Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-апрели № 309-т
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун ортосундагы «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-3» долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашуунун мамлекеттик жана расмий тилдерде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |