Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 27-февралындагы № 137
токтому менен бекитилди
Расмий эмес котормо
1997-жылдын 9-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин чек ара аскерлеринин ортосунда мамлекеттер аралык маалымат алмашуу тутумун (КМШ ЧА-АМАТ) түзүү боюнча иштерди каржылоонун тартиби жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу ПРОТОКОЛ
Ашхабад шаары, 2014-жылдын 21-ноябры
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, 1997-жылдын 9-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин чек ара аскерлеринин ортосунда мамлекеттер аралык маалымат алмашуу тутумун (КМТТТ ЧА-АМАТ) түзүү боюнча иштерди каржылоонун тартиби жөнүндө макулдашуунун катышуучу мамлекеттеринин өкмөттөрү,
төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене.
Тараптар 1997-жылдын 9-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин чек ара аскерлеринин ортосунда мамлекеттер аралык маалымат алмашуу тутумун (КМШ ЧА-АМАТ) түзүү боюнча иштерди каржылоонун тартиби жөнүндө макулдашуунун колдонулушу токтотулду деп эсептейт.
2-берене.
Бул Протокол анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы кабарлоону депозитарий алган датадан тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2014-жылдын 21-ноябрында Ашхабад шаарында орус тилиндеги бир түп нускада түзүлдү. Түп нуска Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетинде сакталат, ал ушул Протоколго кол койгон ар бир мамлекетке анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жөнөтөт.
Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн |
__________________________ |
| колу |
|
|
|
Армения Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Тажикстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
колу |
| колу |
|
|
|
Беларусь Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Түркмөнстандын Өкмөтү үчүн |
|
| __________________________ |
|
|
|
Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |
__________________________ |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн |
| Украинанын Өкмөтү үчүн |
колу |
|
|
|
|
|
Молдова Республикасынын Өкмөтү үчүн |
|
|
__________________________ |
|
|