Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-апрели № 279-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын маселелери жөнүндө» токтомунун айрым жоболорун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 444-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген 2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
– 179-пункттун «Ишке ашыруу мөөнөтү» графасында «2026-жылдын 20-марты» деген сөздөр «2026-жылдын 20-декабры» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 224-пунктта:
«Ишке ашыруу мөөнөтү» графасында «2025-жылдын 20-декабры» деген сөздөр «2026-жылдын 20-июну» деген сөздөргө алмаштырылсын;
«Жооптуу аткаруучулар» графасында «Мамалкоагенттик» деген сөздөр «МСК» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– колдонулган кыскартуулардын тизмесинде:
он экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
он сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«МСК – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 555-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 2-пунктта «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы» деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |