Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
X чакырылыш
кезектеги XXIII сессия
2026-жылдын 16-февралы №7
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Жобосун Манас шаарынын мэриясы деп ѳзгѳртүү менен кайра каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, Манас шаарынын мэриясынын 21.01.2026-жылдагы чыг.№01-18/256 сандуу катын Манас шаардык депутаттар кеңешинин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, комиссиянын корутундусуна ылайык, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жалал-Абад шаарынын мэриясы” мекемеси “Манас шаарынын мэриясы” мекемеси болуп кайра катталсын.
“Манас шаарынын мэриясы” мекемесинин толук фирмалык аталышы:
-Мамлекеттик тилде: “Манас шаарынын мэриясы” мекемеси;
-Расмий тилде: Учреждение “Мэрия города Манас”.
2. “Манас шаарынын мэриясы” мекемесинин Жобосу жаңы редакцияда №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. “Манас шаарынын мэриясы” мекемесинин жайгашкан жери төмөндөгү даректе даректелсин: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Ю.Абдрахманов көчөсү № 6.
4. Манас шаардык кеңешинин 29.03.2024-жылдагы кезексиз XXXIX сессиясынын №3-токтому күчүн жоготту деп табылсын.
5. “Манас шаарынын мэриясы” мекемесин Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү Манас шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
6. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн малыматтардын, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтерге малыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан таанылгандыгы ырасталсын.
7. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
9. Ушул токтом Манас шаардык депутаттар кеңешинин www.manas-kenesh.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Болотов Н.Б. |