Загрузка документа…
25-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 токтомуна) Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө жобо 1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын уюмдарынын жетекчи, педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлеринин эмгек акысын белгилөөдө колдонулат. 2. Бул Жободо көрсөтүлгөн билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын белгилөө тартиби Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин билим берүү уюмдарын кошпогондо, бардык мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына жайылтылат. 3. Билим берүү уюмдарынын жетекчилери жыл сайын 1-сентябрга карата ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык формалар боюнча педагогикалык кызматкерлердин тарификациялык тизмелерин түзөт. Тарификациялык тизмеде берилген билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин билими жөнүндө, педагогикалык иш стажы жөнүндө, окумуштуулук даражасы жөнүндө, ардактуу наамдарынын болушу жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн билим берүү уюмунун жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат. 4. Окуу жылы ичинде билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин педагогикалык иш стажы жөнүндө, билими жөнүндө же аларга окумуштуулук даража, «Элдик» жана «Эмгек сиңирген» ардактуу наамдары ыйгарылгандыгы жөнүндө маалыматтар өзгөргөндө учурларда аларга тиешелүү кошумча төлөмдөр белгиленет, «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган учурда – эмгек акынын өлчөмү жогорулайт. Бул учурларда эмгек акынын өлчөмдөрүн өзгөртүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт: 1) педагогикалык иш стажы көбөйгөндө – тиешелүү стажга жеткен күндөн тартып, эгерде документтер билим берүү уюмунда болсо, же педагогикалык иш стажы үчүн кошумча төлөмдөрдүн өлчөмүн жогорулатууга укук берүүчү стаж жөнүндө документ берилген күндөн тартып; 2) билим алган учурда же билими жөнүндө документтер калыбына келтирилгенде – тиешелүү документ берилген күндөн тартып; 3) «Элдик» жана «Эмгек сиңирген» ардактуу наамдары жана «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылганда – ыйгарылган күндөн тартып; 4) окумуштуулук даража ыйгарылганда – Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссия тарабынан окумуштуулук даражаны ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып. Кызматкердин эмгек акысынын өлчөмүн өзгөртүү укугу ал кезектеги же кошумча өргүүдө жүргөн мезгилде, ошондой эле убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде пайда болсо, эмгек акы төлөө эмгек акынын өлчөмүнүн өзгөрүшүнө жараша өргүү же убактылуу эмгекке жарамсыздык аяктаган күндөн тартып жүргүзүлөт.
2-глава. Билимин жана педагогикалык иш стажын аныктоо тартиби
5. Педагогикалык кызматкерлердин билими окуу жайын аяктагандыгы жөнүндө документтердин (дипломдордун, аттестаттардын) негизинде аныкталат. Билим берүү уюмдарынын билими жөнүндө документтерин жоготуп алган кызматкерлери аларды мыйзамдарда каралган тартипте калыбына келтире алат. 6. Билим берүү кызматкерлеринин педагогикалык стажы билим берүү уюмуна жумушка кабыл алынган күндөн тартып бошотулган күнгө чейин календардык күндөр, айлар жана жылдар менен суммардык түрдө эсептелет. Педагогикалык иш стажына кызматкердин мыйзамсыз бошотулгандыгына жана натыйжасында кызмат ордуна калыбына келтирилгендигине байланыштуу аргасыз ишке келбеген убактысы кошо эсептелет. Бир иштен бошогон (окуусун аяктагандан) учур менен башка ишке киргенге чейинки мезгилдин ортосундагы эмгек ишиндеги тыныгуулардын убактысы кандай себептер менен болбосун (мыйзамсыз бошотуу учурларын кошпогондо), иш стажына киргизилбейт. 7. Педагогикалык иш стажын аныктоо үчүн негизги документ болуп эмгек китепчеси саналат. Эмгек китепчесиндеги жазуулар менен ырасталбаган адистиги боюнча иш стажы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү» токтому менен бекитилген Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык белгиленет. 8. Билим берүү уюмдарында үстөктөрдү төлөө үчүн педагогикалык иш стажы жыл сайын уюмдун жетекчисинин, кесиптик бирлик уюмунун, кадрлар бөлүмүнүн жана педагогикалык жамааттын өкүлдөрүнүн курамындагы педагогикалык стажды аныктоо боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Комиссиянын курамы уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет. 9. Педагогикалык иш стажы үчүн үстөктү төлөө үчүн негиз болуп педагогикалык стажды аныктоо боюнча комиссиянын чечиминен көчүрмө саналат. Педагогикалык иш стажы үчүн ар айлык пайыздык үстөк бул үстөктү дайындоого же өлчөмүн өзгөртүүгө укук пайда болгон учурдан тартып төлөнөт. Үстөктүн өлчөмүнө таасирин тийгизген педагогикалык иш стажы календардык ай ичинде өзгөрсө, үстөктүн жаңы өлчөмү өзгөрүү болгон учурдан тартып белгиленет. Педагогикалык иш стажы үчүн ар айлык пайыздык үстөк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерге сакталуучу орточо эмгек акыны эсептөөнүн бардык учурларында, анын ичинде өргүү же убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде да эске алынат. Эгерде кызматкердин педагогикалык иш стажы үчүн үстөктү дайындоого же анын өлчөмүн өзгөртүүгө укугу кезектеги же кошумча өргүүдө болгон мезгилинде, ошондой эле анын убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгилинде пайда болсо, үстөктү дайындоо дайындоого же өзгөртүүгө укук пайда болгон учурдан тартып жүргүзүлөт. Эгерде кызматкердин педагогикалык иш стажы үчүн үстөктү дайындоого же анын өлчөмүн өзгөртүүгө укугу орточо эмгек акы сакталган кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде пайда болсо, үстөк бул укук пайда болгон учурдан тартып белгиленет, орточо эмгек акыны тиешелүү кайра эсептөө жүргүзүлөт. Кызматкер бошотулганда педагогикалык иш стажы үчүн үстөк иштеген убактысына пропорционалдуу эсептелет. Ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын билим берүү уюмдарында педагогикалык ишке тартылган кызматкерлерине (айкалыштырып иштегендерге) педагогикалык иш стажы үчүн үстөк саатына эмгек акы төлөөгө белгиленген пайыздар менен төлөнөт. Педагогикалык иш стажы үчүн үстөктүн өлчөмүн өз убагында кайра кароо үчүн жоопкерчилик билим берүү уюмунун жетекчисине жүктөлөт. 10. Педагогикалык иш стажына төмөнкүлөр киргизилет: 1) ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык билим берүү уюмдарындагы педагогикалык, жетекчилик жана методикалык иш; 2) педагогикалык кызматкерлердин төмөнкү иш мезгилдери, өзүнчө да, чогуу да алынган бул мезгилдерге чейин түздөн-түз мурда жана кийин негизги орду боюнча түздөн-түз педагогикалык иш жүргүзгөн шартта: а) билим берүүнү башкаруу органдарында жана билим берүү кызматкерлеринин, жогорку мектептин жана илимий мекемелердин кесиптик бирлик комитеттеринде; жашы жете электердин иштери боюнча комиссияларда же жашы жете электерди социалдык-укуктук коргоо бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияларында (мындан ары – ИИБ), милициянын балдар бөлмөлөрүндө жетекчи, инспектордук, инструктордук кызмат орундарында жана адистердин кызмат орундарында иштеген убактысы; б) ИИБ жашы жете электердин иштери боюнча инспекцияларында (милициянын балдар бөлмөлөрүндө) иштеген (кызмат өтөгөн) убактысы, эгерде бул мезгилге чейин түздөн-түз педагогикалык окуу жайында окуса, кийин түздөн-түз педагогикалык иш жүргүзсө; в) өндүрүштөн ажыратуу менен педагогикалык окуу жайларында окуган убактысы; 3) билим берүү мекемелеринин айрым категориядагы педагогикалык кызматкерлердин иштеген мезгилдери, анын ичинде: а) баштапкы аскердик даярдоо мугалимдери (окутуучулары), Кыргыз Республикасынын жогорку аскердик окуу жайларынын окутуучулары – армияда (анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринде, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аскерлеринде жана органдарында) офицердик, сержанттык, старшиналык курамдын, ошондой эле прапорщиктердин жана мичмандардын кызмат орундарында кызмат өтөгөн убактысы; б) дене тарбия мугалимдери жана окутуучулары – спорт боюнча машыктыруучу-окутуучу болуп иштеген убактысы; в) спорттук профилдеги жалпы билим берүүчү мектеп-интернаттардын хореография жана ритмика мугалимдери, искусство мектептеринин, музыкалык жана көркөм сүрөт мектептеринин окутуучулары – балет, эстрадалык-спорттук жанрдагы же оркестр артисти, балетмейстер, хормейстер, концертмейстер, хореограф, режиссёр, дирижёр, сүрөтчү, маданий-агартуу мекемелеринде хореографиялык, акробатикалык, музыкалык, көркөм сүрөт ийримдеринин жетекчиси болуп иштеген мезгил; г) билим берүү уюмдарынын атайын сабактарынын окутуучулары, өндүрүштүк окутуу устаттары жана технология мугалимдери (эмгек, чийүү жана дизайн) – ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда окуткан предметинин профилине шайкеш келген адистик боюнча иштеген убактысы; д) ийримдердин, секциялардын жетекчилери – ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда ийримдин профилине шайкеш келген адистик боюнча иштеген убактысы; е) мугалим-дефектологдор, логопеддер, сурдопедагогдор, тарбиячылар, мугалимдер – алардын клиникаларда, бейтапканаларда, ооруканаларда, ошондой эле чоңдор үчүн мекемелерде балдар бөлүмдөрүндө, палаталарында педагогикалык иш жүргүзгөн убактысы; ж) кыргыз тили, орус тили мугалимдери – мамлекеттик жана расмий тилдерди окутууда квалификацияны жогорулатуу курстарында, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген убактысы; з) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячылары жана директорлору – мектепке чейинки билим берүү уюмдарында медайым болуп иштеген убактысы. Ошол эле учурда педагогикалык стажга педагогикалык иш аткарылган айлар гана киргизилет. Билим берүү уюмдарында сабак берген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине, эгерде алардын окутуу ишинин көлөмү жылына 240 сааттан кем эмести түзгөy учурда, педагогикалык стаж эсептелет. Ошол эле учурда алардын педагогикалык иш стажына педагогикалык иш жүргүзгөн айлары киргизилет. Директорлорго (ректорлорго) жана директордун орун басарларына (проректорлорго), директордун (проректордун) финансы-чарбалык иштер боюнча орун басарын кошпогондо, педагогикалык иш стажы үчүн үстөк негизги кызмат орду үчүн төлөнөт. Маданият жана искусство жаатындагы балдар мектептеринин окутуучуларына билим берүүнүн спецификасын эске алуу менен үстөк орточо ставка үчүн төлөнөт (17 саат үчүн, эгерде окутуучунун 1-класстан 11-класска чейин окуу жүктөмү болсо). Педагогикалык иш стажы үчүн үстөк эмгек акынын ставкасынан ашпоого тийиш. Педагогикалык ишти айкалыштыруу боюнча жүргүзгөн педагогикалык кызматкерлерге педагогикалык иш стажы үчүн үстөк айкалыштырылган кызмат орду боюнча да төлөнөт. Ошол эле учурда негизги жана айкалыштырылган кызмат орду боюнча педагогикалык жүктөмдүн стажы үчүн үстөк эмгек акынын ставкасынан ашпоого тийиш. 11. Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине тарифтик ставкасына (маянасына) жана ставкасына педагогикалык иш стажы үчүн 3 жылдан 8 жылга чейин 10 пайыз, 8 жылдан 13 жылга чейин 20 пайыз, 13 жана андан жогору – маянанын (ставканын) 30 пайызы өлчөмүндө кошумча төлөм белгиленет.
|