Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 31-марты № 95
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы
№ 139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо
жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү)
пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №139 «Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбуласындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» деген сөздөр «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо), 1-тиркемеге ылайык;
Бишкек шаарында көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторун сатып алуу типтүү келишими, 2-тиркемеге ылайык;
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасы, 3-тиркемеге ылайык;
Күрөө берүүнүн түрүн, шарттарын аныктоо жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркын азайтуу тартиби жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык;
Күрөө жөнүндө типтүү келишим, 5-тиркемеге ылайык.»;
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2-пункттун үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
ушул токтомдун 3, 4, 5-тиркемелерине ылайык редакциядагы 2, 3, 4-тиркемелер менен толукталсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жободо:
6-пункттун үчүнчү, төртүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
8-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жер участогунун сатып алуу наркы «Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамы кабыл алынганга чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасына (мындан ары – Методика) ылайык аныкталат. Жер участогунун наркын эсептөө көрсөтүлгөн Методикага ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылат.»;
15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«15. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардан тийиштүү документтер келип түшкөн учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде Комиссиянын жыйынына көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мурда берилген жер участокторун сатып алуу жөнүндө маселени киргизет.»;
17-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
21-пункттун в-1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«в-1) Методикага ылайык жер участогунун наркын эсептөө;»;
30-пунктта:
биринчи абзацта «баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогун баалоо жөнүндө отчётко ылайык,» деген сөздөр алып салынсын;
экинчи абзацта «тийиштүү буйрук» деген сөздөр «тийиштүү чечим» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
31-пунктта:
биринчи абзацта «буйругунда» деген сөз «чечиминде» деген сөз менен алмаштырылсын;
жетинчи абзацында «Буйруктун» деген сөз «Чечимдин» деген сөз менен алмаштырылсын;
32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«32. Комиссиянын чечиминин негизинде ижарачы жер участогунун сатып алуу наркын төлөө жүргүзүүгө жана ыйгарым укуктуу орган менен жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө милдеттүү.
Жер участогунун сатып алуу наркын жарым-жартылай төлөөгө жол берилет. Жарым-жартылай төлөгөн учурда ижарачы, Күрөө берүүнүн түрүн, шарттарын аныктоо жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркын азайтуу тартиби жөнүндө жобого ылайык күрөө берүү жолу менен сатып алуу наркынын калган бөлүгүн төлөө боюнча милдеттенменин аткарылышын камсыз кылууга милдеттүү.
Жер участогунун сатып алуу наркынын төлөнбөгөн бөлүгүнүн суммасына күрөө берилет жана аны төлөө боюнча милдеттенмелер толук аткарылганга чейин күчүндө болот.
Жер участогунун сатып алуу наркын төлөө жүргүзүлгөн суммага пропорционалдуу күрөөнүн өлчөмү азайтылууга жатат.».
2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине (А. Дж. Джунушалиев) жүктөлсүн.
2026-жылдын 13-апрелинде https://www.gorkenesh.kg/bshknyn-toktomdoru/29-sozyv/6495-95-bishkek-shaardyk-ke-eshinin-2020-zhyldyn-14-yanvaryndagy-139-bishkek-shaaryndagy-k-p-batirl-jl-rd-dolboorloo-zhana-kuruu-ch-n-murda-izhara-shartynda-ubaktyluu-m-n-tt-pajdalanuuga-berilgen-zher-uchastoktordu-satyp-aluu-tartibi-zh-n-nd-zhobonu-bekit-tuuraluu-toktomuna-zg-rt-l-rd-kirgiz-tuuraluu.html расмий сайтында жарыяланды
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Усеналиев |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31 03 № 95 токтомуна 1-тиркеме |
| «Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы №139 токтомуна 2-тиркеме |
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда
ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген
жер участокторун сатып алуунун
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары | 20__-жылдын «___» _________ |
Бишкек шаарынын мэриясы, __________________________________ атынан, __________________________________________________негизинде иштеген, мындан ары «1-тарап» деп аталган биринчи тараптан, жана________________________________атынан __________________________________________________негизинде иштеген, мындан ары «2-тарап» деп аталган экинчи тараптан, бирге «Тараптар» деп аталуучулар, Бишкек шаарындагы Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын 20___-жылдын ____ ________ №___ чечиминин негизинде, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
Келишимдин предмети
1. 1-тарап Бишкек шаарындагы Жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын 20___ - жылдын ____ ________ №___ чечиминин негизинде акы төлөнүүчү негизде, ал эми 2-тарап Бишкек шаарынын ______________________ дареги боюнча жайгашкан, _______ га аянты менен жер участогун бардык чектөөлөрү жана сервитуттары менен менчигине кабыл алат. 2. 1-пунктта көрсөтүлгөн жер участогунун функционалдык багыты __________________________________________________________________.
Жер участогуна менчик укугунун баасы
3. 2-тарап 1-тарапка сатып алынган жер участогунун наркын ушул Келишим боюнча ________________________________________________________________ сом өлчөмүндө, (цифралар жана жазуу менен) ошондой эле, башка чыгымдарды ______________________________________________сом (цифралар жана жазуу менен) өлчөмүндө төлөп берүүгө милдеттүү. 4. Жер участогуна укуктун баасы ушул Келишим боюнча 2-тарап тарабынан ушул Келишимди түзгөнгө чейин 1-тараптын эсептик эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төлөнгөндүгүн Тараптар тастыкташат. Төлөм 20___ - жылдын ____ ________ №___ төлөм документи (тиркелет) менен тастыкталат. 5. 2-тарапка жер участогуна менчик укугу мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып, 20___ - жылдын ____ ________ №___ ижаралоо келишими боюнча Тараптардын милдеттенмелери токтойт.
Тараптардын милдеттери
6. 2-тарап төмөнкүлөргө милдеттүү: 6.1. Жер участогуна менчик укугу пайда болгон учурдан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жер салыгын белгиленген тартипте төлөөгө; 6.2. Жер участогун функционалдык багыты боюнча пайдаланууга; 6.3. Ушул Келишимди жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөрүүгө жана белгиленген тартипте кадастрдык планды тариздөөгө; 6.4. Кадастрдык план таризделгенден кийин 3 жумуш күндүн ичинде шаар курулушу боюнча нөөмөттүк планды жүргүзүү үчүн архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылууга.
Кепилдиктер жана дооматтар
7. Тараптар тарабынан ушул Келишимдин предмети үчүнчү жактын укуктары менен чектелбегендиги, күрөөдө турбагандыгы жана тыюу (камак) салынбагандыгы макулдашылды. 8. Ушул Келишимдин Тараптары алар тараптан кол коюлуп жаткан ушул Келишимдин маңызын түшүнүшөт жана укуктары бар экенин, ошондой эле алар үчүн өзгөчө ыңгайсыз шарттарды ушул Келишимди алар тарабынан түзүүнү мажбурлаган жагадайлар болбогондугун билдиришет. 9. Ушул Келишим үчүнчү жактардын укугун жана мыйзамда каралган кызыкчылыктарын бузбай тургандыгын, мажбурлоонун жана аргасыз шарттарда түзүлбөгөндүгүн кепилдешет.
Талаштарды чечүү
10. Бардык талаш-тартыштар Тараптардын ушул Келишимде көрсөтүлгөн юридикалык дарекетерине каттарды (корреспонденцияларды) жөнөтүү аркылуу сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен чечилет. Эгерде талаш-тартыштарды сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн эмес болсо, Тараптар Кыргыз Республикасынын сотторуна мыйзам тартибинде каралган тартипте кайрылууга укуктуу.
Келишимдин шарттарын өзгөртүү жана аны бузуу
11. Ушул Келишимдин шарттарын өзгөртүү же ага толуктоолорду киргизүү Тараптардын макулдугу менен гана мүмкүн болот. 12. Ушул Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу жүзүндө жүзөгө ашырылып, андан кийин өзгөртүүлөр жана толуктоолор жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөрүлөт, жана ушул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган кошумча келишим түрүндө таризделет.
Чыгымдар
13. Ушул Келишимди түзүүгө, мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жана аны аткарууга байланышкан бардык чыгымдарды 2-тарап тартат.
Кошумча шарттар
14. Ушул Келишим Тараптар тарабынан кол коюлган учурдан жана мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет. 15. Ушул Келишим Тараптар бардык милдеттенмелерин аткарганга чейин күчүндө болот. 16. Ушул Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлдү. Бир нускасы жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу органда, ал эми бирден нускасы ар бир Тарапта сакталат.
Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери: | |