Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-апрели № 267
Евразия кайра камсыздандыруу компаниясынын
алкагында иштерди уюштуруу жөнүндө
Евразия кайра камсыздандыруу компаниясынын Башкаруучулар кеңешинин жыйналыштарына позицияларды даярдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Евразия кайра камсыздандыруу компаниясынын (мындан ары – ЕКК) Башкаруучулар кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибиндеги маселелер боюнча документтерди (материалдарды) кароо, позицияларды даярдоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) ЕККнын алкагында иштерди координациялоо жана ЕККнын жыйналыштарынын күн тартибиндеги маселелер боюнча ЕККнын Башкаруучулар кеңешинде Кыргыз Республикасынын өкүлүнүн позициясын даярдоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орун басарлары Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен позицияларды өз убагында жана сапаттуу даярдоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 31 (3791) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |