Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз ХV ачык сессиясы
2026-жылдын 17-марты № 80
Жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө
Москов районунун ички иштер бөлүмүнүн жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү тууралуу кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин жана «Мамлекеттик менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу максатында, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Аянты 144 чарчы метр болгон, дареги: Петровка айылы, Ленин көчөсү № 2а/1 (ЕНИ коду 7-06-05-0002-1158) жайгашкан жер тилкеси мамлекеттик менчикке (баланска) өткөрүлүп берилсин.
2. Көрсөтүлгөн жер тилкесинин максаттуу багыты — участкалык милиция пунктун жайгаштыруу деп белгиленсин.
3. Төрт-Гүл айыл өкмөтү жер тилкесин өткөрүп берүүнү мыйзамда белгиленген тартипте тариздөөнү жана каттоону камсыз кылсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо агрардык-жер маселелери, экология жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
2026-жылдын 9-апрелинде http://petrovka.kg/?m=202604 расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Ж.К. Маматкеримов |