Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 18-марты № 6
“Чаек” муниципалдык ишканасынын жараксыз абалга келген техникаларын списаниеге чыгаруу жөнүндө
Муниципиалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык иштелип чыккан, муниципиалдык менчикте турган мүлктөрдү эсептен чыгаруунун тартиби боюнча “Чаек” муниципалдык ишканасынын жараксыз абалга келген техникаларын списаниеге чыгаруу жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Муниципиалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык иштелип чыккан, муниципиалдык менчикте турган мүлктөрдү эсептен чыгаруунун тартиби боюнча “Чаек” муниципалдык ишканасынын төмөндө көрсөтүлгөн техникаларын оңдоого мүмкүн болбогондуктан
1) Волга ГАЗ 3102, мамлекеттик номери 0585NA, чыгарылган жылы 1988, оңдоого мүмкүн эмес, балансалык баасы-0;
2) ГАЗ-53, АТЗ-4,6, мамлекеттик номери S0433K, чыгарылган жылы 1985, оңдоого мүмкүн эмес, балансалык баасы-0;
3) ВАЗ-2121, мамлекеттик номери 495АС, чыгарылган жылы 1993, оңдоого мүмкүн эмес, балансалык баасы-17388;
4) МЕРСЕДЕС БЕНЦ седан, мамлекеттик номери 05KG139AC, чыгарылган жылы 1993, оңдоого мүмкүн эмес, балансалык баасы-0;
5) Эксковатор ЭО 2621, мамлекеттик номери 244TRTA, чыгарылган жылы 1984, оңдоого мүмкүн эмес, балансалык баасы-0;
6) Эксковатор ЭО 2621, чыгарылган жылы 1987;
7) ВАЗ-2107, мамлекеттик номери 0924NA, чыгарылган жылы 2008, ижектор, дөңгөлөк, аккумлятор;
8) Эксковатор RHINOS ROS, чыгарылган жылы 2018, мотор, коробка;
9) ЗИЛ ММЗ-554, мамлекеттик номери 19-40NA, чыгарылган жылы 1987, коробка, раздатка;
эсептен чыгаруу (списание) боюнча “Чаек” муниципалдык ишканасынын сунушуна макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго тапшырылсын.
Төрага | А. Муталиев |