Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-апрели № 267-т
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин текстин жана музыкасын даярдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 29-январындагы № 109-VIII «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоо жөнүндө» токтомуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – ведомстволор аралык комиссия) 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстин жана музыкасын даярдоого мамлекеттик заказ жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:
1) ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштурсун;
2) чыгармачылык жамааттарга мамлекеттик заказ аркылуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорун кесиптик деңгээлде иштеп чыгууга тапшырма берсин;
3) чыгармачыл жамааттардан келип түшкөн долбоорлорду ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна киргизсин;
4) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин жаңы редакциядагы текстинин жана музыкасынын долбоорлорун талкуулоого коомчулуктун кеңири катышуусун камсыз кылсын;
5) мамлекеттик заказды өткөрүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин аныктасын жана аны ишке ашырууну камсыз кылсын;
6) мамлекеттик заказды каржылоону 2026-жылга каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырсын;
7) ведомстволор аралык комиссия тарабынан тандалган үч долбоорду 2026-жылдын 1-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-февралындагы № 58 тескемеси;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы № 220 тескемеси;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы № 476 тескемеси;