Загрузка документа…
|
| Тиркеме
|
|
| Евразия кайра камсыздандыруу компаниясынын Башкаруучулар кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибиндеги маселелер боюнча документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо 1. Ушул Тартип менен мамлекеттик органдар жана башка уюмдар тарабынан Евразия кайра камсыздандыруу компаниясынын (мындан ары – ЕКК) Башкаруучулар кеңешинин жыйналыштарынын документтерин (материалдарын) кароо, позицияларды даярдоо эрежелери белгиленет. 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча документтерди (материалдарды) алгандан кийин 2 жумуш күндүн ичинде (кошумча маселелер боюнча – 1 күндөн кечиктирбестен) материалдарды жиберет: 1) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине – ЕКК маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын позициясын түзүү үчүн; 2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине – өз компетенциясынын чегинде ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин белгилөөчү башка эл аралык-укуктук актыларга шайкештигин кароо үчүн; 3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине – өз компетенциясынын чегинде ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна шайкештигин кароо үчүн; 4) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине – өз компетенциясынын чегинде 2022-жылдын 20-октябрындагы Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун алкагында ЕККтин уставдык капиталы боюнча Кыргыз Республикасынын каржылык милдеттенмелерин камсыз кылуу бөлүгүндө ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды, ошондой эле ревизиялык комиссиянын маселелерин кароо үчүн; 5) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматына – өз компетенциясынын чегинде ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна шайкештигин кароо үчүн; 6) «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ачык акционердик коомуна – өз компетенциясынын чегинде ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды кароо үчүн; 7) Кыргыз Республикасынын башка кызыкдар мамлекеттик органдарына – ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды кароо, ошондой эле тиешелүү позицияларды иштеп чыгуу үчүн. 3. ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине карата материалдарды мамлекеттик органдар тарабынан кароонун мөөнөтү алар келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндү (кошумча маселелер боюнча – 2 жумуш күндү) түзөт. Материалдарды кароого жооптуу мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине ЕКК Башкаруучулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселелер боюнча позицияларын жөнөтөт. Материалдар боюнча позиция берилбегендиги үчүн жоопкерчилик аларды кароо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлөт. |