Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-февралы № 137
2014-жылдын 21-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган, 1997-жылдын 9-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин чек ара аскерлеринин ортосунда мамлекеттер аралык маалымат алмашуу тутумун (КМШ ЧА-АМАТ) түзүү боюнча иштерди каржылоонун тартиби жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2014-жылдын 21-ноябрында Ашхабад шаарында кол коюлган, 1997-жылдын 9-октябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин чек ара аскерлеринин ортосунда мамлекеттер аралык маалымат алмашуу тутумун (КМШ ЧА-АМАТ) түзүү боюнча иштерди каржылоонун тартиби жөнүндө макулдашуунун колдонулушун токтотуу тууралуу протокол тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |