Загрузка документа…
Бул буйрук 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2026-жылдын 24-апрели № 1
Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспортунун оптималдаштырылган формасын жана аны толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөлөрүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 30-декабрындагы № 387 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиядан арылтууга багытталган реформаларды андан ары ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыгынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын 2026-жылдын 18-февралындагы № 8 протоколунун 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартибинин 3–4-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 2- сентябрындагы № 481 токтому менен бекитилген “Санарип аймак” автоматташтырылган маалыматтык системасы жөнүндө жобого жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому менен бекитилген Жобого ылайык, буйрук кылам:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспортунун формасы 1-тиркемеге ылайык;
- жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспортун толтуруу тартиби жөнүндө усулдук көрсөтмөлөр 2-тиркемеге ылайык.
2. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин сайтына жарыяласын.
3. Социалдык төлөмдөр башкармалыгы:
- ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн ичинде анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен укуктук маалыматтардын Борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жиберсин;
- “Санарип аймак” автоматташтырылган маалымат системасынын “Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспорту” модулуна маалыматтарды түзүү жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн бул буйрукту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине жөнөтсүн;
- бир айдын ичинде жакыр үй-бүлөлөрдүн социалдык паспорттору боюнча отчетторду түзүү үчүн формаларды иштеп чыгып, аларды бекитсин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине автоматташтырууга жөнөтсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 210 “Жакыр үй-бүлөнүн Социалдык паспортунун формасын, Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспортун толтуруу тартиби жөнүндө Усулдук корсөтмөлөрүн бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Аткарууну контролдоо жана канцелярия бөлүмү ушул буйрукту аткаруучуларга жана тартылган кызматкерлерге жеткирсин.
6. Бул буйрук 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо тейлеген тармагы боюнча министрдин орун басарына жүктөлсүн.
|
| Жакыр үй-бүлөнүн социалдык паспортунун оптималдаштырылган формасын жана аны толтуруу боюнча усулдук көрсөтмөлөрүн бекитүү жөнүндөгү буйругуна 1-тиркеме |
ЖАКЫР ҮЙ-БҮЛӨНҮН СОЦИАЛДЫК ПАСПОРТУ
Каттоо №________________________Толтуруу күнү______________________________________________________
ЖҮСП толтуруу үчүн жер: Облусу _____________________району (шаары)__________________________________
Аткаруучу ЖӨАБО__________________________________________айыл (АКӨБ, квартал)_____________________
Аты-жөнү (арыз берүүчүнүн)__________________________________________________________________________
Дареги (каттоо/катталгандыгы)________________________________________________________________________
(облусу, район/шаар, айыл аймак (шаар башкармалыгы), айыл, (АКӨБ, квартал), көчө, үйдүн/батирлердин номери)
Дареги (иш жүзүндө жашаган жери):___________________________________________________________________
(облусу, район/шаар, айыл аймак (шаар башкармалыгы), айыл, (АКӨБ, квартал), көчө, үйдүн/батирлердин номери)
Телефон номуру ______________________почта бөлүмү _____________________________________________
I бөлүм. Үй-бүлөнүн социалдык маалыматтары.
1-пункт. Арыз берүүчүнүн үй-бүлөлүк абалы (белги коюу).