Загрузка документа…
Тиркеме 4
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 417 токтомуна)
Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата контролдоонун электрондук байкоо жүргүзүү жана техникалык каражаттарын колдонуу
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата контролдоонун электрондук байкоо жүргүзүү жана техникалык каражаттарын колдонуу тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин, «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана электрондук байкоо жүргүзүүнү, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдаланууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу боюнча чараларды аткаруу эрежелерин аныктайт.
2. Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын жайгашкан жерин аралыктан контролдоо түрүндөгү электрондук байкоо жүргүзүү убактылуу коргоо ордеринин шарттарынын аткарылышын камсыз кылуу жана алардын юстиция жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан сакталышын контролдоону камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр:
контролдоо аймагы – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга электрондук байкоо жүргүзүүнүн белгиленген шарттарына ылайык болууга уруксат берилген аймак, ички иштер органдары (же сот) тарабынан чечимде көрсөтүлгөн жашаган, иштеген, окуган жеринин же башка жерлеринин даректеринин негизинде аныкталат;
тыюу салуу аймагы – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамга ички иштер органдары (же сот) тарабынан белгиленген аралыкка, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдын жашаган, иштеген, окуган же башка иш жүзүндө болгон жерлерине барууга же жакын келүүгө тыюу салынган аймак.
мобилдик контроль – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамды аралыктан биометрикалык идентификациялоо, анын жайгашкан жерин мезгил-мезгили менен ырастоо, геомаалыматтарды автоматташтырылган түрдө берүү жана программалык камсыздоону алып салуу, өчүрүү же бөгөт коюу аракеттерин фиксациялоо каралган мобилдик тиркеме же веб-сервис аркылуу жүзөгө ашырылуучу контролдоонун электрондук техникалык каражатынын түрү;
мониторинг борбору – юстиция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын электрондук байкоо жүргүзүү шарттарынын сакталышына сутка бою аралыктан контролдоону, контролдоонун техникалык каражаттарынан маалыматтарды алууну жана иштеп чыгууну, үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарды каттоону, сигналдык окуяларды фиксациялоону жүзөгө ашырган жана бузуулар жөнүндө актыларды түзгөн түзүмдүк бөлүмү;
электрондук билерик – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын денесине бекитилүүчү, анын геолокациясын реалдуу убакыт режиминде автоматташтырылган түрдө көзөмөлдөөнү, ошондой эле тиешелүү сигналдарды мониторинг борборуна жөнөтүү менен түзүлүштү чечүү, бузуу же иштешине кийлигишүү аракеттерин фиксациялоону камсыз кылуучу контролдоонун электрондук техникалык каражатынын түрү;
электрондук байкоо жүргүзүү – үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жайгашкан жери жана жүрүм-туруму жөнүндө, ошондой эле ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз же мезгил-мезгили менен алуу, иштеп чыгуу жана талдоо аркылуу контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу белгиленген тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн сакталышын аралыктан контролдоо.
2-глава. Электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуунун негиздери жана шарттары
4. Электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
– ички иштер органдарынын чечими;
– укук бузуу жөнүндө ишти кароонун жыйынтыгы боюнча соттун чечими.
5. Ички иштер органдары контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын (электрондук байкоо жүргүзүү) убактылуу коргоо ордеринин колдонуу мөөнөтүндө колдонот.
Электрондук байкоо жүргүзүүнүн колдонулушу убактылуу коргоо ордеринин колдонулушу аяктаган күнү токтотулат. Электрондук байкоо жүргүзүүнүн мөөнөтүн узартууга жол берилбейт.
6. Сот төмөнкү тыюу салуулардын жана (же) чектөөлөрдүн бирин же бир нечесин дайындоодо электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонууга укуктуу:
1) жабырлануучу менен түз байланыштарга тыюу салуу;
2) куугунтуктоого тыюу салуу;
3) ок атуучу, пневматикалык жана газ куралдарын сактоого жана (же) пайдаланууга тыюу салуу, ал эми бар болгон учурда ыйгарым укуктуу органдар тарабынан убактылуу алып коюу;
4) белгилүү бир аймактарда жайгашкан жери боюнча чектөөлөр;
5) жапа чеккен адамдын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башка чектөөлөр.
7. Сот электрондук байкоо жүргүзүүнү 3 айга чейинки мөөнөткө белгилөөгө укуктуу.
8. Электрондук байкоо жүргүзүүнү белгилөө жабыр тарткан адамдын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучту алдын алуу зарыл болгон, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерин баалоо протоколунда кайталанып жасалган зомбулуктун жогорку тобокелдиги белгиленген учурларды кошпогондо, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адам менен макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
9. Тыюу салууларды жана чектөөлөрдү аткаруу укук бузган адам негизги жаза чарасын аткаргандан кийин ички иштер органдары тарабынан контролдоонун электрондук техникалык каражаттарын белгилөө жолу менен жүзөгө ашырылат.
10. Сот актысы мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин төмөнкүлөргө жөнөтүлөт:
1) электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуу менен тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр дайындалган адамга контролду жүзөгө ашыруу бөлүгүндө аткаруу үчүн ички иштер органдарына;
2) ушул Тартиптин 6-пунктунун 3, 5-пунктчаларында каралган учурлардан тышкары сот тарабынан дайындалган электрондук байкоо жүргүзүүнү колдонуу менен тыюу салууларды жана (же) чектөөлөрдү аткаруу үчүн юстиция органдарына.