Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-апрели № 255
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын
илимий мекемелерин каржылоонун формалары
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 28-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий мекемелерин каржылоонун формалары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 30 (3790) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |