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р. Кадыркулов |