Редакцияот 13.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 31-марты № 207

Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу

жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдон келип чыккан зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев