Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 249 токтомуна)
Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-1-беренесин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана мамлекеттик тапшырманын тизмесин түзүүнүн жана аны аткаруунун тартибин аныктайт.
2. Бул Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) мамлекеттик заказчы - мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, фонддор жана мамлекеттик каражаттардын, мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен түзүлгөн башка юридикалык жактар;
2) мамлекеттик тапшырманын тизмесин түзүү жана жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаменти;
3) мамлекеттик тапшырманын аткаруучусу - мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, ошондой эле уставдык капиталында мамлекеттик үлүшү 50 жана андан жогору пайыз болгон чарбалык коомдор, анын ичинде алардын туунду чарба коомдору;
4) субподрядчы (кошо аткаруучу) - мамлекеттик тапшырманын аткаруучусу тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жободо каралган учурларда жана тартипте мамлекеттик тапшырманын бир бөлүгүн аткарууга тартылган юридикалык жак/жеке ишкер.
3. Мамлекеттик тапшырма болуп мамлекеттин социалдык-экономикалык туруктуулугун жана (же) социалдык-маданий өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган артыкчылыктуу мамлекеттик милдеттерди аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен юридикалык жактарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен заказ берүү саналат.
4. Мамлекеттик тапшырманы аткарууга уставдык капиталда мамлекеттин катышуусу менен юридикалык жактарга бюджеттик каражаттарды бөлүү уставдык капиталды көбөйтпөстөн жүзөгө ашырылат.
5. Мамлекеттик тапшырманын алкагында сатып алынуучу товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр өзгөчө учурларда төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча так сатып алынат:
1) маданият, туристтик иш, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу чөйрөлөрүндөгү;
2) билим берүү, илим жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана анын ведомстволук бөлүмдөрү тарабынан иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча;
4) эл аралык жана республикалык маанидеги жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун тармактарын куруу, реконструкциялоо, оңдоо, күтүү жана өнүктүрүү боюнча;
5) негизги фонддорду түзүү, көбөйтүү, жаңылоо жана модернизациялоо, ошондой эле экономиканын тармактарын өнүктүрүү боюнча;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик деңгээлде расмий иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча.
6. Мамлекеттик заказчы жана мамлекеттик тапшырманын аткаруучусу мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруунун алкагында бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
7. Мамлекеттик заказчы тарабынан мамлекеттик тапшырманы мамлекеттик тапшырманын аткаруучусуна өткөрүп берүү, ошондой эле аткаруучу тарабынан мамлекеттик тапшырманы субподрядчыга (кошо аткаруучуга) өткөрүп берүү ачыктык, бейтараптык, коомчулукка жеткиликтүүлүк, айкындуулук принциптеринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктардын кагылышы жана коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.
2-глава. Ыйгарым укуктуу орган
8. Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик тапшырманы аткаруу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат.
9. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) мамлекеттик тапшырма чөйрөсүнө тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, анын ичинде Мамлекеттик тапшырма реестрин түзүү жана жүргүзүү;
2) мамлекеттик тапшырманын ишке ашырылышын координациялоо, жөнгө салуу, көмөк көрсөтүү жана мониторинг жүргүзүү;
3) мамлекеттик тапшырманы аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтында Мамлекеттик тапшырмалардын тизмегин жайгаштыруу;
4) мамлекеттик тапшырманы талаптагыдай ишке ашырбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартуу;
5) мамлекеттик тапшырманы ишке ашыруу бөлүгүндө статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды түзүү;
6) субподрядчыларга (кошо аткаруучуларга) контракттарды аткаруу боюнча укуктарды жана милдеттерди өткөрүп берүүнү кошкондо, мамлекеттик тапшырманын алкагында мамлекеттик контракттардын түзүлүшүн контролдоо жана мамлекеттик заказчылар тарабынан алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү.
10. Мамлекеттик тапшырманы аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган ар айлык негизде расмий сайтында Мамлекеттик тапшырмалардын тизмегин жайгаштырат.
Мамлекеттик заказчылар жана мамлекеттик тапшырманы аткаруучулар веб-порталына (zakupki.gov.kg) мамлекеттик тапшырма жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде мамлекеттик тапшырманы субподрядга өткөрүп берүү жөнүндө маалыматтарды жайгаштырат.
11. Негиздеме-маалымкат, Мамлекеттик тапшырмалардын тизмеги, контракт жана мониторингдин жыйынтыктары мамлекеттик тапшырманы аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.