Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 12-сентябры № 96
2025-жылдын 15-августундагы №88 «Садовое айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жер тилкесин пайдаланууга берүү жөнүндө макулдук берүү жөнүндө»
токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси П.И.Лугманын маалыматын угуп чыгып, айылдык кенештин муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 12-сентябрындагы корутундусуна ылайык, Миң-Булак айыл аймагынын кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 15-августундагы №88 «Садовое айылында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жер тилкесин пайдаланууга берүү боюнча макулдук берүү жөнүндө» токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
2. Жогорудагы токтомдун 1-пункту төмөнкүдөй жаңы редакцияда баяндалсын:
«648-контурда жайгашкан аянты 487,5 чарчы метр болгон жер тилкеси 86123 аскердик бөлүмүнө пайдаланууга берилди деп эсептелсин».
3. Миң-Булак айыл өкмөтү тиешелүү өзгөртүүлөрдү айыл өкмөтүнүн жер-кадастрдык документациясына киргизсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчиктеги кыймылсыз мүлк жана жер тилкелерин берүү жана сатуу боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
Төрайым |
| Булазова Г.Т. |