Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 8-апрели № 231
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын титандын диоксидине жана алюминий фольгасына карата демпингге каршы чараларды колдонуу жөнүндө чечимдерин ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 96 «Кытай Эл Республикасынан өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүчү титандын диоксидине карата демпингге каршы алымды киргизүү аркылуу демпингге каршы чараны колдонуу жөнүндө» жана 2025-жылдын 14-октябрындагы № 97 «Кытай Эл Республикасынан өндүрүлгөн жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүчү алюминий фольгасына карата демпингге каршы алымды киргизүү аркылуу демпингге каршы чараны колдонуу жөнүндө» чечимдерин ишке ашыруу максатында (мындан ары – Коллегиянын чечимдери), «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын чечимдерине ылайык белгиленген көлөмдөрдүн чегинде демпингге каршы алымдарды төлөбөстөн Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү товарлардын максаттуу багытын ырастоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Өнөр жай, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, товарлардын максаттуу багытын ырастаган документ бажы декларациясын каттоо датасына карата декларантта болгон учурда Коллегиянын чечимдери менен белгиленген жылдык көлөмдөрдүн чегинде товарлар Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келингенде демпингге каршы алым алынбайт деп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы максаттуу ырастоо болгон учурда белгиленген көлөмдөрдүн чегинде Коллегиянын чечимдеринде көрсөтүлгөн товарларды демпингге каршы алымдарды албастан бажылык тариздөөнү камсыз кылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |