Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 27-марты № 201-т
Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды өткөрүү, Чолпон-Ата шаарынын туристтик жана инфраструктуралык потенциалын өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен 1078600000 (бир миллиард жетимиш сегиз миллион алты жүз миң) сом өлчөмүндө максаттуу трансферт бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул тескемеден келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү карасын.
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын мэриясына бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |