Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-апрели № 264
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 15-октябрындагы № 621 «Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасын жөнгө салууну өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 621 «Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик бир жумалык мөөнөттө «Маалыматты коргоо каражаттарын сертификациялоо системасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомунун долбоорун бекитүүгө киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |