Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 250 токтомуна )
Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыз кылууга ТАЛАПТАР
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин киберкоопсуздугун камсыз кылууга талаптар (мындан ары - Талаптар) "Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм (мындан ары - ӨМИ) объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоого, ошондой эле киберчабуулдардын, кибержаңжалдардын алдын алууга, аныктоого, мониторинг жүргүзүүгө, чара көрүүгө жана кесепеттерин азайтууга багытталган.
2. Ушул Талаптардын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-ноябрындагы № 716 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерин категорияга бөлүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин маанилүүлүк критерийлеринин көрсөткүчтөрүнүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттерин категорияга бөлүү тартиби жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин маанилүүлүк критерийлеринин көрсөткүчтөрүнүн тизмегине ылайык ӨМИ объекттерине таандык болгон маалыматтык, маалыматтык-телекоммуникациялык системаларга, телекоммуникациялык тарамдарга, маалымат базаларына, маалыматтарды иштеп чыгуу борборлоруна жана автоматташтырылган башкаруу системаларына карата жайылтылат.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш болгон маалыматты иштеп чыгуу жүргүзүлгөн ӨМИ объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо үчүн ушул Талаптар киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана стандарттарды, ошондой эле тармактык ченемдик укуктук актылардын жоболорун эске алуу менен колдонулат.
4. ӨМИ объекттеринин киберкоопсуздугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздук системаларын түзүүгө жана алардын иштөөсүн камсыз кылууга талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфраструктура объекттеринин киберкоопсуздук системаларын түзүүгө жана алардын иштөөсүн камсыз кылууга талаптарга, ошондой эле ушул Талаптарга ылайык ӨМИ субъекттери тарабынан камсыз кылынат.
5. ӨМИ объектинин киберкоопсуздугунун чакан системасы - ӨМИ объекттеринин маалымат процесстерин туруктуу коргоого багытталган ӨМИ субъектинин киберкоопсуздук системасынын элементи. ӨМИ объектинин киберкоопсуздугунун чакан системасы коркунучтардын алдын алууга, маалыматты коргоого жана анын иштешинин туруктуулугун сактоого багытталган техникалык каражаттарды жана уюштуруу чараларын бириктирет. ӨМИ объектинин киберкоопсуздугунун чакан системасы ӨМИ субъектинин киберкоопсуздук контуруна интеграцияланат жана ӨМИ субъектинин деңгээлинде уюштурулган киберкоопсуздукту камсыздоо, мониторинг жүргүзүү, чара көрүү жана кибержаңжалдарды башкаруу процесстерине катышат, бул киберкоркунучтарды ыкчам аныктоого жана жок кылууга мүмкүндүк берет.
2-глава. ӨМИ объекттерин түзүүдө, эксплуатациялоодо жана эксплуатациялоодон чыгарууда киберкоопсуздукту камсыздоого талаптар
6. ӨМИ объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо ӨМИ объекттерин түзүү (модернизациялоо), эксплуатациялоого киргизүү, эксплуатациялоо жана эксплуатациялоодон чыгаруу боюнча жумуштардын курамдык бөлүгү болуп саналат. ӨМИ объекттеринин киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча чаралар алардын жашоо циклинин бардык стадияларында (этаптарында) көрүлөт.
7. ӨМИ объектин түзүүдө (модернизациялоодо), эксплуатациялоого киргизүүдө, эксплуатациялоодо жана эксплуатациялоодон чыгарууда жашоо циклинин стадияларында (этаптарында) төмөнкүдөй иш-чаралар жүргүзүлөт:
1) ӨМИ объектинин киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды белгилөө;
2) ӨМИ объектинин киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча уюштуруу жана техникалык чараларды иштеп чыгуу;
3) ӨМИ объектинин киберкоопсуздугун камсыздоо боюнча уюштуруу, техникалык чараларды киргизүү жана аны эксплуатациялоого киргизүү;
4) ӨМИ объектин эксплуатациялоодо анын киберкоопсуздугун камсыздоо;
5) ӨМИ объектин эксплуатациялоодон чыгарууда анын киберкоопсуздугун камсыздоо.
8. ӨМИ объектинин жашоо циклинин стадияларында (этаптарында) анын киберкоопсуздугун камсыздоо үчүн жүргүзүлгөн иш-чараларды ишке ашыруунун жыйынтыгы документтештирилүүгө тийиш. Документтин курамын жана формаларын ӨМИ субъекти аныктайт.
Эксплуатациялоодо турган ӨМИ объекттери үчүн ушул Талаптар ӨМИ объектин модернизациялоонун жана (же) эксплуатациялануучу ӨМИ объекттеринин киберкоопсуздугунун чакан системаларын түзүүнүн (модернизациялоонун) алкагында ишке ашырылууга тийиш. ӨМИ объекттеринин киберкоопсуздугунун чакан системаларын түзүү (модернизациялоо) ӨМИ субъекттеринде болгон программаларды (пландарды) эске алуу менен ушул Талаптарга ылайык ишке ашырылат.