Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 25-апрели № 291-т
Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу механизмдерин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2021–2025-жылдар мезгилинде Кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнө каршы конвенцияны аткаруунун жүрүшү жөнүндө расмий тилде тиркелген Кыргыз Республикасынын төртүнчү мезгилдүү баяндамасы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда аталган баяндаманы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына жиберсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |