Загрузка документа…
|
| Тиркеме
|
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 231 токтомуна) |
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечимдерине ылайык белгиленген көлөмдөрдүн чегинде демпингге каршы алымдарды төлөбөстөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 96 «Кытай Эл Республикасынан өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүчү титандын диоксидине карата демпингге каршы алымды киргизүү аркылуу демпингге каршы чараны колдонуу жөнүндө» жана 2025-жылдын 14-октябрындагы № 97 «Кытай Эл Республикасынан өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүчү алюминий фольгасына карата демпингге каршы алымды киргизүү аркылуу демпингге каршы чараны колдонуу жөнүндө» чечимдери (мындан ары – Коллегиянын чечими) менен Кыргыз Республикасы үчүн каралган белгиленген жылдык көлөмдөрдүн чегинде демпингге каршы алымдарды төлөөдөн бошотууга карата (баа боюнча милдеттенмелердин алкагынан тышкары) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартибин белгилейт:
– кургак затты кайра эсептөөдө салмагы 80 пайыз же андан көп титандын диоксидин камтыган жана ЕАЭБ ТЭИ ТН 3206 11 000 0 коду менен классификацияланган титандын диоксидинин негизинде даярдалган 300 тонна өлчөмүндө пигменттерге;
– калыңдыгы 0,0046 мм кем эмес, бирок 0,2 мм ашпаган, туурасы 20 мм кем эмес, бирок 1616 мм ашпаган, узундугу 150 метрден ашык, түрмөктөлгөн, негиздүү же негизсиз, капталган же капталбаган жана ЕАЭБ ТЭИ ТН 7607 11 110 9, 7607 11 190 9, 7607 11 900 0, 7607 19 100 0, 7607 19 900 9, 7607 20 100 0 жана 7607 20 900 0 коддору менен классификацияланган 325 тонна өлчөмүндө алюминий фольгага.
2. Максаттуу ырастоону берүү иштин түрүнө жараша төмөнкү мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат:
– өнөр жай чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган;
– тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган.
3. Максаттуу багытын ырастоо Коллегиянын чечимдерине ылайык белгиленген жылдык көлөмдөрдүн чегинде демпингге каршы алымдарды төлөбөстөн ташып келүү режимин колдонуу үчүн бажы декларациясын тапшырууда бажы органдарына берүү үчүн зарыл болгон документ болуп саналат.
4. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
демпингге каршы алым – коргоо алымын киргизүү аркылуу колдонулуучу Евразия экономикалык бирлигиндеги товарлардын өндүрүүчүлөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарын коргоо боюнча чара;
өтүнмө берүүчү – Кыргыз Республикасында катталган, чийки затты жана материалдарды кайра иштетүү боюнча даяр продукцияга өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак же жеке ишкер;
өндүрүштүк иш – чийки затты (материалдарды, ресурстарды) даяр продукцияга айландыруу процесси;
максаттуу ырастоо – ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилүүчү, ташып келинген товардын өтүнмө ээсинин өзүнүн өндүрүшүндө гана пайдалануу үчүн багытталгандыгын ырастаган белгиленген үлгүдөгү документ;
акыркы керектөөчү – товарларды өзүнүн өндүрүштүк циклинде чийки зат жана (же) материал катары пайдаланган ишкердик субъекти;
жеткирүүчү – товарларды жеткирүү боюнча кесиптик ишти жүзөгө ашыруучу (анын ичинде импорт), аларды шарттарга ылайык акыркы керектөөчүгө алып өтүүнү жана өткөрүп берүүнү камсыз кылуучу ишкердик субъекти;
сатуучу – келишимдин (контракттын) негизинде өтүнмө ээсинин дарегине товарды жөнөтүүчү юридикалык же жеке жак.
2-глава. Максаттуу ырастоону берүү шарттары
5. Максаттуу ырастоону берүү үчүн негизги критерий болуп өтүнмө ээсинин ташып келинген чийки заттын жана материалдардын билдирилген көлөмдөрүнө ылайык келген материалдык-техникалык базасынын болушу, ошондой эле өтүнмө берилген датанын алдындагы акыркы 3 (үч) календардык жыл үчүн окшош чийки заттарды жана материалдарды иш жүзүндө пайдалангандыгы жөнүндө маалыматтардын негизинде эсептелген ырасталган муктаждык саналат.
6. Жаңы түзүлгөн ишкердик субъекттеринде иш жүзүндө импорттун тарыхы жок болгон учурда ташып келинген продукциянын көлөмү чийки заттын жана материалдардын чыгымынын ченемдерин аныктоочу өндүрүштүк кубаттуулуктардын техникалык паспортторунун жана технологиялык регламенттеринин негизинде ырасталат. Жаңы түзүлгөн ишкердик субъекттери үчүн импорттун жол берилген көлөмүн эсептөө 3 (үч) жыл үчүн иш жүзүндө импорттун тарыхы бар акыркы керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын канааттандыргандан кийин түзүлгөн калдыктын чегинде жүргүзүлөт.
7. Максаттуу ырастоо товарларды чийки зат жана материал катары өзүнүн өндүрүштүк циклине пайдаланган, кийин товарларды баштапкы (кайра иштетилбеген) түрүндө үчүнчү жактарга ажыратууга (сатууга, өткөрүп берүүгө) укугу жок ишкердик субъекттерине берилет.
8. Кайра сатуу (ортомчулук) тобокелдиктерин болтурбоо максатында максаттуу ырастоо соода (дүң-чекене) ишин гана жүргүзгөн уюмдарга берилбейт.
3-глава. Максаттуу ырастоону алуу тартиби
9. Максаттуу ырастоо ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырган жана көрсөтүлгөн товарларды билдирилген максаттарда так колдонгон тышкы экономикалык иштин катышуучусунун өтүнмөсүнүн негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилет.
Максаттуу ырастоо тышкы экономикалык иштин катышуучусунун өтүнмөсүнүн негизинде берилет.
10. Өтүнмөдө өтүнмө ээси жөнүндө маалымат, товар тууралуу маалымат, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, саны, наркы, ошондой эле продукцияны өндүрүү үчүн товарды ташып келүүнүн зарылдыгынын негиздемеси көрсөтүлөт.
11. Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
– товарды жеткирүү келишиминин көчүрмөсү;
– ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча ташып келинүүчү товарды максаттуу пайдалануу жөнүндө милдеттенме;
– өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъектинин товарлардын техникалык параметрлерин жана өзүнүн өндүрүшүндө пайдалануу үчүн өндүрүштүк кубаттуулуктарынын бар экендигин ырастаган документтер.
12. Өтүнмө ыйгарым укуктуу орган тарабынан үч жумуш күндүн ичинде каралат. Кароонун жыйынтыгы боюнча ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча максаттуу багытын ырастоо же жүйөлөштүрүлгөн баш тартуу берилет.
13. Эгерде өтүнмө ээси болуп акыркы керектөөчүнүн муктаждыктары үчүн товарларды ташып келүүнү жүзөгө ашырган жеткирүүчү чыкса, максаттуу ырастоо төмөнкүдөй документтерди берген шартта берилет:
– сатуучунун, өтүнмө ээсинин жана акыркы керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим (контракт), анда жеткирилүүчү чийки заттын жана материалдардын максаттуу багыты, анын акыркы керектөөчүнүн өзүнүн өндүрүшүндө гана пайдаланылышы жөнүндө маалымат камтылат;
– акыркы керектөөчүнүн товарларынын техникалык параметрлерин жана өндүрүштүк кубаттуулуктарынын бар экендигин ырастаган документтер (ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн тизмеге ылайык).
14. Максаттуу ырастоо товардын санын көрсөтүү менен товардын ар бир партиясына берилет. Коллегиянын чечимдери менен белгиленген чектик көлөмдөргө жеткенге чейин хронологиялык тартип принцибин сактоо милдеттүү болуп саналат.
4-глава. Бажы органдарына максаттуу
ырастоону берүү
15. Коллегиянын чечимдерине ылайык жыл сайын белгиленген көлөмдөрдүн чегинде товарларды (титандын диоксиди жана алюминий фольгасы) Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө демпингге каршы алымдарды төлөөдөн бошотуу үчүн бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга декларацияны каттоодо өнөр жай, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген максаттуу багытын ырастоо жөнүндө документ берилет.
16. Максаттуу ырастоодо номенклатура, ЕАЭБ ТЭИ ТН коду, мындай товарлардын саны, наркы, ошондой эле ташып келүүнү жүзөгө ашырган өндүрүүчү уюмдар жөнүндө маалыматтар камтылышы керек.
5-глава. Контроль жана жоопкерчилик
17. Ыйгарым укуктуу орган бажы органдары менен биргеликте ар жылдык чектик көлөмдөрдүн (квоталардын) сакталышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат.
18. Ыйгарым укуктуу орган ташып келинүүчү товарлардын иш жүзүндө максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.
19. Берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти өтүнмө ээси тартат. Товарларды багыты боюнча пайдаланбаган учурда демпингге каршы алымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эл аралык укуктун ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык толук көлөмдө алынат.
|
| Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечимдерине ылайык белгиленген көлөмдөрдүн чегинде демпингге каршы алымдарды төлөбөстөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Ташып келинүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоону алууга өтүнмөнүн формасы
____________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу органдын аталышы)
____________________________________________________________
(уюмдун аталышы, ИСН, дареги, телефону, электрондук почтасы)
____________________________________________________________
____________________________________________________________
Өтүнмө
Демпингге каршы алымды төлөөдөн бошотуу үчүн товардын максаттуу багытын ырастоону берүүңүздү суранам.
1. Товар жөнүндө маалымат
Аталышы:___________________________________________________
ЕАЭБ ТЭИ ТН коду:__________________________________________
Салмагы нетто (кг/тонна): _____________________________________
Наркы (инвойско ылайык): ____________________________________
2. Жеткирүү жөнүндө маалымат:
Контракт 20______-ж. «___» _________ № ________
Жеткирүүчү/Өндүрүүчү:_______________________________________
3. Максаттуу пайдалануу негиздемеси
Ташып келинүүчү товар төмөнкү продукцияны өндүрүү үчүн чийки зат/материал катары колдонулат:________________________________
Тиркеме (контракттын көчүрмөсүн, милдеттенмени, кубаттуулук документтерин тиркөө керек)
Жетекчи ___________ / ___________ /
Колу ___________
Датасы 20____-ж. «_____» ___________
М.О.
|
| Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечимдерине ылайык белгиленген көлөмдөрдүн чегинде демпингге каршы алымдарды төлөбөстөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Ташып келинүүчү товарларды максаттуу пайдалануу жөнүндө
милдеттенме
Мен, ________________________________________________________
(жетекчинин/ыйгарым укуктуу адамдын аты-жөнү) __________________________________________________________
атынан иштеген (уюмдун аталышы, ИСН)
ушуну менен төмөнкүлөрдү ырастайм жана милдеттенме алам:
1) №____ максаттуу ырастоо боюнча демпингге каршы алымдарды төлөбөстөн ташып келинген товарларды өзүмдүн өндүрүшүмдө гана пайдаланууга;
2) көрсөтүлгөн товарларды үчүнчү жактарга ажыратпоого (сатпоого, өткөрүп бербөөгө), анткени товарлар өз муктаждыктарым жана өзүмдүн чарбалык ишимде пайдалануу үчүн гана ташып келинүүдө;
3) товар максатсыз пайдаланылган учурда демпингге каршы алымдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук көлөмдө төлөп берүүгө милдеттенем;
4) зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу органдын мониторинг жүргүзүүсү үчүн өндүрүштүк кубаттуулуктарга жеткиликтүүлүктү берүүгө.
Колу ___________ / _________________ /
Датасы 20_____-ж. «______» ___________
М.О.
|
| Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечимдерине ылайык белгиленген көлөмдөрдүн чегинде демпингге каршы алымдарды төлөбөстөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Ташып келинүүчү товардын максаттуу багыты
жөнүндө № ________ ырастама
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөндө көрсөтүлгөн товар өтүнмө ээсинин өзүнүн өндүрүшүндө пайдалануу үчүн багытталгандыгын жана демпингге каршы алымдарды төлөөдөн бошотулууга тийиш экендигин ырастайт.
1. Төмөндө көрсөтүлгөн продукция өнөр жай же тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү (толтурууда керектүүсүн тандоо керек) технологиялык циклди камсыз кылуу үчүн зарыл болгон компонент болуп саналат ______________________________________
2. Алуучу тууралуу маалымат:________________________________
____________________________________________________________
3. ИСН:_____________________________________________________
4. Товар жөнүндө маалымат
Товардын аталышы | ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | Саны | Наркы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5. Негиз: ЕЭК Коллегиясынын № ________ чечими.
6. Кыргыз Республикасынын бажы органдарында берүү үчүн.
Ырастоонун колдонуу мөөнөтү: 20__-ж. «_____» _________ чейин
Кызмат адамы ______________________________________________
Колу _________________ /
М.О.