Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 20-апрели № 270-т
Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо – 4» долбоору (мындан ары – Долбоор) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Долбоорду ишке ашыруу үчүн «Элдик Банк» жана «АБанк» ачык акционердик коомдорунун пайыздык ставкаларын субсидиялоого «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын эсебинен 25 840 000 (жыйырма беш миллион сегиз жүз кырк миң) сом бөлсүн;
2) кийинки жылга Долбоорду каржылоону карасын (субсидиялардын экинчи траншы).
3. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат Долбоорду ишке ашыруу башталганга чейин жана аны аяктоонун жыйынтыгы боюнча атмосфералык абага зыяндуу заттардын чыгарылышына мониторинг жүргүзсүн.
4. Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Долбоордун шарттары тууралуу калк арасында жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
5. Долбоорду ишке ашырууга катышкан «Элдик Банк» жана «АБанк» ачык акционердик коомдоруна Долбоорду ишке ашырууга катышкан жеке жана юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге кредит берүүдө комиссияларды жана башка жыйымдарды албоо сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги «Элдик Банк» жана «АБанк» ачык акционердик коомдору жана «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому (макулдашуу боюнча) менен биргеликте Долбоорду аяктоонун жыйынтыгы боюнча анын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзсүн.
7. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
«Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо – 4»
долбоору
1- глава. Жалпы жобо
1. «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо – 4» долбоорунун (мындан ары – Долбоор) максаты газ от казандарын жана башка материалдарды сатып алуу, газга кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу деңгээлин жогорулатуу үчүн жеткиликтүү жеңилдетилген кредиттик каражаттарды берүү аркылуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 24 ай.
3. Долбоордун наркы – 200,0 млн сом.
4. Каржылоо булактары:
– Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети;
– «Элдик Банк» жана «АБанк» ачык акционердик коомдорунун (мындан ары – банктар) каражаттары.
5. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы – 2026-жылдын апрели.
6. Жооптуу аткаруучулар:
– Бишкек шаарынын мэриясы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
– Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги;
– банктар (макулдашуу боюнча);
– «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары – «Газпром Кыргызстан» ЖЧК) (макулдашуу боюнча) жана Долбоорду ишке ашырууга катышкан башка уюмдар.
7. Долбоордун алкагында 2026-жылдын ичинде калкка, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге газ от казандарын сатып алуу жана газга кошуу үчүн банктардын финансылык каражаттары берилет.
8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тийиштүү жылдарга жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди жайгаштырууга жана каржылоого банктардын чыгымдарын республикалык бюджеттин каражаттарынан субсидиялайт.
9. Кредиттерди берүү жана каржылоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана банктардын ички документтерине ылайык аныкталат.
10. Берилген кредиттерди кайтаруу жана каржылоо боюнча бардык тобокелдиктерди банктар тартат, зайымчылар алардын ички жол-жобосуна ылайык тандалат.
11. Банктар Долбоордун шарттарын жана талаптарын так сактоого жоопкерчилик тартат.
12. Долбоорго катышкан Банктар зайымчыларды (абоненттерди) төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда кредиттөөгө же каржылоого милдеттүү:
– каржылоо субъекттери – жеке жана юридикалык жактар, жеке ишкерлер;
– каржылоо объекттери – турак жай жана коммерциялык кыймылсыз мүлк;
– газдаштыруу өзүнө курулуш-монтаждоо жумуштарын (КМЖ), газ менен жылытуучу от казандарын орнотууну/сатып алууну, сарпталуучу материалдарды, газдаштыруу үчүн мурда алынган кредиттерди кайра каржылоону камтыйт;
– суммасы – 150 000 (бир жүз элүү миң) сомго чейин кошуп алганда;
– кредиттин мөөнөтү – 12 ай, 24 ай;
– камсыз кылуу – күрөөсүз негизде;
– акыркы пайыздык ставка – жылдык 3,00 пайыз;
– субсидиялоо ставка – жылдык 17,84 пайыз;
– жеңилдетилген мезгил – жок.
13. Банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кредиттөө көлөмү боюнча маалымат берет, мында субсидиялоо ставкасы жылдык 17,84 пайыздан ашык болбоого тийиш.
14. Долбоор жөнүндө калкты талаптагыдай маалымдоо максатында аны ишке ашырууга катышкан банктар Долбоор боюнча кредиттөө шарттары жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында, банктардын маалымат стенддеринде жана расмий сайттарында жарыялоого тийиш.
15. Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн банктар жыл сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кредиттөөнүн иш жүзүндөгү суммасын жана өткөн жылдагы мөөнөтүн көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө берет.
16. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептик коэффициенттерге ылайык субсидиялардын суммасын эсептөөнү жүргүзөт жана субсидиялардын траншын банктарга чегерүү үчүн тиешелүү жылга карата финансылык план даярдайт.
17. Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан банктардын алыш-бериш эсептерине которулат.
18. Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Бишкек шаарынын мэриясына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилген кредиттер жөнүндө маалымат берет.
19. Долбоорудун каражаттарын өз убагында өздөштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги банктардын арасында Долбоордун каражаттарынын лимитин бир тараптуу тартипте кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.
20. Пайыздык ставкалар боюнча субсидияларды берүүдө банктардын чыгымдарын жабуу үчүн төмөнкүдөй эсептик коэффициенттер кабыл алынат:
1) субъекттерге 24 айлык мөөнөткө берилген кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 18,59 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бөлүгү 2026-жылы 12,95 эсептик коэффициент боюнча, бир бөлүгү 2027-жылы 5,64 эсептик коэффициент боюнча которулат;
2) субъекттерге 12 айлык мөөнөткө берилген кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 9,66 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бөлүгү 2026-жылы 9,66 эсептик коэффициент боюнча которулат;
3) акыркы алуучунун пайыздык ставкасы жылдык 3,00 пайызды түзөт.
21. Субсидиялоонун ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелет. Субсидиялоонун коэффициенти кредит берүү мөөнөтүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн, бирок субсидиялоо ставкасы жылдык 17,84 пайыз менен өзгөртүүсүз калтырылат.
22. Эсептик формулага ылайык аныкталуучу субсидиялардын суммалары банктарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан эки транш менен которулат, анын ичинде:
1) биринчи транш – өткөн жылга банктар тарабынан иш жүзүндөберилген кредиттик каражаттардын суммасына субсидиялар ар жылдын аягында которулат;
2) экинчи транш – биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
23. Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин, ошондой эле экинчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине мөөнөтүнөн мурда төлөө жүргүзгөн зайымчылардын суммасын, датасын жана санын көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр жөнүндө толук маалымат берүүгө милдеттүү.
Субсидиялардын экинчи траншын алуу үчүн банктар мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди кемитүү менен өтүнмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Банктар берилген жана мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
24. Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар. Көрсөтүлгөн тобокелдикти минималдаштыруу банктар тарабынан келишимге (кредиттик/каржылоо) зайымчынын банктык сырды түзгөн маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга ачыкка чыгарууга жана берүүгө макулдугу жөнүндө жобону киргизүү менен жүзөгө ашырылат. Бул макулдук мамлекеттик контролду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон келишим боюнча маалыматтын бардык көлөмүн камтыйт жана банктык сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык ишке ашырылат.
25. Кредит максатсыз пайдаланылган учурда кредит боюнча пайыздык ставка кредит берилген күндөн тартып банктын өздүк ресурстарынан берилүүчү банктын колдонуудагы кредиттик продукттарынын пайыздык ставкаларына ылайык белгиленет жана банктар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине субсидиянын мурда чегерилген суммасын толук көлөмдө кайтарып берүүгө милдеттүү.
26. Банктардын субсидияларды негизсиз алуу тобокелдигин минималдаштыруу максатында:
1) Бишкек шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү берилген кредиттердин жана каржылоонун абоненттер тарабынан максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт;
2) банктар тарабынан субсидияланган кредиттик каражаттарды атайылап максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда банктар алынган субсидия каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине толук көлөмдө кайтарып берүүгө тийиш.
27. Табигый катаклизмдерге байланыштуу зайымчылар тарабынан кредиттердин кайтарылбай калуу тобокелдиги келип чыкканда банктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аны минималдаштыруу боюнча өз алдынча чараларды көрөт.
28. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү үчүн банктар жеңилдетилген кредит берилгенден кийин зайымчылардан «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынан Долбоордун алкагында абонентти кошуу жөнүндө маалымкат түрүндө ырастоону тиркемеге ылайык талап кылууга милдеттүү.
29. Жеңилдетилген кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында банктар, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча жылдын аягына карата Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине зайымчылардын кредитти максаттуу пайдалануусу жөнүндө агрегацияланган маалыматты төмөнкүдөй негизги көрсөткүчтөр боюнча берет (кредит берүүгө чейин жана кийин):
– Долбоорду ишке ашыруунун жыйынтыгында абоненттердин саны;
– даректердин/конуштардын/райондордун саны.