Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 14-октябры № 01-7/75

Дальний Арал айылы, Батыркан көчөсү №8 дарегиндеги жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун жаран Белекбаева Айгуль Таласбековнага бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык,Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Сары-Өзөн айыл аймагынын Дальний Арал айылы, Батыркан көчөсү №8 дарегиндеги жер тилкесинин 2025-жылдын 3-октябрындагы №195-25 “Жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасы жана долбоорунун” негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Дальний Арал айылы, Батыркан көчөсү №8 дарегиндеги жер тилкесинин укук белгилөөчү документи жок жаран Белекбаева Айгуль Таласбековнага Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 3-октябрындагы №195-25 жер тилкесинин жалпы аянты 2695,98 чарчы метр жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемиров тийиштүү буйрук чыгарсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышова тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

 

Төрага

 

М.Р. Кадыркулов