Загрузка документа…
| Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №139 токтомуна 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга
киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу
укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген
муниципалдык менчиктин жер участокторунун
наркын эсептөө методикасы
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
Жалпы жоболор
1. Ушул Методика Бишкек шаарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга мурда берилген жер участокторунун наркын аныктайт (мындан ары-Методика).
2. Ушул Методиканын максаты болуп төмөнкүлөрдү камсыздоо саналат:
жер участогунун сатып алуу наркын бир түргө келтирүү;
жол-жоболордун ачыктыгы;
муниципалитеттин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоо.
3. Методиканын аракети Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторуна гана жайылтылат.
Негизги түшүнүктөр
4. Ушул Методикада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
сатып алуу наркы (Сн)– жер участогун менчикке сатып алууда пайдалануучу тарабынан төлөнүүчү Бишкек шаарынын аймагында көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участогунун наркы;
жалпы аянты (Жа) – ижара келишимине ылайык сатып алууга тийиштүү жер участогунун аянты;
рыноктук нарк (Рн) – ушул Методикага ылайык белгиленген тартипте аныкталган кыймылсыз мүлк көлөмүнүн бир чарчы метринин рыноктук наркы;
экономикалык зона – аныкталган Бишкек шаарынын экономикалык зонасында жер участогунун наркын эсептөө үчүн колдонулган Бишкек шаарынын аймактык зонасы.
Сатып алуу наркын аныктоонун тартиби
5. Жер участогунун сатып алуу наркын аныктоо көп кабаттуу үйдү эксплуатациялоого киргизүү мөөнөтүн эске алуу менен ретроспективдүү баалоо методу аркылуу жүргүзүлөт. Сатып алуу наркын эсептөөдө ачык булактардан расмий статистикалык маалыматтар колдонулат.
6. Сатып алуу наркын аныктоодо ар жылдын 1-августуна карата АКШ долларынын курсу, Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектери, жер участогунун бир чарчы метринин орточо наркы эске алынат.
7. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун сатып алуу наркын аныктоодо төмөнкүдөй формула колдонулат:
Сн = Рн × Жа, мында:
(Сн) – сатып алуу наркы;
(Рн) - рыноктук нарк;
(Жа) - жалпы аянт.
8. Сатып алуу наркын бир түргө келтирүү жана сатып алуу жол-жоболорунун ачыктыгы үчүн жер участогунун бир чарчы метри үчүн сом менен эсептелген жер участокторунун рыноктук наркынын төмөнкүдөй маалыматтары белгиленет:
| (сом) | ||||
Жылдар |
Бишкек шаарынын экономикалык зоналары | ||||
I | II-III | VI-XI-XII- XVI | VII | VIII | |
2000-жыл | 9462 | 5037 | 1742 | 7861 | 4143 |
2001-жыл | 9591 | 5106 | 1766 | 7969 | 4200 |
2002-жыл | 9303 | 4953 | 1713 | 7730 | 4073 |
2003-жыл | 8823 | 4697 | 1625 | 7731 | 3863 |
2004-жыл | 8542 | 4548 | 1573 | 7097 | 3740 |
2005-жыл | 8231 | 4382 | 1516 | 6839 | 3604 |
2006-жыл | 8014 | 4667 | 1476 | 6659 | 3509 |
2007-жыл | 7598 | 4045 | 1399 | 6313 | 3327 |
2008-жыл | 7063 | 3760 | 1301 | 5868 | 3093 |
2009-жыл | 8751 | 4659 | 1611 | 7271 | 3832 |
2010-жыл | 9389 | 4998 | 1729 | 7801 | 4111 |
2011-жыл | 8964 | 4772 | 1651 | 7448 | 3925 |
2012-жыл | 12684 | 5564 | 1604 | 8440 | 5045 |
2013-жыл | 15027 | 6804 | 1469 | 8811 | 6706 |
2014-жыл | 22903 | 8014 | 3568 | 8582 | 10440 |
2015-жыл | 24933 | 11611 | 4400 | 8067 | 10939 |
2016-жыл | 19304 | 10740 | 5302 | 6390 | 9040 |
2017-жыл | 25264 | 9406 | 4943 | 7346 | 7689 |
2018-жыл | 29852 | 12988 | 6528 | 8092 | 10540 |
2019-жыл | 29646 | 14160 | 9626 | 11719 | 11789 |
2020-жыл | 33005 | 14584 | 10132 | 16273 | 13509 |
2021-жыл | 35599 | 16105 | 10426 | 17885 | 14833 |
2022-жыл | 41754 | 15887 | 8734 | 22873 | 14805 |
2023-жыл | 42100 | 19559 | 9561 | 25612 | 20875 |
2024-жыл | 48150 | 28907 | 16806 | 31764 | 25378 |
2025-жыл | 58242 | 39091 | 24486 | 40490 | 36380 |
Эскертүү: Бишкек шаарынын экономикалык зоналарынын чектеринин сүрөттөлүшү Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №141 токтомуна ылайык алынды. | |||||
Төмөндөтүү коэффициентин колдонуу тартиби
9. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторун өз убагында сатып алууга дем берүү максатында жер участогунун сатып алуу наркын төлөө мөөнөтүнөн аныкталган сатып алуу наркына төмөндөтүлгөн коэффициент (мындан ары - коэффициент) колдонулат.
10. Коэффициент ушул Методиканын 9-пунктуна ылайык аныкталган сатып алуу наркына карата колдонулат.