Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 24-апрели № 286-т
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жана Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 28-беренесинин 8-бөлүгүнө, 95-беренесине, «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 62 «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 429 «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобого, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу дарыясында чакан гидроэлектр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоору мамлекеттик милдет катары аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана «Майлуу-Суу лампа заводу» ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомуна Майлуу-Суу дарыясында чакан гидроэлектр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздемени жана башка долбоордук документтерди камтыган документтер топтомун өткөрүп берсин.
3. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемеси белгиленген тартипте:
1) «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомуна конкурс өткөрбөстөн Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Майлуу-Суу шаары, Горняцкая көчөсү, 60 дарегинде жайгашкан, аянты 2,7 га, идентификациялык коду: 3-13-01-0003-0283 жер тилкесин чакан гидроэлектр станциясы түрүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объектин куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) акысыз пайдаланууга өткөрүп берсин;
2) Майлуу-Суу дарыясында чакан гидроэлектр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун даярдоодо жана ишке ашырууда «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомуна ар тараптуу көмөк көрсөтсүн;
3) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматы белгиленген тартипте:
1) «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында жайгашкан мамлекеттик токой фондунун жерлерине тиешелүү болгон жер тилкелерин ушул тескеменин тиркемесине ылайык координаттардын чектеринде мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүүнү камсыз кылсын:
- «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Тоскоол-Ата токой чарбасы» мекемесинин карамагында турган аянты 2,43 га болгон жер тилкеси;
- «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Кочкор-Ата токой чарбасы» мекемесинин карамагында турган аянты 12,45 га болгон жер тилкеси;
2) ушул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. «Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду» ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:
- Майлуу-Суу дарыясында чакан гидроэлектр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун тартылган жана өздүк каражаттардын эсебинен каржылоо;
- Майлуу-Суу дарыясында чакан гидроэлектр станциясын долбоорлоо, куруу, туташтыруу, ишке киргизүү жана эксплуатациялоо боюнча иштерди аткаруу.
6. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |