Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 417
Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин, “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” жана “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Үй-бүлөлүк зомбулуктун тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү методикасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Убактылуу коргоо ордеринин формасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдардын зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү түзөтүүчү программа 3-тиркемеге ылайык;
4) Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга карата контролдоонун электрондук байкоо жүргүзүү жана техникалык каражаттарын колдонуу тартиби 4-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-апрелиндеги № 253 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомду ишке ашыруу маселелери боюнча калк арасында, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (макулдашуу боюнча) мамлекеттик органдар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулук боюнча отчетторду түзүү жана берүү маселесин иштеп чыксын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын: