Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-февралы № 132
Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасын бекитүү жөнүндө
Жылуулук менен камсыз кылуучу ишканаларды натыйжалуу башкарууну уюштуруу жана ишин оптималдаштыруу максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлеринин Кабинети токтом кылат:
1. Жылуулук энергиясына тарифтерди эсептөө жана субсидиялардын өлчөмүн аныктоо методикасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Методикага ылайык 2026-жылдын 1-январынан тартып субсидиялардын өлчөмүн аныктасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |