Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-апрели № 278-т
Улуттук деңгээлде Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (мындан ары – ТӨМ) жетүүнүн прогрессине натыйжалуу мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарынын 2030-жылга карата максаттуу индикаторлору менен көрсөткүчтөрүнүн матрицасы (мындан ары – Матрица) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети мамлекеттик органдар менен биргеликте ТӨМ матрицасынын көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды туруктуу негизде актуалдаштырып турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик органдар менен биргеликте тармактар боюнча мамлекеттик саясатты актуалдаштыруу жана түзөтүү максатында ТӨМдүн көрсөткүчтөрүнө жыл сайын талдоо жүргүзүп жана кайра карап чыгып турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 567-т тескемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |