Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-апрелиндеги № 266 токтому менен бекитилди) |
Мамлекеттик менчикте турган транспорт
каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функциялары
3-глава. Транспорт каражаттарын сатуу тартиби
4-глава. Электрондук аукционду өткөрүү тартиби
5-глава. Сатып алуу-сатуу келишимин түзүү
6-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартибин жана шарттарын аныктайт. Мында транспорт каражаттары деп ушул Жобого ылайык сатылууга тийиш болгон транспорт каражаттарынын (мамлекеттик органдардын ишинин максаттары үчүн пайдаланууга жараксыз; жаңы транспорт каражаттарын алууга байланыштуу сатылууга тийиш болгон; эксплуатациялоо мөөнөтү өтүп кеткен) бардык түрлөрү саналат.
2. Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу электрондук аукцион өткөрүү аркылуу, ошондой эле ушул Жободо каралган башка ыкмалар менен жүзөгө ашырылат.
3. Транспорт каражаттарын сатуу мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук, катышуучулардын тең укуктуулугу жана атаандаштыкты камсыз кылуу принциптеринде ишке ашырылат.
4. Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатып алуучулар каалагандай юридикалык жана жеке жактар боло алат.
5. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – транспорт каражаттарын сатуу маселелерин координациялоону камсыз кылуучу мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
2) баланс кармоочу – мамлекеттик менчик формасындагы мекемелер жана ишканалар, алардын ичинде чарба жүргүзүүдө же ыкчам башкарууда мамлекеттик транспорт каражаттары турган мамлекеттик уюмдар;
3) электрондук аукцион – электрондук соода аянтчасын пайдалануу менен электрондук формада жүзөгө ашырылуучу транспорт каражатын сатуу боюнча тооруктар;
4) баштапкы баа – электрондук аукциондо баштапкы (старттык) катары белгиленген транспорт каражатынын наркы;
5) аукцион кадамы – тооруктардын жүрүшүндө баштапкы баа жана электрондук соода аянтчасы тарабынан түзүлүүчү ар бир кийинки баа жогорулатылуучу үстөк;
6) кепилдик төгүм – транспорт каражатына менчик укугун алуу максатында электрондук аукционго катышуу ниетин билдирген талапкер тарабынан төлөнүүчү акчалай сумма;
7) электрондук соода аянтчасы (ЭСА) – электрондук аукциондун субъекттеринин физикалык катышуусунун зарылдыгы жок электрондук жол-жоболорду аткаруу жолу менен алардын аралыктан катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен электрондук аукционду уюштуруу үчүн Интернет тармагына жайгаштырылган маалыматтык соода системасы;
8) ЭСАнын регламенти – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу электрондук соода аянтчысынын иштөө тартибин аныктоочу эрежелердин жыйындысы;
9) максаттуу сатуу – транспорт каражатын белгилүү бир жеке же юридикалык жакка сатуу;
10) транспорт каражаты – жолдор боюнча адамдарды жана жүктөрдү же өзүнө орнотулган жабдууларды ташуу үчүн арналган түзүлүш, ошондой эле тракторлор жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналар.
6. Сатылууга тийиш болгон транспорт каражатынын рыноктук наркы Кыргыз Республикасынын баалоо иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык көз карандысыз баалоонун натыйжалары боюнча аныкталат.
2-глава. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органдын функциялары
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын негизги функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) транспорт каражаттарын сатуу маселелерин координациялоо;
2) ушул Жободо белгиленген тартипте транспорт каражаттарын сатуу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
4) электрондук тоорук жүргүзүү, тараптардын катышуу жана өз ара аракеттенүү тартибин аныктаган ЭСАнын регламентин иштеп чыгуу жана бекитүү;
5) ЭСА аркылуу өткөрүлгөн электрондук тооруктар жөнүндө жыйынды статистикалык жана аналитикалык маалыматтарды түзүү;
6) электрондук тооруктар порталын техникалык колдоо жана үзгүлтүксүз иштетүү үчүн жооптуу ЭСАнын оператор-уюму менен келишим түзүү;
7) транспорт каражаттарын сатып алуу-сатуу боюнча түзүлгөн келишимдердин реестрин жүргүзүү;
8) ЭСАдагы электрондук тоорук системасына мыкты практиканы жана инновациялык технологияларды киргизүү;
9) ЭСАда электрондук тооруктарды уюштуруу маселелери боюнча маалыматтык иштерди жүргүзүү;
10) ЭСАны администрациялоону камсыз кылуу;
11) электрондук соода жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылуу;
12) электрондук аукцион өткөрүү, ошондой эле электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтык билдирүүнү ЭСАга өз убагында жарыялоону камсыз кылуу;
13) ЭСАдагы электрондук тоорук системасын өркүндөтүү маселелери боюнча жарандык коом менен өз ара аракеттенүү;
14) ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктар.
3-глава. Транспорт каражаттарын сатуу тартиби
8. Баланс кармоочу транспорт каражатын электрондук аукцион аркылуу сатуу максатында транспорт каражатынын паспорттук-техникалык маалыматтарын жана сатуунун зарылдыгын негиздеген документтер топтомун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ЭСА аркылуу жөнөтөт.
Транспорт каражаттарын сатуу төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
1) транспорт каражатын электрондук аукционго коюу жөнүндө арыз (1-тиркеме);
2) баланс кармоочунун чечими жана аны сатуу зарылдыгын негиздеген негиздеме-маалымкат;
3) транспорт каражатынын техникалык абалы тууралуу акт (2-тиркеме);
4) баланс кармоочунун жетекчиси жана башкы бухгалтери күбөлөндүргөн баштапкы (тарыхый) наркы тууралуу маалымкат (3-тиркеме);
5) көз карандысыз баалоочунун (баалоо уюмунун) рыноктук наркы жөнүндө отчету.
Баланс кармоочулардын жетекчилери транспорт каражаттарын сатуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилген документтердин аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө, эмгек, жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат.
9. Транспорт каражаттарын сатуу боюнча электрондук аукцион auctionetp.gov.kg электрондук аянтчасында ушул Жободо белгиленген тартипте өткөрүлөт.
10. Баланс кармоочу:
1) транспорт каражатын сатуу жөнүндө чечим кабыл алат;
2) транспорт каражатын сатууга чейинки даярдыгын жүргүзөт;
3) электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнү өзүнүн расмий интернет-сайтына же жогору турган мамлекеттик уюмдун интернет-сайтына өз убагында жайгаштырууну камсыз кылат;
4) электрондук аукцион тууралуу кызыкдар тараптарды маалымдоого жана катышууга тартууга багытталган иш-чараларды өткөрөт;
5) потенциалдуу сатып алуучуларга транспорт каражаты, ошондой эле бул транспорт каражатына документтер менен визуалдык таанышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат;
6) электрондук аукциондун талапкерлери, катышуучулары жана жеңүүчүсү менен эсептешүүнү жүргүзөт;
7) электрондук аукциондун жеңүүчүсү (сатып алуучусу) менен транспорт каражатын сатып алуу-сатуу келишимин түзөт;
8) транспорт каражатын электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө (сатып алуучуга) сатып алуу-сатуу келишиминин шарттарына ылайык өткөрүп берет;
9) ЭСАнын регламентине жана ушул Жобого ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
11. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баланс кармоочудан арыз түшкөн күндөн тартып бир айдын ичинде:
1) электрондук аукционду өткөрүү үчүн даярдалган документтерди кабыл алат;
2) иш жүзүндө берилген документтерди тизме менен салыштырат;
3) милдеттүү документтердин жоктугун же алардын формасы менен мазмунунун белгиленген талаптарга туура келбестигин аныктайт;
4) оң натыйжа болгондо электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнү ЭСАга жайгаштырат;
5) кемчиликтер аныкталган учурда материалдарды кайра иштеп чыгуу же толуктоо үчүн кайтарып берет.
12. Электрондук аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү баланс кармоочунун же анын жогору турган мамлекеттик уюмунун расмий интернет-сайтына, ЭСАга аны өткөрүү датасына чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жарыяланууга тийиш.
13. Маалыматтык билдирүүдө төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) баланс кармоочунун аталышы, анын жайгашкан жери жана байланыш телефондору;
2) электрондук аукцион өткөрүлүүчү дата жана убакыт;
3) сатылуучу транспорт каражатынын сүрөтү;
4) транспорт каражатынын маркасы, модели, техникалык мүнөздөмөлөрү;
5) транспорт каражатынын чыгарылган жылы, кыймылдаткычтын көлөмү, күйүүчү майынын түрү;
6) транспорт каражатын сатуунун баштапкы баасы;
7) кепилдик төгүмдүн өлчөмү, аны төлөө мөөнөтү жана тартиби, ал которулууга тийиш болгон учурдагы (алыш-бериш) банк эсебинин реквизиттери;
8) жана башка маалыматтар (зарыл болгон учурда).
14. Электрондук аукциондун катышуучуларынын же электрондук аукциондун катышуучуларынын атынан иш жүргүзүүгө укуктуу адамдардын ортосундагы бардык документ жүгүртүү жазуу жүзүндө түзүлүүчү транспорт каражатын сатып алуу-сатуу келишиминен тышкары, ЭСАда электрондук түрдө жүргүзүлөт.
Электрондук формадагы документтер ээсинин электрондук санарип кол тамгасы коюлган жана андан ары белгиленген тартипте тиркелген шартта гана жарактуу деп таанылат.
Электрондук документтерге жана маалыматтарга электрондук санариптик кол тамга коюу аркылуу мындай документтердин жана маалыматтардын аныктыгы жана ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тарткан ЭСАнын тиешелүү субъектисинин атынан алар жөнөтүлгөндүгү тастыкталат.
15. Транспорт каражатын сатууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдарда белгиленген тартипте көз карандысыз баалоочуну же баалоо уюмун транспорт каражатынын наркын баалоо боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн тартат.
16. Транспорт каражатын электрондук аукцион аркылуу сатуу мүмкүн болбогон учурда транспорт каражаты максаттуу сатылууга тийиш.
17. Транспорт каражатын максаттуу сатууга ушул Жобонун 35-пунктунда белгиленген учурларда жана тартипте жол берилет.
18. Транспорт каражаттарын жеке жана юридикалык жактардын менчигине, ошондой эле мамлекеттик ишканаларга, акцияларынын контролдук пакети мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдорго, коммерциялык эмес уюмдарга акысыз негизде өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Мында транспорт каражаттарын акысыз өткөрүп берүү тең өлчөмдүүлүк принцибине шайкеш келүүгө тийиш. Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу үчүн, ошондой эле сыйлоо максатында жеке жана юридикалык жактардын менчигине транспорт каражаттарын акысыз өткөрүп берүүгө жол берилет. Ошондой эле жарандардын социалдык жактан аялуу категорияларын колдоо, илимди, билим берүүнү, маданиятты жана спортту өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, кайрымдуулук жана гуманитардык демилгелерди ишке ашыруу жана башка коомдук маанилүү багыттарды ишке ашыруу максатында акысыз өткөрүп берүүгө жол берилет.
Транспорт каражатын акысыз негизде алган мамлекеттик ишканалар, акцияларынын контролдук пакети мамлекетке таандык болгон чарбалык коомдор аларды субижарага берүүгө, күрөөгө коюуга, юридикалык жактардын уставдык капиталына салым катары кошууга, ошондой эле көрсөтүлгөн мүлккө башкача түрдө чектөө келтирүүгө укуксуз.
Транспорт каражаттарын өткөрүп берүүгө төмөнкүлөр негиз болушу мүмкүн:
1) социалдык маанилүү максаттарды камсыз кылуу (аз камсыз болгон жарандарды, майыптарды, ардагерлерди, билим берүү, медициналык жана маданий мекемелерди колдоо);
2) өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон кандайдыр бир ийгиликтүү мамлекеттик же коомдук милдеттерди аткаруу;
3) илимди, билим берүүнү, маданиятты, спортту жана коомдук мааниге ээ болгон башка чөйрөлөрдү өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
4) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон жарандарды, адамдарды жана уюмдарды сыйлоо;
5) калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган кайрымдуулук жана гуманитардык максаттар;
6) социалдык багыттагы башка демилгелер.
4-глава. Электрондук аукционду өткөрүү тартиби
19. Электрондук аукцион ЭСА аркылуу транспорт каражаттарын сатууда ачык-айкындуулукту, бирдей жеткиликтүүлүктү жана атаандаштыкты камсыз кылуу максатында ЭСА регламентине жана ушул Жобого ылайык өткөрүлөт.
20. Электрондук аукциондун жол-жобосу электрондук аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн күнү жана убакытта электрондук аукциондун катышуучулары тарабынан баштапкы бааны ырааттуу жогорулатуу жолу менен өткөрүлөт.
21. Электрондук аукционго катышуу үчүн катышуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ЭСАда катталууга;
2) электрондук аукционго катышуу үчүн арыз берүүгө (4-тиркеме);
3) маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн эсепке электрондук аукцион башталганга чейин бир күндөн кеч эмес мөөнөттө ушул Жободо белгиленген өлчөмдөгү кепилдик төгүмдү төлөөгө;
4) маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн документтерди берүүгө.
Юридикалык жактар кошумча төмөнкүлөрдү берет:
1) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
2) юридикалык жактын уюмдаштыруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
3) юридикалык жактын аткаруу органын дайындоо жөнүндө чечимдин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
4) талапкердин арыз берген датага карата абал боюнча бардык деңгээлдеги бюджеттерге салыктык төлөмдөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызынын жоктугу тууралуу салык органынын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун маалымкаты. Бул талап чет өлкөлүк талапкер – Кыргыз Республикасынын резиденти эмес үчүн милдеттүү эмес;
5) юридикалык жактын атынан документтерди жетекчи эмес, башка адам тапшырган учурда юридикалык жактын атынан чыгууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү түзүүгө ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат.
Эгерде арыз талапкердин (сатып алуучунун) өкүлү тарабынан берилсе, анда талапкердин (сатып алуучунун) атынан иш жүргүзүүгө укуктуу адамга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты тапшыруу зарыл.
Документтерди башка мамлекеттик органдардан «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга мүмкүн болгон учурда, мындай документтер берилиши мүмкүн.
22. Катышуучу каалаган убакта, бирок электрондук аукцион өткөрүлө турган күнгө үч күн калгандан кеч эмес мөөнөттө ЭСА аркылуу арызды чакыртып алуу жөнүндө билдирүү жөнөтүү жолу менен электрондук аукционго катышууга берилген арызын чакыртып алууга укуктуу.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган/баланс кармоочу электрондук аукционду каалаган убакта, бирок аны өткөрүү күнүнө үч күн калгандан кеч эмес, ЭСА аркылуу электрондук аукциондун катышуучуларын талаптагыдай кабарлоо менен өткөрбөй коюуга/өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу.
23. Кепилдик төгүмүнүн өлчөмү транспорт каражатынын баштапкы баасынын 10 %ын түзөт.
Электрондук аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүмү аукциондо сатып алынган транспорт каражатынын акысын төлөөгө чегерилет.
Электрондук аукциондун жеңүүчүсү деп таанылбаган катышуучуларга кепилдик төгүм электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен кайтарылып берилет.
Электрондук аукцион өткөрүлбөгөн/өткөрүүдөн баш тартылган учурда талапкерлер тарабынан төлөнгөн кепилдик төгүмдөр тиешелүү билдирүү жарыяланган датадан тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбестен кайтарылууга тийиш.
24. Электрондук аукциондун кадамы транспорт каражатынын баштапкы баасынын пайызы катары аныкталган туруктуу өлчөмдө белгиленет жана аукциондун жүрүшүндө өзгөрбөйт.
Электрондук аукциондун кадамы транспорт каражатынын баштапкы баасынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө аныкталат:
1) 100 000 сомго чейин – 5 %;
2) 100 001 сомдон 300 000 сомго чейин – 4 %;
3) 300 001 сомдон 500 000 сомго чейин – 3 %;
4) 500 001 сомдон жогору – 1 %.
25. Сатылуучу транспорт каражаты үчүн эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу электрондук аукциондун жеңүүчүсү деп таанылат.
26. Электрондук аукционду өткөрүү жол-жобосунун натыйжалары электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет, ал кол коюлган күндөн кийинки жумуш күндөн кечиктирилбестен ЭСАга жайгаштырылат.
27. Электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго баланс кармоочу жана электрондук аукционду жеңүүчү кол койгон учурдан тартып электрондук аукциондун жол-жобосу аяктады деп эсептелет.
Электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго электрондук аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен кол коюлууга тийиш.
28. Электрондук аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюлган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен, электрондук аукциондун жеңүүчүсү менен сатып алуу-сатуу келишими түзүлүүгө тийиш.
29. Электрондук аукциондун жеңүүчүсү электрондук тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюудан же сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан учурда кепилдик төгүм кайтарылбайт жана республикалык бюджетке которулат.
30. Электрондук аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган жана алты календардык айдын ичинде бир же бир нече электрондук аукцион боюнча эки жолу сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тарткан катышуучу экинчи жолу баш тарткан датадан тартып эсептелген бир календардык жылга бардык электрондук аукциондорго катышуу укугунан ажырайт жана ишенимсиз талапкерлердин реестрине киргизилүүгө тийиш.
Эгерде баш тартуулардын ортосунда алты айдан ашык убакыт өтсө, биринчи баш тартуу эске алынбайт.
31. Электрондук аукцион төмөнкү учурларда өткөрүлбөй калды деп таанылат:
1) электрондук аукционго катышуу үчүн бир дагы арыз берилбесе же талапкерлердин бири да ЭСА тарабынан анын катышуучусу деп таанылбаса;
2) ЭСА тарабынан бир гана талапкер катышуучу деп таанылса;
3) электрондук аукциондун катышуучуларынын бири да электрондук аукцион башталган убакыттан тартып он мүнөт өткөндөн кийин баа сунушун бербесе;
4) электрондук аукциондун жеңүүчүсү электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан же сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдөн баш тартса.
Талапкердин ЭСАны катышуучу катары тааныбоосу деп ушул Жободо жана ЭСА регламентинде каралган негиздер боюнча электрондук аукционго катышууга уруксат берүүдөн баш тартуу түшүнүлөт, анын ичинде:
1) өтүнмөнүн электрондук аукциондун документтеринин талаптарына шайкеш эместиги;
2) өтүнмөнү берүүнүн техникалык шарттарын сактабоо;
3) электрондук аукционго катышуу укугун жоготуу;
4) талапкердин электрондук аукционго катышуусуна тоскоолдук кылган бузууларды аныктоо.
32. Электрондук аукционду өткөн жок деп таануу жөнүндө чечим ЭСАнын электрондук аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколу менен таризделет.
33. Электрондук аукцион өткөн жок деп таанылган учурда катышуучулар тарабынан төлөнгөн кепилдик төгүмдөрү тоорукту өткөн жок деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө кайтарылууга тийиш.
34. Эгерде электрондук аукцион өткөн жок деп таанылса, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай таануу болгон күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде транспорт каражатын кайрадан электрондук аукционго коюуга милдеттүү.
35. Кайрадан өткөрүлгөн электрондук аукцион өткөн жок деп таанылган учурда баланс кармоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрадан өткөрүлгөн электрондук аукциондун жалгыз катышуучусуна транспорт каражатын сатуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
Кайрадан өткөрүлгөн электрондук аукциондун жалгыз катышуучусу транспорт каражатын сатып алуудан баш тарткан учурда баланс кармоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга транспорт каражатын сатып алуу ниетин билдирген белгилүү бир жеке же юридикалык жакка аны сатуу жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.
Өтүнүчкө төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) кайрадан өткөрүлгөн электрондук аукционду өткөн жок деп таануу жөнүндө протоколдун көчүрмөсү;
2) кайрадан өткөрүлгөн электрондук аукциондун жалгыз катышуучусу жөнүндө маалыматтарды камтыган документ (бар болсо);
3) жалгыз катышуучунун транспорт каражатын сатып алуудан жазуу жүзүндө баш тартуусу (бар болсо);
4) белгиленген тартипте түзүлгөн транспорт каражатынын наркын баалоо жөнүндө отчет;
5) транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө маалыматтарды камтыган документ;
6) болжолдуу сатып алуучу жөнүндө маалыматты, анын ичинде аны идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды камтыган документ, ошондой эле анын транспорт каражатын сатып алуу ниетин ырастоо;
7) транспорт каражатын сатуунун максатка ылайыктуулугун негиздөө.
36. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берилген документтерди өтүнүч келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде карайт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жазуу жүзүндөгү макулдугу боюнча баланс кармоочу сатып алуучу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзөт жана транспорт каражатын белгиленген тартипте сатат.
5-глава. Сатып алуу-сатуу келишимин түзүү
37. Транспорт каражатын сатып алуу-сатуу келишими баланс кармоочу менен электрондук аукциондун жеңүүчүсүнүн (сатып алуучунун) ортосунда 3 нускада түзүлөт (5-тиркеме):
1) бир нускасы баланс кармоочуда калат;
2) бир нускасы сатып алуучуга берилет;
3) бир нускасы транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
38. Электрондук аукциондун жеңүүчүсү (сатып алуучу) толук төлөмдү төлөгөндүгүн ырастаган документти бергенден кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сатып алуу-сатуу келишимин бекитет.
39. Сатып алуу-сатуу келишиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) баланс кармоочу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтар;
2) келишимдин предметин аныктоо;
3) транспорт каражаты жөнүндө маалыматтар;
4) сатып алынуучу транспорт каражатынын баасы;
5) сатып алынган транспорт каражаты үчүн төлөмдүн формасы жана мөөнөттөрү;
6) мындай келишимдин тараптарынын өз ара макулдашуусу боюнча белгиленген башка шарттар.
6-глава. Корутунду жоболор
40. Транспорт каражаты толук төлөнгөндөн, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо органдарында каттоодон өткөндөн жана кабыл алуу-өткөрүп берүү актына кол коюлгандан кийин берилет (6-тиркеме).
41. Транспорт каражаттарын сатуудан түшкөн каражаттар, эгерде мамлекеттик мүлк ага чарба жүргүзүү укугунда берилген болсо, баланс кармоочунун карамагында калат.
42. Сатылган транспорт каражаты Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын, орнотмолорду жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүлүүгө тийиш.
| Мамлекеттик менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Транспорт каражатын электрондук аукционго коюу жөнүндө арыз
Мен, ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ (жетекчинин/ыйгарым укуктуу адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты)
____________________________________________________________ ____________________________________________________________ (ким экендигин ырастоочу документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген) _____________________________________________________________________ _____________________________________________________________________ _____________________________________________________________________ (кызмат орду, мамлекеттик органдын/мекеменин/ишкананын толук аталышы, жайгашкан жери жана банктык реквизиттери) атынан чыгуу менен, _____________________________________________________________________ _____________________________________________________________________ (жобонун/уставдын/ишеним каттын реквизиттери) негизинде иш алып баруу менен
ушул арыз менен төмөнкү транспорт каражатын электрондук аукционго коюуну өтүнөм: 1. Транспорт каражаты жөнүндө маалыматтар: маркасы, модели: _______________________________________; чыгарылган жылы: ______________________________________; идентификациялык номери (VIN): _________________________; мамлекеттик каттоо номери: ______________________________; түсү: __________________________________________________; жүрүүсү: ____________ км; кыймылдаткычы: _______________; ТК тиби (жеңил/жүк ташуучу/мотоцикл/башка):______________.
2. Транспорт каражатын сатуу зарылдыгынын негиздемеси ________________________________________________________ ________________________________________________________. 3. Арызга тиркелүүчү документтер: - транспорт каражатын сатуу жөнүндө чечим, ошондой эле ага негиздеме-маалымкат; - транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк; - транспорт каражатынын паспорту, транспорт каражатынын техникалык паспорту; - транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө акт; - сатуучу уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери тарабынан күбөлөндүрүлгөн транспорт каражатынын баштапкы (тарыхый) наркы жөнүндө маалымкат; - арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү/өкүлчүлүк кылууга ишеним кат (кызыкчылыктарды көрсөтүүдө); - башка документтер ____________________________________. 4. Бул арызда жана тиркелген документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын анык экендигин ырастайм. 5. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын документтеринде белгиленген электрондук аукционду өткөрүү шарттарына макулмун. 6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча кошумча документтерди жана маалыматтарды берүүгө милдеттенем. 7. Муну менен электрондук аукционду өткөрүү жана аны менен байланышкан жол-жоболорду аткаруу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ушул арызда жана тиркемелерде берилген менин жеке маалыматтарымды иштетүүгө макулдук берем.
Арыз ээсинин/ыйгарым укуктуу адамдын колу жана аты-жөнү:
____________________/___________________________________
Датасы «___» ________________ 20__-ж. МО
Эскертүү. Бул арыз сатуучу уюм тарабынан кол коюу жана мөөр менен күбөлөндүрүү жолу менен таризделет. Тариздөө аяктагандан кийин бардык документтер электрондук түрдө (PDF форматы) ЭСАдагы жеке кабинет аркылуу жүктөө менен жиберилет. |