Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 17-апрели № 316-т
Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн презентациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын «Ынтымак-Ордо» административдик имаратында «Долбоорлор залы» адистештирилген аянтчасын түзүү боюнча демилгени ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын «Ынтымак-Ордо» административдик имаратында «Долбоорлор залы» адистештирилген аянтчасын түзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары – ведомстволор аралык жумушчу топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ 2026-жылдын 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн презентациялоо жана потенциалдуу инвесторлор менен предметтик жолугушууларды өткөрүү үчүн «Долбоорлор залы» адистештирилген аянтчасынын концепциясын иштеп чыксын.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топ белгиленген тартипте иштин жүрүшүндө келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн министрликтерден, административдик ведомстволордон, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл болгон маалыматты суроого, ошондой эле макулдашуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын адистерин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн тартууга укуктуу деп белгиленсин.
4. Министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары (макулдашуу боюнча) суроо-талап боюнча ведомстволор аралык жумушчу топко зарыл болгон маалыматты, материалдарды ыкчам тартипте берсин жана анын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын «Ынтымак-Ордо» административдик имаратында «Долбоорлор залы» адистештирилген аянтчасын түзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;
ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын эксперти;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын санариптик өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн эксперти;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары;