Загрузка документа…
|
Манас шаардык кеңешинин “16”-февраль 2026-жылдагы кезектеги XХIII сессиясынын №7-токтомуна 1-тиркеме |
1. | Жалпы жоболор |
2. | Манас шаарынын мэриясынын компетенциясы |
3. | Манас шаарынын мэриясынын принциптери, түзүмү жана уюштуруучулук негиздери |
4. | Манас шаарынын мэриясынын коллегиялдуу органы |
5. | Каржылоо жана укуктук абалы |
6. | Манас шаарынын мэриясынын мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери |
7. | Шаардын мэри |
8. | Шаардын мэринин ыйгарым укуктары |
9. | Шаардын мэринин орун басары |
10. | Манас шаарынын мэриясынын финансылык-экономикалык негиздери |
11. | Жобого өзгөртүү киргизүү тартиби |
12. | Корутунду жоболор |
1. Жалпы жоболор
1.1 Манас шаарынын мэриясынын жобосу (мындан ары – шаардын мэриясы) шаардын аймагында Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Кодекстерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № УП 137 “Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга карата Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгына жана ушул жобого ылайык иш алып барат.
1.2 Шаардын мэриясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп саналат.
1.3. Манас шаарынын мэриясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы болуп, мэр башкарат.
1.4. Мэр-шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчиси. Манас шаарынын мэри саясий кызмат болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан муниципалдык кадрлар резервинде турган жарандардан дайындалат. Мэрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.
1.5.
Шаардын мэриясы - шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы.
1.6. Шаардын мэриясы өзүнүн курамына кирген айыл аймактарынын укук мурастоочусу болуп саналат, юридикалык жактын статусуна ээ жана алар уюшулган күндөн тартып кошулду деп эсептелет.
1.7. Шаардын мэриясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү кеңештин токтомдорун, ошондой эле ушул жобонун негизинде иш алып барат.
1.8. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, шаардын мэриясы өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу, банк мекемелеринде алыш-бериш эсеби бар юридикалык жак болуп эсептелет. Шаардын мэриясынын мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
1.9. Шаардын мэриясы юридикалык статуска ээ, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби чөгөрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилинде жазылган тегерек мөөрү, Кыргыз Республикасынын банктарында бет эсеби (расчеттук валюталык) өз алдынча мүлк каражат балансы болот. Шаардын мэриясы республикалык жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
Шаардын мэриясынын расмий аталышы:
- Мамлекеттик тилде: “Манас шаарынын мэриясы”;
- Расмий тилде: “Мэрия города Манас”.
1.10. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Манас шаары, Ю.Абдрахманов көчөсү № 6, Индекс 720904
2. Шаардын мэриясынын компетенциясы
2.1. Шаардын мэриясы:
1) Шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, шаардыктарга социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштуруу;
2) шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;
3) социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылууга катышат жана кеңеш бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылат, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жарыялайт, ошондой эле аны расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, стенддерге) жайгаштырат;
4) шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
5) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
6) жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
7) шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат;
8) муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүгө жана тиешелүү органдар менен макулдашуу боюнча социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди, ошондой эле алардын иштеши үчүн зарыл болгон жабдууну баланска кабыл алууга катышат;
9) шаардын турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү жана жакшыртуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
10) шаарды куруунун башкы планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, мыйзамдарга ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
11) жаратылыш кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык чараларды жүзөгө ашырат;
12) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат;
13) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чараларды өз убагында өткөрүүнү камсыздоого көмөк көрсөтөт;
14) мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
3. Манас шаарынын мэриясынын принциптери, түзүмү жана уюштуруучулук негиздери
3.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - жергиликтүү коомдоштуктун жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча ишмердүүлүгү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
3.2. Манас шаарынын мэриясы төмөнкү принциптерди жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттик жана муницпалдык органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын так аныктоо;
2) мэриянын жергиликтүү коомдоштуктун алдында ачык, жооптуу болушу жана алардын өз функцияларын жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
2) мэриянын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы, жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;
3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;
4) шаардын мэриясынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары (чогулуштары) жана курултайлар аркылуу жарандардын эрктерин билдирүүсү;
5) жергиликтүү коомдоштуктардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;
6) коомдук пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;
7) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
8) өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө шаардын мэриясынын көз карандысыздыгы;
9) Манас шаардык депутаттар кеңеши тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүү;
10) өз алдынча камсыз кылуу, өз алдынча жөнгө салуу жана өз алдынча каржылоо;
11) шаардын мэриясынын Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик органдары менен тыгыз өз ара аракетте иштейт.
3.3. Манас шаарынын мэриясынын түзүмү:
1) Манас шаарынын мэриясы: шаардын мэри, мэрдин биринчи орун басары, мэрдин орун басарлары, шаардын мэриясынын аппарат жетекчисинен, аппаратынан жана шаардын мэриясы тарабынан түзүлгөн кызматтык түзүмдөрдөн турат.
2) Манас шаарынын мэри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген шаардын мэриясынын аткаруу органдарынын типтүү түзүмүнө жана штаттык бирдиктеринин санына ылайык шаардын мэриясынын түзүмүн жана штаттык санын бекитет.
3) мэрдин, мэрдин биринчи орун басарынын, орун басарлардын жана аппарат жетекчинин кызматтык милдеттенмелери, шаардын мэри тарабынан бөлүштүрүлөт жана бекитилет.
3.4. Манас шаарынын мэриясынын уюштуруучулук негиздери:
1) жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган өз кызыкчылыктарындагы жана өз жоопкерчилигиндеги өз алдынча иш аракеттери.
2) жамааттар тарабынан шаардын өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу, ошондой эле жарандардын түздөн-түз катышуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
4. Манас шаарынын мэриясынын коллегиялдуу органы
4.1. Манас шаарынын мэриясынын алдында, коллегиялык орган – коллегия түзүлөт.
4.2. Коллегия – Манас шаарынын мэриясынын коллегиялдуу аткаруу органы болуп саналат.
4.3. Аткаруу комитети өз ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Респбуликасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн укуктук ченемдик актыларынын, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана ощондой эле Манас шаардык депутаттар кеңешинин, Манас шаарынын мэриясынын жана элдик курултайдын өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин аткарууга алуунун негизинде ишке ашырат.
4.4. Коллегиянын курамы шаардын мэри тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Аткаруу комитетинин саны 7 адамдан түзүлөт.
4.5. Коллегиянын курамына мэр, шаардык кеңештин төрагасы, мэрдин биринчи орун басары, орун басарлары, аппарат жетекчи ошондой эле, структуралык бөлүмдөрдүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери кирет.
4.6. Коллегиянын отурумун шаардын мэри чакырат жана отурумдун ишине төрагалык кылат, ал эми ал жок учурунда мэрдин биринчи орун басары чакырууга укуктуу. Коллегия отуруму зарылдыгына жараша, бирок бир кварталда бир жолудан кем эмес чакырылууга тийиш.
4.7. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен каралган шаардын мэринин ыйгарым укуктарынан тышкары шаардын мэриясынын коллегиясы жергиликтүү маанидеги баардык маселелерин чечет.
4.8. Шаардын мэриясынын коллегиясы мэриянын структуралык бөлүмдөрүнүн жана шаардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын ишмердүүлүгүн башкарат.
4.9. Шаардын мэриясынын коллегиясы өз отурумунда маселелерди кароодо жана алар боюнча чечим кабыл алууда коллегиялуулукту, айкындуулукту, коомчулуктун ой пикирин эске алуу менен жана ошондой эле кабыл алынган чечимдердин аткарылышына мэриянын структуралык бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилеринин, мэриянын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын алдындагы жеке жоопкерчилигине таянуу менен чечим чыгарат.
4.10. Шаардын мэриясынын коллегиясы өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын жана Манас шаарынын мэриясы бекиткен регламенттин негизинде жүзөгө ашырат.
5. Каржылоо жана укуктук абалы
5.1. Шаардын мэриясын каржылоо жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
5.2. Шаардын мэриясы менчигинде оперативдүү башкарууда мүлкү бар жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ал мүлкү менен жооп берген, өз атынан ушул мүлккө байланышкан милдеттенмелерге ээ боло алат.
5.3. Ижара акыларынан түшкөн акча каражаттарды Манас шаарынын өнүгүүсүнө жана материалдык базасын чыңдоого жумшайт.
5.4. Шаардын мэриясынын экономикалык негизин: кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акча каражаттары, баалуу кагаздар, ошол аймакта турган жаратылыш ресурстары, жарандык укуктардын башка объекттери түзөт.
5.5. Шаардын мэриясы жергиликтүү маанидеги маселелерди майнаптуу жана ыкчамдуу чечүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өз аймагынын чегинде экономикалык өнүктүрүүнү стимулдаштыруу жана пайда алуу максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды ачууга, акционердик коомдорго катышууга укуктуу.
5.6. Шаардын мэриясы, жергиликтүү коомчулуктун: коммуналдык-турмуш тиричилик жагын тейлөө боюнча кызмат көрсөтүүгө жана социалдык-маданий керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн муниципалдык заказ кыла алат.
5.7. Муниципалдык заказды каржылоо келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттен каражаттарынан же мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлөт.
5.8. Шаардын мэриянын кошумча каржы булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
-менчик ээсинин өздүк каражаттары;
-бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттар;
-менчик ээси же ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген мүлктөр;
-жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз ыктыяры менен берилген каражат, мүлктөр;
-продукцияларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар жана башка мыйзам чегинде уруксат берилген ишкердиктен түшкөн кирешелер;
-банкттардын жана башка кредиторлордун насыясы;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражат булактары.
6. Манас шаарынын мэриясы менен мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара мамилелери
6.1. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун калыптанышы жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук, материалдык-каржылык шарттарды түзөт жана калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу укугун жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтөт.
7.1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 46, 47-беренелеринде аныкталган талаптардын жана тартиптин негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
7.2. “Жергиликтүү мамлекетгик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган ыйгарым укуктарынан тышкары шаардын мэри:
1) тиешелүү шаардын аймагында болгон, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна мыйзамда белгиленген тартипте дайындайт жана бошотот;
2) бириктирилген айыл аймактарынын административдик борборлорунан алыс жайгашкан айылдарда муниципалдык аймактык башкаруу түзүмүн түзүүгө укуктуу;
3) шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын, инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен келишимдин негизинде тиешелүү адистерди тартууга укуктуу;
4) мамлекеттик органдар жана башка мекемелер, уюмдар менен жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыгында анын өкүлү катары өз ара аракеттенет;
5) шаардын мэриясынын аппарат кызматкерлери коррупциялык элементтерге аралашкан учурда түз жоопкерчилик тартат.
8. Шаардын мэринин ыйгарым укуктары
8.1. Шаардын мэри:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларынын, жергиликтүү кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;
2) мэриянын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, алардын ишинин натыйжалары үчүн жооп берет;
3) шаардын аймагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялоону жүзөгө ашырат;
4) мэриянын кызматкерлерин мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартип жазасын колдонуу чараларын көрөт;
5) ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин, анын ичинде аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органды жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, тиешелүү шаардын аймагында болгон, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна мыйзамда белгиленген тартипте дайындайт;
7) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органды жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, тиешелүү шаардын аймагында болгон, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат орундарынан өз алдынча бошотот. Аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө негиздүү сунуш киргизген учурда жогоруда аталган кызмат адамдарын кызмат ордунан бошотууга милдеттүү;
8) жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынгандарын кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну ишке ашырат;
9) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай уюштурулушу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, коомдук жана башка уюмдарында жана чет өлкөлөрдө мэриянын атынан иш алып барат;
11) социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун колдонуудагы программаларынын уланмалуулугун камсыз кылат же жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча кызматка киришкен күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кеңешке бекитүүгө берет;
12) жергиликтүү бюджеттин долбоорун шаардык кеңештин бекитүүсүнө сунуштайт, жарым жылда бир жолу жергиликтүү маанидеги иштердин аткарылышы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө, шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын аткарылышынын маселеси боюнча шаардык кеңешке отчет берет;
13) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет;
14) шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизет, анын ишине катышат;
15) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардактуу наамдарды ыйгаруу жөнүндө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентине өтүнүч берет;
16) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
17) Ички коррупциянын алдын алуу системасын түзүү боюнча чараларды көрөт.
9. Шаардын мэринин орун басары
9.1. Шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басары) мэр тарабынан өз алдынча дайындалат.
9.2. Шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басары) муниципалдык резервде турган адамдардын ичинен дайындалат.
9.3. Мэрдин биринчи орун басары мэр жок мезгилде аны алмаштырат жана мэр тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарат.
9.4. Мэр кызмат ордунан бошотулган учурда анын милдеттери жаңы мэр дайындалганга чейин мэрдин биринчи орун басарына жүктөлөт.
9.5. Мэрдин биринчи орун басары (орун басарлары) өзү аткарып жаткан ыйгарым укуктары үчүн мэрдин алдында жооп берет.
10. Шаардын мэриясынын финансылык-экономикалык негиздери
10.1. Шаардын мэриясынын финансылык негизин мыйзамдарда жергиликтүү бюджеттерге бекитилген кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, ссудалар жана башка финансылык ресурстар түзөт.
10.2. Шаардын мэриясынын экономикалык негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагына өткөрүп берилген жана жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуп жаткан жерлер, жарандык укуктун башка объекттери, ошондой эле тиешелүү аймакта ишин жүзөгө ашырып жаткан ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
10.3. Шаардын мэриясынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби жана принциптери мыйзамдар менен жөнгө салынат.
11. Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби
Ушул жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле аны жаңы редакцияда бекитүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
12. Корутунду жоболор
12.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кошулган шаардын аймагынын курамына кирген айыл өкмөтүнүн балансында турган мүлк жана каражаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте шаардын мэриясынын карамагына өткөрүлүп берилет. Ал эми документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
Жооптуу катчы Осмонова Г.О.