Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-февралындагы N 132 токтомуна)
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо МЕТОДИКАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Методика жылуулук энергиясын жана ысык сууну иштеп чыгуу, өткөрүп берүү, бөлүштүрүү жана керектөөчүлөргө берүү тарифтерин калыптандыруу тартибин аныктайт, ал төмөндө көрсөтүлгөн үч этаптан турат:
1) борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын (мындан ары - ЖКИ) талап кылынган кирешесин аныктоо;
2) керектөөчүлөрдүн топторун аныктоо жана талап кылынган кирешени ошол керектөөчүлөрдүн топторунун арасында бөлүштүрүү;
3) керектөөчүлөрдүн бул тобуна таандык болгон чыгымдардын ордун толтуруучу акыркы керектөөчүлөр үчүн тарифтерди иштеп чыгуу.
2. Бул Методика бир эле учурда жылуулук жана электр энергиясын керектөөчүлөргө сатуу максатында иштеп чыккан, жеткирген, бөлүштүргөн айкаштырылган ЖКИнин чыгымдарын бөлүштүрүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бардык ЖКИнин ишине карата колдонулат.
3. Жылуулук энергиясына жана ысык суу менен камсыздоого тарифтерди отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилейт.
4. Жылуулук энергиясына болгон тарифтер ЖКИнин бардык негиздүү чыгымдарын чагылдырууга, натыйжалуу иштешине дем берүүгө, ошондой эле калктын аялуу топтору үчүн жылуулук энергиясынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
5. ЖКИ тарифтик жөнгө салуу үчүн финансылык эсепке алуу үчүн колдонулган эсептер планын жана бухгалтердик эсеп эрежелерин колдонууга милдеттүү.
6. ЖКИ тарифтерди белгилөө процессинде берилген жана жарыяланган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде тескери жагы тастыкталбаса, анда тарифтерди белгилөө процессинде мындай маалыматтар анык деп эсептелет.
2. ЖКИнин талап кылынган кирешесин аныктоо
7. Талап кылынган киреше (RR) белгиленген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана кабыл алынган эл аралык сапат стандарттарына ылайык өз керектөөчүлөрүн борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо жана ысык суу менен камсыздоо үчүн ЖКИ белгилүү бир мезгил ичинде тартышы керек болгон бардык негиздүү чыгымдардын жыйындысын чагылдырат. Талап кылынган кирешеге ушул Методикага ылайык белгиленген ЖКИ инвестицияларына жол берилген пайда да кирет. Талап кылынган киреше төмөнкүдөй аныкталат:
RR = FC + EPC + WPC + OMC + DEPR + PRF + LRC + PR + MGF + RGF
мында:
RR - талап кылынган киреше;
FC - технологиялык максаттар үчүн отун;
ЕPC - жылуулук жана электр энергиясын сатып алууга кеткен чыгымдар;
WPC - толуктоочу сууну сатып алууга кеткен чыгымдар;
OMC - операциялык чыгымдар;
DEPR - амортизациялык чыгымдар;
PRF - инвестицияларга жол берилген пайда;
LRC - бул Методикада белгиленген учурларда талап кылынган кирешеге киргизилүүгө тийиш болгон кредиттерди тейлөөгө кеткен чыгымдар;
PR - өткөн тарифтик мезгилдеги чыгымдарга түзөтүүлөрдү киргизүү;
MGF - бул Методикада белгиленген учурларда тарифке киргизилүүгө тийиш болгон компанияны башкаруу үчүн төлөм;
RGF - отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жөнгө салуу үчүн төлөм.
8. Талап кылынган кирешени эсептөөдө:
1) чыгымдар эсептелип жаткан мезгилге жакын жана чыгымдар боюнча ишенимдүү маалыматтары бар акыркы 12 айлык мезгилдеги (иш жүзүндөгү жыл) маалыматтарга негизделиши керек;
2) жылдык чыгымдарды нормалдаштыруу жүргүзүлүшү керек, ал аркылуу иш жүзүндөгү жыл ичиндеги чыгымдар өзгөчө кырдаалдарга жана жыл сайын күтүлбөгөн бир жолку чыгымдарга же кирешелерге байланыштуу бир жолку чыгымдарды жокко чыгаруу үчүн түзөтүлүшү керек;
3) чыгымдар орду толтурулуучу салыктардын наркын камтыбашы керек.
9. Талап кылынган кирешенин курамындагы чыгымдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана кабыл алынган эл аралык ченемдерге ылайык жылуулук энергетикасы үчүн колдонулуучу типтүү ченемдин негизинде аныкталган чийки заттын, материалдардын, отундун техникалык жана технологиялык чыгым ченемдердин, ченемдик техникалык жоготууларды, персоналдын ченемдик санын колдонуу менен аныкталууга тийиш.
10. Талап кылынган кирешенин эсептөөсүнө башында киргизилбеген чыгымдардын ордун толтуруу шарты ушул Методикада каралбаган учурда ЖКИ аны талап кыла албайт. Мындай чыгымдарга байланыштуу тобокелдиктерди ЖКИ толугу менен өзүнө алат.
2.1. Технологиялык максаттар үчүн отун
11. "Технологиялык максаттар үчүн отун" (FC) чыгымдар беренеси ЖКИнин талап кылынган кирешесин аныктоо үчүн колдонулат жана жылуулук энергиясын өндүрүүгө түздөн-түз сарпталган технологиялык отундун гана наркын камтыйт. Отунга кеткен чыгымдар белгиленген ченемдердин жана анын керектөөсүнүн негизинде аныкталат:
1) белгиленген иштеп чыгуу көлөмүнө, продукциянын бирдигине эсептелген отундун салыштырмалуу чыгымдарына жана бир тонна отундун баасына ылайык жылуулук энергиясын иштеп чыгуу боюнча технологиялык керектөөлөр үчүн;
2) технологиялык максаттар үчүн отун чыгымдарына оңдоодон, от жагуудан кийин казандарды кургатууга сарпталган бардык отун жана ысык резерв кирет.
12. Технологиялык максаттар үчүн отундун наркы төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
,
мында:
FRC - резервдерди толуктоо үчүн отундун кайсы гана түрү болбосун наркы, эгерде бул резервдер мурдагы тарифтик мезгилдин ичинде колдонулган болсо. Отундун түрлөрү жана жалпы резервдердин саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүгө тийиш;
- жаратылыш газын колдонуу менен иштеген станцияларда жылуулук энергиясын өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмү;
- ушул станциялардагы жаратылыш газынын салыштырмалуу чыгымы;
- тарифтик мезгил үчүн жаратылыш газынын болжолдонгон орточо баасы, ал тарифтерди эсептөө учуруна карата жылуулук энергиясын өндүрүү үчүн бул отунду берүүгө белгиленген тарифтерге ылайык аныкталат;
- көмүр колдонуу менен иштеген станцияларда жылуулук энергиясын өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмү;
- ушул станциялардагы көмүрдүн салыштырмалуу чыгымы;
- тарифтик мезгил үчүн көмүрдүн болжолдонгон орточо наркы. Көмүрдүн наркына берүүчүлөрдүн келишимдик баалары боюнча отундун наркы, анын ичинде отундун сапатынын төмөндөшүнө (жогорулашына) байланыштуу баага берилген арзандатуулар (кошумча үстөк) (күлдүүлүктүн жана нымдуулуктун эсептик ченемдеринин айырмасы үчүн), темир жол тарифи, ошондой эле жүктөө жана жеткирүү үчүн чыгымдар (эгерде башка уюмдардын транспорту болсо), бажы алымдары жана ЖКИнин сактоочу кампасына чейинки башка чыгымдар кирет;
- мазутту колдонуу менен иштеген станцияларда жылуулук энергиясын өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмү;
- ушул станциялардагы мазуттун салыштырмалуу чыгымы;
- тарифтик мезгил үчүн мазуттун болжолдонгон орточо наркы. Мазуттун наркына берүүчүлөрдүн келишимдик баалары боюнча отундун наркы, анын ичинде отундун сапатынын төмөндөшүнө (жогорулашына) байланыштуу баага берилген арзандатуулар (кошумча үстөк) (күлдүүлүктүн жана нымдуулуктун эсептик ченемдеринин айырмасы үчүн), темир жол тарифи, ошондой эле жүктөө жана жеткирүү үчүн чыгымдар (эгерде башка уюмдардын транспорту болсо), бажы алымдары жана ЖКИнин сактоочу кампасына чейинки башка чыгымдар кирет.
- отундун башка түрлөрүн колдонуу менен иштеген станцияларда жылуулук энергиясын өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмү;
- ушул станциялардагы отундун башка түрлөрүнүн салыштырмалуу чыгымы;
- тарифтик мезгил үчүн отундун башка түрлөрүнүн болжолдонгон орточо наркы. Отундун башка түрлөрүнүн наркына берүүчүлөрдүн келишимдик баалары боюнча отундун наркы, анын ичинде отундун сапатынын төмөндөшүнө (жогорулашына) байланыштуу баага берилген арзандатуулар (кошумча үстөк) (күлдүүлүктүн жана нымдуулуктун эсептик ченемдеринин айырмасы үчүн), темир жол тарифи, ошондой эле жүктөө жана жеткирүү үчүн чыгымдар (эгерде башка уюмдардын транспорту болсо), бажы алымдары жана ЖКИнин сактоочу кампасына чейинки башка чыгымдар кирет.